Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Узаган апта ичиндеги илим жаңылыктары.

"Дөө динозаврдын" сөөгү табылды

Жер бетинде жүз миллиондогон жыл мурда жашаган эң чоң динозаврдын сөөгү Аргентинада табылганын Эгидион Ферулио атындагы палеонтология музейинен кабарлашты. Окумуштуулар мындай күтүүсүз кабардан кубанычтары койнуна батпай турганын жашырышкан жок. Илимге мурда белгисиз динозаврдын кашка жилигинин чоңдугуна карап туруп, илимпоздор аты белгисиз байыркы жаныбардын узундугу 40 метр жана бою 20 метрге жеткенин аныкташты. Бул динозаврдын салмагы болжол менен 77 тоннадан оор, же 14 пилдин салмагына барабар болгон.

Палеонтологдор бул байыркы жаныбар – Бор доорунда жашаган титанозавр тобунун мурда белгисиз түрү болушу мүмкүн экенин айтышууда. Бор доору – 171 миллион жыл мурда башталып, 65 миллион жыл мурда бүткөн. Аргентинанын Патагония аймагындагы дыйкан Ла-Флеча айылына жакын чөлдө динозаврдын калдыктарын кокустан таап алган. Бул жерге барып, окумуштуулар казуу иштерин жүргүзгөндө 150 чакты жакшы сакталган сөөктөр табылган.

Тиранозавр.

Тиранозавр.

Аргентиналык илимпоздор буга чейин мынчалык чоң жана көлөмдүү динозавр сөөгү табылган эмес деп илимий чөйрөнү ишендирүүдө. Аты коюла элек динозаврдын бою жети кабат үй менен тең болгон. Кыргызча айтканда "дөө динозавр" болжол менен 95–100 миллион жыл мурда Антарктикадан башка Жер бетинин бардык бөлүктөрүндө жашаган. Ал эми илимде Кыргызстандын аймагын динозаврлар 170–65 миллион жыл мурда байырлаган деп айтылып жүрөт.

Индеецтер жана палеоиндеецтер табышмагы

Байыркы дүйнө демекчи, илимпоздор Американын түпкүлүктүү калкы (индеецтер) палеоиндеецтерден тараган деген тыянакка келишти. Палеоиндеецтер – Америка чөлкөмүнүн биринчи тургундары. Бул тууралуу Science журналы кабарлады. Окумуштуулар кокустан эле Мексиканын Юкатан жарым аралынын жанындагы булуңда 12 миң жыл мурда жашаган, болжол менен 15–16 жаштагы кыздын сөөгүн таап алышкан. Дал ошол сөөктүн ДНКсы аркылуу генетиктер ушундай бүтүмгө келишти.

Палеоиндеецтер – Түндүк Америкага Сибирден Бериң кысыгы аркылуу 47 миң жыл мурда өтүп барышкан. Азыркы Бериң кысыгы мындан 20 миң жыл мурда кадимкидей кургак аймак болуп, Бериңгиа моюну деп аталган. Бериңгиа аркылуу көчүп барган палеоиндеецтер андан соң Түштүк Америкага жер которушкан. Ал эми түпкүлүктүү америкалыктар 13 миң жыл мурда Сибирден көчүшкөнү белгилүү.
Бериң кысыгы.

Бериң кысыгы.

Табылган сөөктөгү ДНК D1 гаплогруппасына таандык болуп чыкты. Американы байырлаган уруулардын гендери дал ушул гаплотопко кирет. Кыздын сөөгү Мексика булуңда миң метр тереңдиктен табылган.

Роботтордун "жыйыны"

Москвада "Роботтордун балы" аттуу Орусиянын тарыхында биринчи ирет роботтордун көргөзмө жыйыны башталды. 15-июнга чейин созулган көргөзмөдө коноктор 12 өлкөнүн роботтору менен тааныша алышат. Бул тууралуу уюштуруучу "Робофорум" кабарла

Москвадагы "Роботтордун балында" Титан аттуу робот элдин көңүлүн ачса, киши сымал Теспиан роботу кадимки адамдай өз эмоцияларын көрүүчүлөргө тартуулайт. Англиялык Теспиан роботунун көңүлү көтөрүңкү болсо, көрүүчүлөр менен баарлашып, алардын кылык-жоруктарын туурап берет. Теспиан күлүп, ыйлап, жада калса Уильям Шекспирдин соннеттерин окуп берет. Ал тургай бул робот британ премьери Дэвид Кэмерон жана немис канцлери Ангела Меркелдин сүймөнчүгүнө ээ болгон.

Солдо Геминоид роботу жана адам, Жапония.

Солдо Геминоид роботу жана адам, Жапония.

Жыйырмадан ашык акыркы үлгүдөгү роботтордун "жыйынында" Зеленоград шаарынан Александр Пушкинге окшош "Пушкин" аттуу антропоморфтук робот да бар. Орусиянын Илимдер фестивалынын алкагында өтүп жаткан "Роботтор балына" алгачкы үч күндө эле 1.5 миллион конок келген. Дүйнөдө Жапония менен Түштүк Корея эң роботтошкон өлкөлөр болуп саналат.



  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG