Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Латвия орус тилине каршы


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Латвиядагы референдумдун жыйынтыгы ал өлкөдөгү элдин чыныгы мүдөөсүн чагылдырбайт деп билдирди.

18-февралдагы референдумда латвиялыктар орус тилине экинчи расмий тил деген макам берүү сунушун четке кагышты. Расмий санактарга караганда, шайлоочулардын 78 пайызы демилгеге каршы оюн билдиришти. Латвия калкынын үчтөн бир бөлүгүн орустар түзүшөт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө “жаран эмес” деген 319 миңдей орус тилдүүлөр добуш берүү укугунан ажыратылгандыктан, референдумдун жыйынтыгын адилет деп атоого болбойт деп айтылат.

Орус тилинин таламын талашкан “Эне тил” коому адегенде бул сунушту парламенттин кароосуна коюп, бирок эл өкүлдөрү аны четке кагышкан. Референдумдун жыйынтыгы да терс натыйжага алып келээри күн мурунтан эле айтылып келген.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн шайлоочулардын 50 пайызынан ашууну аны колдоого тийиш эле. Латвия жетекчилиги ачыктан ачык эле шайлоочуларды "жок" деп жооп берүүгө үндөп келишти.

Алардын бири премьер-министр Валдис Домбровскис референдумдун жыйынтыгы чыккандан кийин буларды айтты:

- Албетте мен каршы добуш бердим. Эң башынан эле бул маргиналдуу топтун демилгеси болчу жана коомубузду бириктирүүгө салым кошмок эмес. Добуш берүүнүн эң негизги жыйынтыгы – мындай аракеттерди алдын алуу.

Латвияда 2 миллиондой калктын үчтөн бир бөлүгүн орустар түзүшөт. Орус тилин жактагандардын айтымында, орус тилине расмий деген макам берүү дискриминацияга чекит коймокчу. Орус активисттеринин бири Юрис Салтыков:

- Орус тили расмий болуп калса, бул жактагы орустар өздөрүн жакшыраак сезип калышмак. Себеби орустар, кээ бирлер андайды каалашса да, Латвиядан жок болуп кетишпейт. Биз көппүз да, кайда кетебиз?

Настя Гужева деген ригалык добуш берүүчү этникалык орустар эне тилин коргоого тийиш деген оюн орто салды:

- Мен "ооба" деп жооп бердим. Бирок бул – мен латыш тилине каршымын дегенди туюндурбайт. Мен латышча жакшы сүйлөйм, жарандыгым бар. Орус мектебинде окугам. Латвиялыктарга эч кандай дооматым жок. Латвиянын соңку жылдары жүргүзүлүп жаткан саясатына карышылыгымды билдирдим.

Бирок сунушка каршы болгондор латыш тилин эгемендүүлүктүн белгиси катары мүнөздөшөт.

Дүйнөдө латышча 1,2 миллион киши сүйлөсө, орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 120 миллионго жетет. Баш калаанын туругуну Дзинтара Кангере:

- Эркиндик алган 20 жылдан кийин эне тилиме добуш беришим керек. Уят! Бирок баарыбыз добуш берүүгө тийишпиз. Ар бирибиз Латвияда бир эле тил – латыш тили бар экенин көргөзүшүбүз керек.

СССРдин жарандары өлкө ыдырагандан кийин Латвиянын жарандыгын автоматтык түрдө ала алган эмес. Алар арыз берип, тил сынагынан өтүшү керек.

Андай болбосо "жаран эмес" деген документке ээ болушат, же Орусия, Украина же башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууга мажбур болушат. Ушул тапта "жаран эмес" дегендердин саны 300 миңден көп кишини түзөт.

XS
SM
MD
LG