Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин сайтына хакердик чабуул жасалды


Мекеме өкүлү Мария Захарова билдиргендей, учурда министрликтин адистери мунун артында ким турганын иликтеп жатышат. 21-октябрда CNN телеканалы белгилүү америкалык хакер Орусия тышкы иштер министрлигинин сайтын бузуп, АКШга карата кибер чабуулдарды токтотууга үндөгөн билдирүү калтырып кеткенин кабарлаган.

Хакер америкалык чоң сайттар жана сервистердин провайдерлерине жасалган чабуулдарга жооп иретинде мындай кадамга барганы айтылган. Американын борбордук чалгын башкармалыгы да бул боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүүдө. Октябрдын башында Кошмо Штаттар Орусияны Американын шайлоо алдындагы жараяндарына таасир этүү үчүн хакердик чабуулдарды жасоодо деп айыптап, Москва аны четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG