Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Эркектин организми алсыз келет


Кыргызстанда сасык тумоодон сактанган эркек.
Кыргызстанда сасык тумоодон сактанган эркек.

Ооз көңдөйү, мурун аркылуу жуккан сасык тумоо жана пневмония сыяктуу оорулар эркектин организминде аялдыкына караганда оор өтөт.

Медициналык Life Sciences журналында чыккан макалада Гарвард университетинин окумуштуулары эркектер аялдарга салыштырмалуу жаратылышынан иммундук системасы алсыз болору жарыяланды. Айрыкча ооз көңдөйү, мурун аркылуу жуккан сасык тумоо, грипп жана өпкө кагыны сыяктуу оорулар эркектин организминде аялдыкына караганда оор өтөт. Келемиштерге жүргүзүлгөн тажрыйбада ургаачы жана эркектерине бирдей гормон сайылып, пневмония бактериясы киргизилген. Профессор Лестер Козиктин айтымында, ургаачы келемиштин өпкөсү пневмониядан тез убакытта айыккан. Ал эми эркек келемиштин иммундук системасы катуураак жабыркагандыктан окумуштуулар ага кошумча гормон саюуга мажбур болушкан. Окумуштуулар бул изилдөө эми эркек жана аялдарды сасык тумоо, грипп жана пневмония сыяктуу оорулардан дарылоодо ар башка ыкма менен дарынын дозасын ченөөдө тактыкка жол ачып берет деген ишенимин айтышып, эркектердин иммунитети аялдардыкына караганда алсыз келерин билдиришти.

“Пил адам” операция болду

Бетинде 25 килограммдык рак шишиги бар адамга операция жасалганын кабарлайт Daily Mirror гезити. Кытайлык Хуанг Чунсай дүйнөдө мурда кездешпегендей өлчөмдөгү нейрофиброматоздик рак илдетине чалдыгып, бети эбегейсиз шишип кеткендиктен, дем алуусу кыйындап азап тартып жүргөн. Ага Кытайдагы Фюда ооруканасында төртүнчү ирет операция жасалды. 37 жаштагы Хуангга медиктер 30 жыл бою жардам бере алышкан эмес. 2007-жылдан бери догдурлар ага ар кыл ыкма менен операция жасашып, быйыл эң акыркысында 21 килограммдык масса бетинен алынды деп маалымдайт Daily Mirror.

Тырмакты чукубагыла!

Күн сайын тырмактарды жасалгалап, аны кырып, түбүн чукулай берүү манжалар менен колдун саламаттыгына олуттуу сокку урат дешет адистер. Британиянын Ноттингем университетинин окумуштуулары тырмакты күн сайын чукулап, ар түрдүү боёктор менен боёп, инфракызыл нурларга күйгүзө бергенден тырмактын кыйшаюусу, манжа учундагы эттердин эзилүүсүнөн тарта бүтүндөй тырмактын түшүп калуусуна чейин алып барарын эскертишкен. Бул багыттагы макала Physical Biology журналында жарык көрдү.

Сенегал эболадан кутулду

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Сенегалда эболанын жайылуусу токтогонун жарыялады. Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда бул өлкөнүн Дакар шаарында Гвинеяга каттаган жолдо бара жаткан бир жүргүнчүдөн эбола вирусу чыккан эле. Өлкө башчысы Мэкки Салл менен саламаттыкты сактоо министри Ова Колл Сек дароо тийиштүү чараларды көрүп, эбола чыккан адам менен байланыш курган 74 кишини карантинге жаткырышкан. Өлкөдө эбола вирусун түшүндүрүү иштери массалык түрдө жүргүзүлүп, анын алдын алууну маалымдоо кампаниясы болгон. 5-сентябрда эбола жуктурган кишинин лабораториялык анализдери таза чыгып, 18-сентябрда ал Гвинеяга кайтты деп кабарлайт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG