Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Латвия аза күтүүдө


Рига, дүкөндүн алды
Рига, дүкөндүн алды

Латвияда азык-түлүк дүкөнү кыйраганда каза болгон 52 кишини эскерип жатышат. Эскерүү үч күнгө созулмакчы.

Латвиянын президенти Андрис Берзиньш калкка кайрылуусунда соода борборундагы кырсыкты чоң трагедия деп атады: "Бул акыл жеткис трагедиялуу окуя, тилекке каршы, адамдардын өмүрүн алды".

Ригадагы чоң дүкөндөрдүн биринин чатыры 21-ноябрда кечке жуук эл көп чогулган маалда түшүп кеткен.

Риганын Өрт жана куткаруу кызматынын маалымат катчысы Виктория Сембеле дагы кыйроо болушу мүмкүн болгондуктан, куткаруу иштери татаалдашып жатканын билдирди.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, дүкөндүн үстүндө кышкы бакча салынып жаткан. Полиция 2011-жылы салынган супермаркеттин архитектуралык пландалышында же курулушунда мүчүлүштүктөр кеткен болушу мүмкүн экендигин айтууда.

Бул Латвия 1991-жылы көз карандысыздык алгандан кийинки эң каргашалуу кырсык болуп калды.
Ригада соода борбору кыйрап калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG