Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

КАДЫРАЛЫ КОҢКОБАЕВ : ЭЛҮҮ ЖЫЛДА ДҮЙНӨДӨ ҮЧ МИҢ ТИЛ ЖОК БОЛГОН


Тилдин качан пайда болгонун, дүйнөдө канча тил бардыгын, аларды изилдөөнүн бүгүнкү абалын билиш үчүн кабарчыбыз таанымал түрколог, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тил институтунун директору, профессор Кадыраалы Конкобаевге кайрылган.

- Кадыраалы мырза, азыркы күнгө чейин дүйнөдөгү адам баласы биринчи сөздү качан айткандыгы аныкталбай, такталбай келе жатканын жакшы билесиз. Узак убактарга чейин адам мындан 100-150 жыл мурун сүйлөгөн деп айтылып келсе, акыркы кезде француз тилчи окумуштуулары адам мындан 300 миң жыл мурун сүйлөй башташкан деп жазып чыгышты. Сиздин оюңузча түрк тилдүү элдердин тили качан жаралган?

- Дүйнөдөгү тилдердин жаралышы жөнүндө ар кандай пикирлер бар. Алсак, 100-150 миң жыл мурун адам сүйлөй баштаган деген кептер бар. Түрк тилинин ошонун ичинде кыргыз тилинин жаралышы жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин бирдиктүү пикирлер жок. Менин жетекчим профессор Баскаковдун оюу боюнча түрк тилдеринин өзүнчө бөлүнүп чыгышы 7-8 миң жыл мурда пайда болгон деген божомолдоосу, бөлүштүрүүсү бар.

Ал эми түрк тилдүү элдердин ичинен жазма хронологиялык тарыхыбыз жок болгондуктан кыргыз тилинин канча кылымдан бери келе жатканы жөнүндө так маалымат жок. Бирок, түрк элдеринин ичинен төрт түрк элинин аты тарыхта белгилүү. Алар болжол менен 2200-2500 жылдан мурдакы кытайдын тарыхынын маалымдамаларында жазылып калган маалыматтар. Ошол маалымат боюнча биздин эрага чейинки 2001-жылы кыргыз этнониминин тарыхта аталышынын 2200 жылдыгы менен конгресс өткөргөнбүз.

Ошол маалымат боюнча кыргыздардын тарыхта “кыргыз” деген аттын аталышына чын эле 2200 жылдан ашты. Ал эми ошол кыргыздын жанында бүгүнкү түрк элдеринин ичинен богуз элинин аты аталат. Бирок, богуз элинин өзү жок. Бирок алардын тукумдары башка элдердин аты менен аталып калды. Ошолордун жанында теле. Азыр теле деген ат жок. Бирок, анын тукумдары да башка аттар менен сакталып калды. Андан мурдакылары илимде кун, хун деген эки ат менен белгилүү болуп жүргөн биздин бабаларыбыз түркчө, биздин тилибизде сүйлөгөн эл болгонун бүгүнкү түрколог окумуштуулар далилдеди.

Бул жагдайларды алып караганда биздин кыргызга түркчө сүйлөгөнүбүзгө мен ойлойм эң кеминде беш миң, андан дагы ары кете турган мүмкүнчүлүктөр бар.

- Кадыраалы мырза, дүйнөдө канча тил бардыгы жөнүндө ар кандай, алсак 4 миңден 7 миң, дүйнөлүк экинчи согуштан кийин жер шаарында 12 миңден ашык тил болгон деген маалыматтар айтылып келет. Деги азыркы күндө дүйнөдө канча тил бар?

- ЮНЕСКОнун эксперттеринин маалыматтарына караганда, мындан бир 50-60 жыл мурда 6500дөн ашык тил бар эле. 90-жылдардын башында ошол ЮНЕСКОнун эксперттери бүгүнкү күндөгү жашап аткан тилдерди эсептеп чыкса, алардын саны 3 жарым миңге түшүп калган. 50-60 жылдын ичинде кандайдыр 3 миң тил дүйнөдөн жок болуп кеткен. Демек, тилдердин жашоосундагы жагдайларга жараша тарыхта өзгөрүп турган. Бүгүнкү күндө да өзгөрөт деп ойлойм.

- Кадыраалы мырза, дүйнөгө толук таанылган тилдердин ичинен 4200 миңи аздыр-көптүр, ал эми 500гө жакыны ар тараптан иликтениптир. Түрк тилдүү элдердин тилдеринен изилдөө, ошонун ичинде кыргыз тилин иликтөө качан башталган.

- Дүйнө тилдерин иликтөө атам замандан эле башталган. Биздин тилди иликтөөнүн XI кылымда биздин Барскондо төрөлгөн Махмуд Кашкари түрк тилдеринин сөздүгүн жазган. Муну биз түркологиянын башаты десек болот. Ал эми андан дагы мурунку баш аты биздин түрк окумуштуулары түрк алфавитин, грамматикасын түзүп, Орхон-Энисей жазууларын жазган. Демек, мындан беш жүз жыл мурда кыргыз тили изилденген. Башка түрк тилдери да иликтенген десек болот.
XS
SM
MD
LG