Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

"Кызыл чырым" коому: Ливияда жарандык согуш от алды


Ливияда Муаммар Каддафинин режимине каршы чыккан көтөрүлүшчүлөр Рас Лануф шаарын "каддафичилерге" кайра алдырбоо үчүн салгылашууда. 2011-жылдын 10-марты. AFP.
Ливияда Муаммар Каддафинин режимине каршы чыккан көтөрүлүшчүлөр Рас Лануф шаарын "каддафичилерге" кайра алдырбоо үчүн салгылашууда. 2011-жылдын 10-марты. AFP.

Бейшембиде Эл аралык "Кызыл чырым" коому Ливияда атуулдук согуш күчөп баратканын билдирди. Франция Ливияда Каддафинин бийлигине каршы күрөшүп жаткан Өткөөл Элдик кеңешти өлкөдөгү мыйзамдуу бийлик деп тааныды.


Бейшембиде (10-мартта) кечинде Ливиянын мамлекеттик сыналгы каналы өлкө лидери Муаммар Каддафинин аскерлери Рас-Лануф шаарын козголоңчулардан бошотконун кабарлады.

Мунайды жүктөп жөнөтүүчү порттор жайгашкан маанилүү шаардан оппозиция шашылыш чыгып кетип жатканы көргөзүлдү.

Соңку күндөрү бул шаар Муаммар Каддафинин аскерлери тарабынан кеңири чабуулга алынган. Өткөн айда ливиялык оппозициячылар өлкөнүн чыгыш тарабындагы бир катар шаарларды өзүнө каратып алган эле.

Кырдаал курчуп, куралдуу эрегиш жарандык согушка айланганын 10-март күнү Эл аралык "Кызыл чырым" коомунун президенти Якуб Келленбергер эскертти.

Мен түшүнгөндөн Ливияда азыр эл аралык кийлигишүүсүз кадимки куралдуу чатак, туурасын айтканда, жарандык согуш жүрүп жатат”, - деди ал.

Ливиянын чыгыш тарабындагы Бенгази шаарын башкы ордосу кылып алган ливиялык оппозициячылардын чабармандары Франциянын президенти Николя Саркозиге улам каттап отуруп, бейшембиде расмий Париж Каддафиге каршы күрөшүп жаткан Элдик Кеңешти өлкөдөгү мыйзамдуу бийлик деп тааныды.

Франция ал түгүл Бенгазиге атайын элчисин жөнөтүп, ал жерди башкарып жаткан ливиялык оппозициячылардын элчисин кабыл алаарын жарыялады.

Дал ошол маалда Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жана НАТОнун коргоо министрлери чогулуп, Ливиядагы кырдаалга кийлигишүү жолдорун талкуулап башташты.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Ливиядагы жагдайга Арап Лигасы кийлигишип, өзүлөрүнүн саясий жана экономикалык келечеги үчүн күрөштө алдыга чыгып, европалыктар аларга колдоо көрсөтүп турушу керек деп басым жасады.

Ал тапта Муаммар Каддафиге баш ийген күчтөр оппозиция колундагы Рас Лануф шаарын күнү бою асмандан, деңизден, жерден чабуулга алышып, өрттөнгөн мунай танкерлеринен чыккан капкара түтүн асманды каптады.

Ливиянын бийликтери кара майдын аз гана бөлүгү сакталган танкерлер бутага алынды, андан 2 жарым миң эсе көп көлөмдөгү мунай кампаларда сакталган бойдон турат деп ишендиришти.

Кабарларга караганда, Каддафиге баш ийген аскер күчтөрү бейшембиде оппозиция көзөмөлдөгөн аз-Завиййа шаарын да чабуулга алышты.

Күчөтүлгөн чабуулдардан улам кабатырлана баштаган ливиялык оппозициячылар эл аралык коомчулукка жаңы кайрылуулар жөнөтүп, Ливиянын асманын “учууга тыюу салынган аймак” деп жарыялоого үндөштү.

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги талкууда мындай кадамды Франция менен Британия колдоп чыккан, АКШ болсо Түндүк Африка менен арап өлкөлөрү колдомоюнча андай чечим кабыл алуу туура эмес болуп калат деген пикирин айткан.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ливияга курал-жарак, аскердик техника сатууга, экспорттоого, жеткирүүгө тыюу салган жардыкка кол койду.

Бирикен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө өлкөлөрдүн бардыгы ушундай чечимди кабыл алуу тууралуу макулдашкан.

Ливияны 40 жылдан ашуун убактан бери башкарып келаткан Муаммар Каддафиге каршы демонстрациялар жана куралдуу кагылышуулар февралдын ортосунда башталган.

Андан бери оппозиция тарап өлкөнүн чыгышындагы бир катар шаарларды көзөмөлдөп, көтөрүлүшчүлөрдүн башкы ордосу Бенгази шаарында Өткөөл Элдик кеңеш түзгөн.

Анын жетекчилигине Ливиянын мурдагы юстиция (адилет) министри Абдел Жалил дайындалган.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, Ливиядагы кагылышууларда азыркыга дейре алты миңдей адам каза тапты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG