Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Жүз жылда дүйнө тилдери эки эсеге азаят


Бүгүн - Эне тилдин эл аралык күнү. Илимпоз-лингвисттердин ырасташынча, азыр ар эки аптада бир тил өлөт же ал тил колдонулбай жок болот.

Минтип отурса, келерки жүз жылдыкта дүйнө тилдеринин саны эки эсеге азайып, 3 500 гана тил калат. Илимпоздор тилдин колдонуу чөйрөсүнүн тарышын жана жок болуусун ал тилди алып жүрүүчүлөрдүн санына, ошондой эле коомдук турмуштагы маанисинин төмөндөшүнө, натыйжада өкмөттүк колдоонун жетерлик болбой калышы менен байланыштырышат.

Дүйнөнүн жети миллиарддай калкы азыр ар башка 7 миңдей тилде сүйлөйт. Лингвисттердин айтымында, социалдык жагдай ыңгайлуу шартта бир миллион адам сүйлөгөн тил - саламаттыгы чың тил деп саналат. Бүгүн дүйнө калкынын 78 проценти 85 чоң тилде сүйлөйт. Ал эми 3 500дей тилде 8 250 миң адам сүйлөйт. Кытайдын мандарин тилинде 845 млн адам сүйлөсө, англис тилинде биринчи тили катары 328 млн адам сүйлөйт. Ал эми Орусиянын Сибирь бөлүгүндөгү тува тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 235 миң адам болсо, тофа тилин 30 гана киши пайдаланат. National Geographic журналы жазгандай, винту, силетз ди-ни же амурдак тилдеринде оюн эркин түшүндүргөн бир же эки гана адам калган.

100 жылдан кийин дүйнөдөгү тилдердин саны, окумуштуулар боолгогондой, эки эсе азайса, анда ондогон майда тилдер жок болуп, 3 500 чамалуу гана тил калат. Ошол эле учурда кытай, англис, орус, хинди, испан тилдеринде сүйлөгөндөр көбөйүүдө. Анын себебин америкалык лингвист Грег Андерсон алардын түрдүү тармактарда кеңири колдонулушу менен түшүндүрөт:

“Кытай, орус, англис тилдери - бул дүйнөлүк тилдер жана ар кандай адамдар ортосундагы байланышта колдонулат. Акыркы жыйырма жылда пайда болгон жаңы технология жаңы сөздөрдү жаратты. Жаңы технология башка майда тилдерге чоң тилдер аркылуу кирет. Ошон үчүн бул тилде сүйлөгөндөр өтө көп. Билим берүү, илим, соода, өндүрүштө жаңы сөздөр дал ушул сөздөр аркылуу кирип жатат. Ал эми жоголуп кетүү коркунучуна кабылган тилдерде сүйлөгөндөр азайып баратат. Алар билим берүү тармагында аз колдонулат, өкмөттөн аз колдоо алат. Колдоо болсо да тилди алып жүрүүчүлөр эне тилине көп кызыкпайт. Анткени алар үчүн азыркы глобалдашып бараткан коомдо баалуу жана келечектүү башка тилдер бар”.

Грег Андерсон англис тили бүгүн да 100 жыл мурдагыдай эле дүйнөдөгү маанилүү тил экенин, себеби бул эл аралык байланыштын, бизнестин, илим менен маалымат булагынын тили экенин кошумчалай кетти.

Ар он төрт күндө бир тил жок болуп баратканы менен жаңы сөздөр да тирүү организм сыяктуу эле балалап көбөйүп отурат. Алсак, Орусияда 1990-2000-жылдардын ортосунда 10 миңден ашуун жаңы сөз пайда болгонун Орусия илимдер академиясынын Лингвистика институтунун жаңы сөздөр бөлүмүнүн башчысы Буцева Таисия айтат:

- 1990-2000-жылдардын аралыгында орус тилинде 10 миңден ашык жаңы сөз пайда болду. Бул гезит-журнал сыяктуу мезгилдүү басма сөз булактарын издеп жатып табылган жана эл ичинде кеңири колдонулган сөздөр. Бул толук эмес. Сөздөр мезгилдүү басмада пайда болот. Ошол эле учурда маалымат булактарынан эл оозуна өтөт. Бул эки жактуу байланыш. Бул сөздөрдүн арасында тармактык сөздөр, үй тиричилигиндеги, чет тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөр да көп.

Буцева айымдын айтымында, он жылда орус тилинде пайда болгон жаңы сөздөр эки көлөмдүү китеп болуп чыгат. Акыркы жылдары ондогон жаңы сөздөр пайда болгон. Мисалы, Ё-мобиль - миллиардер Прохоров жасайм деген элдик автомобиль; Панк-молибен - Москвадагы чиркөөлөрдүн биринде бейбаштык кылган Pussy Riot (Пусси-Райот) панк-рок музыкалык группасынын концерти. Докхантеры - жолбун иттерге аңчылык кылгандар; Бэби-бокс - наристесинен баш тарткан жана жашыруун калууну каалаган эне баласын таштап кетчү жай; Еврогедон - Европадагы насыя кризиси; Гемоавтобус - донорлордун канын чогултуп жүрчү автоунаа; Вебинар - интернет аркылуу өткөрүлгөн семинар, жыйналыш. Булардан башка да геокешинг, геокешер, маткапитал, паркрайт, паркон, липовать жана башка ушул сыяктуу сөздөр пайда болгон. Ошентип ар бир жаңы көрүнүшкө эл жаңы сөздү жараткан.

Жаңы тилдер да пайда болуудабы? Бул суроого АКШлык илимпоз Грег Андерсон: “Жаңы тилдер пайда болууда. Мисалы, англис тилинин Сингапур диалекти, Индия диалекти. Алар Британия, Австралия, Америка, Жаңы Зелландия, Түштүк Африкадагы англис тилинен айырмаланып жана өзгөчөлөнүп турат. Келерки 200 жылда бул тилдердин негизинде англис тилинен түзүлүшү азыркыдан айырмаланган жаңы тилге айланышы мүмкүн”.

Кыргызстандык илимпоз-филолог Абджылдажан Акматалиев кыргыз тилине да чет тилден жаңы сөздөр кирип жатканын айтат: "Компьютерге, техникага, космоско байланыштуу аябай эле көп сөздөр кирүүдө”.

Илимпоз кыргыз тилинин соңку чыккан түшүндүрмө сөздүгү “Манас” эпосунан, кенже эпостор менен акындардын чыгармаларынан алынган көөнө сөздөр менен кеңейтилгенин, а мурда болсо сөздүк “Советтик Кыргызстан”, “Коммунист” сыяктуу мезгилдүү басмалардан алынганын баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG