Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Баткен ооруканасында көз оорулар бөлүмү ачылат


Облустук бириккен оорукананын көз оорулар бөлүмү Кызыл жарым ай коому жана швейцариялык Кызыл чырым уюмдарынын демилгеси менен бүгүн ачылууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, көз ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча тиешелүү жабдыктарды Кызыл жарым ай коому берген.

Ушундай эле жабдуулар Кызыл-Кыя шаардык бейтапканасы үчүн да сатып алынат. Буга чейин офтальмология тармагындагы хирург, медайымдардын квалификациясы жогорулатылган.

Баткен облустук ооруканасында көз оорулар бөлүмү буга чейин жок болчу, жергиликтүү тургундар Бишкекке жана башка аймактарга барып дарыланып келген. Жакында көздү текшерип, оорулардын алдын алуу максатында "Оптика" бөлмөсү ачыла турганы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG