Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Украин чыгышында блокададан улам кырдаал курчуду


Донецк аймагындагы шахтерлер, 2014-жыл.
Донецк аймагындагы шахтерлер, 2014-жыл.

Өздөрүн Донецк жана Луганск элдик жумурияттары деп атап алышкан аймактардын бийликтери 1-марттан тарта алар көзөмөлдөгөн райондордогу украиналык ишканалдарга сырттан башкаруу киргизип жатышканын бышыкташты. Мындай кадам темир жолдорунун блокадасына жооп катары кабыл алынганы айтылды.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков алдынкы күнү Киев керек болсо блокаданы күч менен токтотууга тийиш деп билдирген. Блокада мындан бир айдай мурун украиналык ветеран аскерлер тарабынан киргизилген. Алар муну Донецк жана Луганск элдик жумурияттарынан мыйзамсыз жол менен ташылган аткезчиликке каршы күрөш менен түшүндүрүшкөн. Жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасста бир нече көмүр кендери, ири заводдор иштеп жатат жана украинанын юрисдикциясына кирет.

XS
SM
MD
LG