Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Президенттин төрт жылы


Кыргызстанда бир тарап К. Бакиев бийликтеги төрт жылда акылмандыгын көргөздү деп мактаса, каршы тарап үй-бүлөлүк башкарууну күчөттү деп сындайт.

2005-жылы элдик толкундоолордун негизинде бийлик алмашып, Орусияга кире качкан Аскар Акаевдин ордуна андагы оппозиция Курманбек Бакиевдин талапкерлигин сүрөп чыккан.

Унутта калган убадалар

Президенттикке аттанаар алдында Курманбек Бакиев эл алдында көптөгөн убадаларды берген. Алардын эң негизгиси - конституциялык реформа жүргүзүү, ал аркылуу мындан ары бийликтин бир колго топтолушун болтурбоо болчу.

Бирок К. Бакиев президенттик кызматына киришкенден аз өтпөй эле анын жан-жөкөрлөрү арасынан А. Акаевдин тушундагы эле баш мыйзам дурус экен деген сыяктуу сөздөр чыга баштады. Оппозиция, жарандык коом реформаларды талап кылып, он миңдеген адам катышкан митинг-пикеттердин кысымы алдында баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген учурлар болду.

Баш мыйзам айланасында талаш-тартыш тынчыбай, 2007-жылы кеч күздө президент жалпы элдик референдум аркылуу баш мыйзамдын өздүк редакциясын өткөрүп, парламентке өзү түзгөн “Ак жол” аттуу партияны алып келгенге жетишти.

Андан тышкары мамлекеттик маалымат каражаттарын коомдук кылуу, мурдагы президенттин өздүгүнө айланып кеткен деген мал-мүлктү мамлекетке кайтаруу деген сыяктуу бир катар убадалар да күчүн жоготту.

Президент болгонго чейин К. Бакиев “үй-бүлөмдү саясатка аралаштырбайм, аларга кызмат бербейм” деген сыяктуу убадаларды берип келген болсо, президент болгондон кийин анын айрым бир туугандары чоң кызматтарга отурушту. Аны президент өзү “Алардын бала-чакасын мен бакмак белем...” деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүргөн болду.

Белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, 2005-жылы К. Бакиев жогорудагыдай убадаларды революциялык эйфорияга алдырып, эргип кетип айтып алган. “Ошол себептүү сөз менен иштин ортосунда айырма чоң” дейт талдоочу:

2005-жылдын 25-марты. Бишкек. Борбордук аянт.


- Бул убадалардын бардыгы тең 24-мартта, революциялык кызуу кандуу сезимдерден, жүрөктүн эл үчүн деп дүкүлдөп согуп турган убагында чыккан. Сөз менен иштин ортосунда чоң айырма бар. Анткени сөз оңой айтылат, ал эми иш оор жасалат.

Ошондой эле Т. Какчекеевдин пикиринде, Бакиевдин төрт жылдык башкаруусу маалында олутту жылыштар да болду. Маселен, бюджет бул арада 3-4 эсеге чейин өсүп, Кыргызстандын келечеги боло турган ГЭСтерди куруу башталды.


Буюртма өлтүрүүлөр өскөн маал


К. Бакиевдин төрт жылдык башкаруусу убагында өлкө аймагында митинг-пикеттер, каршылык акциялары көп болду. Маал-маалы менен чоң кызматтарда отурган таанымал адамдарды, таасирлүү фигураларды өлтүрүп кетишкендиктери айтылып, күбүр-шыбырлар күчөдү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынчтыкбек Акматбаев, Санжар Кадыралиев түрдүүчө шарттарда киши колдуу болушту. Бул арада бийлик менен криминал коюн-колтук алышып кеткени көп айтылды. Бир курдай киши колдуу болгон депутат Тынчтыкбек Акматбаевдин бир тууган агасы Рысбек Акматбаев каршылык акциясын өткөрүп, жүздөгөн кишилери менен “ак үй” менен “көк үйдүн” алдына боз үй тигип отуруп алды. Айрым маалымат каражаттары Рысбек Акматбаевди бийликтегилер таарынтып коюшканын жазып чыгышты. Кийинчерээк ал да киши колдуу болду.

Эң эле соңку табышмактуу өлүм – мурда президенттин администрациясын башкарып турган белгилүү саясатчы Медет Садыркуловдун өлүмү болду.

Медет Садыркулов табышмактуу жагдайда каза болгон унаанын калдыгы.

Оппозициядагы саясатчылар жогорудагы буюртма өлтүрүүлөргө бийликтин тиешеси барлыгын айтып келишет. Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов президенттик шайлоо алдында, оппозициядагы бир катар лидерлердин көзүн тазалоо планы да иштелип чыкканын айткан.

Белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, К.Бакиевдин алгачкы төрт жылында өлкөдө авторитардык бийлик бекемделди. Бирок бийликти бекемдөө жолунда көптөгөн курмандыктар болду:

- Ушул төрт жылдын ичинде Орусия менен Казакстандыкына окшогон саясий башкаруу модели түзүлдү. Оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчылар камакка алынды. Сөз эркиндиги жаатында айта турган болсок, эркин гезиттер куугунтукка алынып, жабылып, журналисттердин бир тобу мамлекеттен чыгып кетүүгө аргасыз болушту. “Азыр кылмыш чөйрөсү менен бийлик бири-бири менен айкалышып иштеп калды” деп адистер айтып жүрүшөт. Ошентип айтканга негиз бар деп ойлойм. Себеби, канчалаган буюртма өлтүрүүлөр болуп атат, бирок алардын көбү ачылбаган бойдон калып атат.

Акаевдики деген байлык-мүлк азыр кимдики?

2005-жылы жазында оппозициялык маанайдагы гезиттер ошондогу президент Аскар Акаевге тиешелүү делген байлыктарды байма-бай жазып, жалпы кырктан ашуун өлкөдөгү кирешелүү ири ишканалар үй-бүлөгө таандык экенин жар салышкан.

А.Акаев өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон соң анын байлыктарын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жалпы 42 объект тизмеге түшкөн. Алардын арасында “Бител”, “Фонекс” уюлдук компаниялары, “Народный” дүкөндөрү, өлкөдөгү ири май куюучу тармактар, ири маалымат каражаттары, заводдор, банктар, ресторандар сыяктуу көптөгөн объекттер бар эле.

Кийин бул байлыктар К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн карамагына өткөнү айтылып, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров аларды билерин айтканы менен конкреттүү далилдерди ортого коё албады. Талдоочулардын пикиринде, кандай болгон күндө да мындай ири суммадагы байлыктар турган иштердин түбүнө жетүү мүмкүн эмес. Андыктан убагында аңыз болуп айтылган А.Акаевдин жомоктогудай байлыгын издөөдөн майнап чыкпайт дешет.

XS
SM
MD
LG