Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Латвия чет элдиктердин агымын чектемей болду


Ригадагы орус номери тагылган автоунаа, 26-август, 2013-жыл

Ригадагы орус номери тагылган автоунаа, 26-август, 2013-жыл

Евробиримдикке 2004-жылы кирген Латвия чет элдик инвесторлордун Шенген визасын алуу укугун чектөөнү пландап жатат.

Мурдагы советтик республика үч жыл мурда туруктуу жашоого уруксатты өлкөнүн экономикасына эң азы 71 миң евро салган чет өлкөлүктөргө бере баштаган. Латвия евро жүгүрткөн аймакка келерки жылы кошулат. Каржы каатчылыгынан улам, Латвиянын турак-жай жана курулуш секторлорун жандандыруу максатында бул программа 2010-жылы кабыл алынган. Бул программа аркылуу көбүнесе орусиялык, кытайлык, казакстандык анын ичинде кыргызстандык инвесторлор Латвиядан турак-жай сатып алып, аларга Шенген аймагынын бардык өлкөлөрүндө жашаганга уруксат берген укуктар ыйгарылган.

Премьер-министр Валдис Домбровскис сунуштаган долбоорго ылайык, Латвиянын экономикасы оңолгонуна байланыштуу бул программа токтотулат. Бирок өкмөт башчынын коалициясынын ичинде да бул программа ажырым жаратты. Айрымдары программаны токтотууга толугу менен каршы болсо, кээ бирлери бул талаштуу виза программасы Латвияга наалат алып келет деген дооматты карманууда.

Валдис Домбровскис

Валдис Домбровскис

Латвиянын улуттук валютасы - лат 2014-жылдын январынан баштап жүгүртүүдөн алынгандан кийин, чет элдик инвесторлорго Шенген визасын берүүгө чектөө киргизүү иретинде инвестордук визанын санына квота киргизилет. Ал квотанын алкагында, Экономика министрлиги сунуштагандай бир жылда болгону 900 чет элдикке гана инвестордук виза берилет. Бирок латыш парламенти Сеймдин айрым мүчөлөрү бул чечим өлкөнүн экономикасына доо келтирет дешти.

Кыргыз ишкерлерине да эпкин тийеби?

Акыркы маалыматтарга ылайык, бул программанын алкагында Латвия он чакты кыргызстандык жаранга инвестордук виза берген. Ал виза Шенген аймагына кирген бардык өлкөлөрдө жашоого укук берет. Эгер Латвия орус тилдүү мамлекет болгондо бул сан андан да көп болмок. Кээ бир кыргызстандыктар Латвияга барып, ал жакта ресторандар түйүнүн ачышкан.

Атын атагысы келбеген латыш расмийи “Азаттык” менен бул тууралуу мындайча ой бөлүштү.

– Латвияда жашоо үчүн сөзсүз түрдө латыш тилин билүү керек. Себеби бүт иш жүргүзүү латыш тилинде. Андан тышкары, англис тилин да билүү зарыл. Кыргызстандыктарды Латвияга туруктуу жашоого барууда дал ушул тил маселеси кармап турат. Мисалы, Орусия же Украина сыяктуу болсо, анда көп эле кыргызстандыктар эчак эле Латвияга көчүп бармак.

Латвиядан тышкары, АКШ, Австралия жана Канада сыяктуу мамлекеттер өлкөнүн эконмикасына ири өлчөмдө инвестиция салган чет элдиктерге туруктуу жашоо укугун ыйгарат. Бирок Латвияда бул программа көп талаш жаратты

Латвия, Рига.

Латвия, Рига.

Латвиянын бул программасын көбүнесе акчалуу орусиялык, кытайлык, украиналык, казакстандык жана башка мурдагы СССРдин жарандары пайдаланган. Алар Ригада жана Балтия деңизинин боюндагы Юрмала шаарында турак-жай сатып алуу аркылуу туруктуу жашоого уруксат алган.

Латвиядагы эң ири кыймылсыз мүлк агенттиги - “Арконун” жетекчиси Дзинтарс Берзиньш бул программаны заматта токтотуу өкмөт үчүн оңой эмес маселе экенин белгиледи.

– Менин оюмча, бул программаны токтотушпайт. Эмдиги жылы ал ишке ашпайт. Бул программаны токтотуу акылга сыйбаган ой. Себеби чет элдиктер бул жакка көптөгөн каражатты инвестициялап жатышат. Даана ошолордун акчасы экономиканы кыймылдатып жатат. Ал жакшы нерсе да!

Учурдагы эрежеге ылайык, Латвияда туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн бир эле күн жетиштүү. Мындайча айтканда, ал жакта туруктуу жашоо милдеттүү эмес.

Берзиньштын айтымында, бул программа Евробиримдикке кирбеген мамлекеттерден келген инвесторлор үчүн чоң пайда. Программанын арты менен Риганын жанындагы Юрмала шаарында көптөгөн курортторду курууга инвестиция тартылды.

– Деңиз боюндагы Юрмалада программанын алкагында виза алган инвесторлор учурда көп имараттарды салууда. Андан башкаларынын андай имарат курууга дарамети жок. Чет элдик инвесторлор көбүнесе абдан кымбат апартамент же вилла сатып алышат. Алар кышында майрамдарда же жайында болгону бир айга келет. Ашып кетсе жылына эки-үч жолу эле келет. Ошого байланыштуу чет элдик инвесторлор турак-жайларын ижарага беришет.

Шалабаеванын окуясы Латвияга көө жапты...

Латыш өкмөтү билдиргендей, программа ишке ашкандан бери 7000 инвесторго – басымдуу бөлүгү орусиялыктарга – Латвияда туруктуу жашоо уруксаты берилген. Тапшыргандардын 98% виза алышкан. Үч жыл ичинде бул программа өлкөнүн экономикасына 600 млн. евро киреше алып келген. “Делойтт” фирмасынын эсеби менен 2015-жылга чейин бул программа дагы 1.7 млрд. евро пайда алып келиши ыктымал.

Ригадагы айрым кыймылсыз мүлк агенттиктери чет элдиктер Латвия ыйгарган туруктуу жашоо уруксаты менен башка Шенген аймыгына кирген өлкөлөргө барып жашайт. Көбүнчө Италия жана Францияга көчүп кетишет.

Алма Шалабаева кызы Алуа менен

Алма Шалабаева кызы Алуа менен

Буга мисал катары учурда Францияда камалган казак банкири Мухтар Аблязовдун аялы – Алма Шалабаева. Казакстанга мажбурлап кайтарылганга чейин Шалабаева жана анын кызы Латвия берген виза менен Италиянын борбор шаары Римде жашаган.

Латвиянын Европа парламентиндеги депутаты Робертс Зиле Шалабаеванын окуясы Латвиянын намысына шек келтирет деди. Зиле премьер-министр Валдис Домбровскистин Улуттук альянсына кирген “Ата Мекен жана Эркиндик үчүн” консервативдүү кыймылын жетектейт. Зиле бул программаны токтотуу керек деп эсептейт.

Евродепутат Зиле бул программа 2010-жылы ишке киргенде экономикага көмөк көрсөткөн деди. Бирок учурда программа өзүнүн баркын кетирди. Себеби чет элдик инвесторлор Латвиядан акча которуунун шектүү жолдорун таап алышкан.

Акыркы жылдары Европа бийликтери расмий Риганы "Латвия акчанын изин жашыруу борборуна айланып баратат" деп сындап келүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG