Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Каддафиге каршы чабуулду НАТО жетектейт


Аждабия шаарындагы козголоңчулар. 23-март, 2011-ж.
Аждабия шаарындагы козголоңчулар. 23-март, 2011-ж.

АКШ Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккуларына жетекчилик кылууну эми НАТОго өткөрүп бергени жатат.

Ал эми Каддафи болсо“душмандары” үстүнөн жеңишке жетишүүнү убада кылууда.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аскерий өнөктүктө НАТО “чечүүчү роль” ойноосу керектигин АКШ, Британия, Франциянын лидерлери аба соккулары урула башталганынын бешинчи күнү алдында барып макулдашты.

Коалициянын аба күчтөрүнүн Каддафиге каршы өнөктүгү башталгандан бери ага АКШ жетекчилик кылып келген эле. Бирок Ак үйдүн шейшембинин кечиндеги жарыясына караганда, президент Барак Обама Франция менен Британияны бул өнөктүктө эми АКШ эмес, НАТО чечүүчү роль ойноосу керектигине ынандыра алды. Обама өзү Сальвадордо иш сапары менен жүргөн жеринен аталган маселе боюнча буларды айтты:



- Биз Ливиянын элин коргоо боюнча аракеттерди колдоону улантабыз. Бирок биз муну жетектебейбиз. Андыктан, операциянын жүрүшүнө көзөмөлдү өткөрүп берүү боюнча мен айткан маселе чечилүүсү керек.

Барак Обама буга катар Муаммар Каддафи бийликтен кетмейинче өзү эли үчүн коркунуч туудура берерин эскертти. АКШ президенти белгилегендей, абадан жүргүзүлүп жаткан операцияга жетекчиликти Вашингтон НАТО боюнча өнөктөштөрүнө алдыдагы күндөрү өткөрүп берет.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, Барак Обама француз президенти Николь Саркози, британ премьер-министри Дэвид Камерон Ливиянын аба мейкиндигин БУУнун резолюциясында каралгандай, учууга болбой турган аймак катары кармоо үчүн НАТОнун командалык структуралары кандайча колдой алары боюнча планды француз президенти Никлдья Саркози, британ премьери Дэвид Камерон менен телефон сүйлөшүүсүндө талкуулаган.

Коалициянын "башкаруучу органы" түзүлөт

Бирок француз тышкы иштер министри Ален Жюпенин билдиргенине караганда, НАТО эл аралык коалициянын Ливиядагы операциясына “саясий жетекчилик” кылбайт. Түндүк атлантикалык альянстын бул операциядагы вазийпасы аскерий милдеттерди координациялоодо жатат. Француз дипломатиясынын башчысы белгилегендей, аба соккуларына катышып жаткан мамлекеттердин жана Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери “башкаруучу орган” түзүү үчүн алдыдагы күндөрү жыйын курат.

Бул аралыкта НАТО өз тарабынан Ливияга каршы курал эмбаргосунун сакталышын камсыздоону макулдашты. НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен мындай дейт:

- НАТО Ливияга каршы курал эмбаргосун сактоо боюнча операция баштоону чечти. Өнөктөштөрдүн баары ливиялык жарандарга каршы зордук-зомбулукту токтотуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык милдеттемелерин сактоого тийиш.

Курал эмбаргосунун сакталышын камсыздоо үчүн шаршембиден тарта Ливиянын жээктерин НАТОнун согуштук кемелери көзөмөлдөй баштайт.

"Исламга каршы крестүү жүрүш"

Ливия лидери Муаммар Каддафи болсо коалициялык күчтөрдүн абадан ага каршы жүрүп жаткан аскерий операциясына башкача мүнөздөмө берүүдө. Ал шейшембиде Триполидеги Баб-Азизия комплексинен аз сандагы жактоочулары алдында сүйлөгөн учурунда акыр-аягында жеңишке жетүүнү убада кылып, урушка “ислам армияларынын” баарын катышууга үндөдү:

- Бул крестүүлөрдүн жаңы жүрүшү, исламга каршы крестүү жүрүш. Ислам кайсыл жерде болбосун жашасын! Урушка ислам армияларынын баары катышат. Биз бул тарыхый кармашка катышабыз. Биз багынып бербейбиз. Бул адилетсиз агрессияга каршы бүткүл дүйнөдө демонстрациялар өтүүдө. Ливиянын улуу эли, сиздер азыр даңктуу сааттарды баштан кечирип жатасыздар!

Мурдараак Ливиянын бийликтери аскерий операция Улуттар уюму берген мандаттан ашып кеткенине нааразылык билдиришкен эле. Эми аскерий операцияны башкаруу вазийпасынын АКШдан НАТОго өтүп жатышына Түркия каршы чыгууда. Түндүк Атлантикалык альянстын бул жалгыз мусулман өлкөсү Ливияда Улуттар уюму гана гуманитардык миссияны аркалоосу керек деп эсептейт.

Аба соккуларына ичи чыкпаган өлкөлөр

Коалициянын аба соккуларын Кытай, Бразилия, Орусия да сынга алууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялаган резолюция колго салынганда, калыс калган бул үч өлкө ок атышууну токтоого чакырса, расмий Бээжин буга кошумча Ливияда күч колдонуу “жарандар арасындагы жоготууну жана гуманитардык кризисти күчөтүүсү мүмкүндүгүн” эскертти.

Батыш өлкөлөрүнүн согуштук учактары Ливиянын аймагына буга чейин 300дөн ашуун учуу жасады. Мындан сырткары кемелерден 160тан ашуун ракета атылды. Бутага Муаммар Каддафинин күчтөрү, абадан коргонуу обьектилери, деңиз базалары, аэропорттор алынууда.

Аба соккулары Каддафинин учактарынын абага көтөрүлүшүнө жол бербей, ал эми аскерлеринин козголоңчулардын башкы тыяныч бекетине айланган Бенгази шаарына чабуул жасашына жол берген жок. Бирок ошол эле учурда ансыз деле начар куралданган козголоңчулардын башаламан аракеттенүүсүн шарттады.

Шаршемби күнү Каддафинин күчтөрү менен козголоңчулар ортосундагы уруш Тунис менен чек арадагы Зинтан, борбор Триполинин түштүк-батыш тарабындагы Яфран шаарларында орун алганы кабарланды. Ал эми Каддафинин танктары аткылап жаткан Мисрата шаарынын тургундарынын айтымында, өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда калган бул шаарда бир нече күндөн бери ичүүчү суу жок, азык-түлүк түгөнүүдө, жаракат алгандарга медициналык жардам көргөзүлгөн жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG