Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ПРОГРАММАСЫ ЖАНА ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ


Ирандын Батыш менен таймашуусу ядролук согушка алып келбейби деген кооптонуулар жок эмес, ошол эле убакта кырдаал Ирандын коңшуларындагы кырдаалга дестабилдештирүүчү таасир тийгизиши ажеп эмес. Азаттыктын Вашингтон бюросунда болгон ядролук куралды жайылтпоо эксперти мына ушундай пикирин билдирди. Анда Йозеф Чиринчионенин пикирине орун берсек.

Вашингтондогу эл аралык тынчтык боюнча Карнеги институтунун ядролук куралды таркатпоо бөлүмүнүн жетекчиси Чиринционенин айтымында, Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери карай, Кошмо Штаттарынан башка бир да өлкө ядролук куралды аны колдонуу үчүн чыгарган эмес. Адатта өлкөлөр ядролук курал аркылуу өз коопсуздугун бекемдеп, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги таасирин көтөрүү максатын көздөшөт. Мындан тышкары, бир да өлкө өзүнө баш ийбеген уюмга ядролук куралын бербейт, себеби бул анын өзүн оңкосунан салышы мүмкүн. Ошондуктан Чиринчионе Иран ядролук куралын террордук уюмдарга өткөрүп берээри күмөн деп эсептейт. Буга караганда, эгер Иран ядролук куралга ээ болсо, буга Сауд Арабия менен Түркиянын мамилеси кандай болоорун болжолдоо кыйын.

Ирандын суни араб атаандаштары Иранга ядролук курал аркылуу аскердик, дипломатиялык же саясий артыкчылыкка ээ болушуна жол бере алышпайт. Эгер Ирандын ядорлук куралы бар экендиги же аны жасап жаткандыгы бышыкталса, буга карата жооп көпкө күттүрбөйт. Башка өлкөлөр да өздөрүнүн ядролук мүмкүнчүлүктөрүн кайра карай башташаары турулуу.

Жакынкы Чыгышта саясий, аймактык жана улуттар аралык чырмалышкан проблемаларды эске алганда, кырдаал тез эле ядролук жолго түшүшү мүмкүн дейт Чиринчионе. Ал эми ядролук өлкөлөр көбөйсө, бул куралды таркатпоо тууралуу келишим толугу менен жокко чыкмакчы. Эгер Кошмо Штаттары Ирандын ядролук ишканаларын бомбаласа, абал андан бетер татаалдашат деп эсептейт адис. Анда эле Иран аймактык жана эл аралык коопсуздуктун таш-талканын чыгаруучу кадамдарга барат. Мисалы америкалык буталарга, Иракка же Израил сыяктуу АКШнын союздаштарына чабуул жасап, же мунай ташылуучу деңиз жолдорун бууп салышы мүмкүн. Иран мунай сатуудан баш тартышы да ыктымал.

Жакшы жери, Чиринчионенин айтымында, Кошмо Штаттары кырдаалды дипмломатиялык жол менен жөнгө салуунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана элек. Анын үстүнө, адистердин болжолунда, Иран ядролук куралда колдонулуучу уранды байыта ала турган чекке жеткенчекти, дагы 5-10 жыл убакыт бар.

XS
SM
MD
LG