Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ливия - Араб ыңкылабы алмаштырган алгачкы режим


Адаватчылар Муаммар Каддафинин Баб ал-Азизия резиденциясындагы кулатылган айкелинин жанында турушат. Триполи. 23-август 2011
Адаватчылар Муаммар Каддафинин Баб ал-Азизия резиденциясындагы кулатылган айкелинин жанында турушат. Триполи. 23-август 2011

Муаммар Каддафинин режиминин бели сынып, кечээги тарыхка айлануусу бир күндүн, балким бир сааттын маселесине айланууда.

Андан кийин Каддафиге каршы оппозицияны бириктирген Улуттук өткөөл кеңеш бардык саясый күчтөрдүн тилин таап, өлкөнү жаңы багытка баштап кете алабы? Жаңы кырдаалда Ливияны кандай кыйынчылыктар күтүүдө? Бул суроолор серепчилерди жана эл аралык коомчулукту терең ойлонтууда.
Тунисте Зине ал-Абидин Бен Али жана Египетте Хосни Мубарак президенттиктен кулатылганы менен бийлик мурдакы боюнча сакталып калды.


Бени Али менен Мубарак курган режим

Муаммар Каддафи бийликтен ажырагандан кийин, Ливия быйыл январь-февраль айларында Араб дүйнөсүн силкинте баштаган элдик козголуштан бери режим алмашкан биринчи мамлекет болот. Анткени, Тунисте Зине ал-Абидин Бен Али жана Египетте Хосни Мубарак президенттиктен кулатылганы
Президент Хосни Мубарак(солдо) жана Муаммар Каддафи. Каир. 22-июнь 1996

менен бийлик мурдакы боюнча сакталып калды. Бул эки өлкөнү жетекке алган генералдар башкаруучу партиялар менен мурдакы президенттердин бийликтеги дос-туугандарынан четтей беришти. Бен Али жана Мубарак граждандык саясый элитаны ондогон жылдар башкарууга катыштырбай армия башындагы коопсуздук күчтөрүнө таянып, элди каалагандай башкарган. Ошон үчүн армия колдоонуну токтотор замат, береги экөө тактыны мажбур калтырышты.

Каддафи түптөгөн режим

Ливияда бийликти Каддафинин үй-бүлөсү жүргүзүп, армия башкарууга аралыштырылган жок. Андыктан, АКШнын “Stratfor” басылмасы баамдагандай, Каддафи оодарылган соң анын ордун шыр эле жаңы өкмөт ээлеп, жаңы мамлекет түзүлөт дегенди түшүндүрбөйт. Себеби, козголоңчулар өлкөнүн түрдүү бөлүгүнөн чыгышкан жана алардын ар бири саясый бийликтен өз үлүшүн алганга умтулушат. Өлкө чыгышындагы Бенгазиге жакын Брегеде согушкандар өздөрүн ынкылаптын авангарды деп эсептешет. Мисуртада бир нече ай бою Каддафинин армиясына каршы тургандар өздөрүн ынкылаптын кайбар жоокерлери деп билишет. Батыштагы Нафус тоолорун байырлаган берберлер Триполини алууда маанилүү ролду ойношсо, арап козголоңчулары “борборго биз биринчи кирдик” деп ырасташууда.
Ливиялык көтөрүлүшчүлөр Триполинин ортосундагы Жашыл аянтта( аны эрегишчилер Шейиттер аянты деп аташты) жеңишин майрамдашууда. 23-август

Чыгыштагы согушка ургаалдуу катышып, Бенгазинин коопсуздугун камсыздаган исламчылардын да өз дымагы бар. Ушундан келип, британдардын “ Independent” гезити “көтөрүлүшчүлөр майданда чет элдиктердин жардамы менен жетишкен жеңишти бардык партияларды ынандырып, туруктуу тынчтыкка айланта алабы?” деп суроо коет.

Ливиялык козголоңчулардын вазийпасы

Тынчтыкты камсыздоо Мустафа Жалил башындагы Ливиянын улуттук өткөөл кеңеши үчүн абдан маанилүү проблема. Муну Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон айым да 23-августта Брюсселде болгон пресс-конференцияда баса белгиледи:


Эрегишчилердин Улуттук өткөөл кеңешинин төрагасы Мустафа Абдел Жалил Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу(ал сүрөттө жок) менен Бенгазидеги пресс-конференцияда. 23-август.
- Коопсуздукту камсыздоодо биздин (Ливиянын убактылуу жетекчилигине) жардамдаша баштаганыбыз жана көмөктөшүүнү улантканыбыз аябай маанилүү. Элдин өлкөдө өздөрүн коопсуз сезгени болочоктун пайдубалы болот.

Антикаддафичил оппозиция Ливияны демократия жолуна салганга, элди бөлүп-жарып өгөйлөбөй, өлкөнүн бардык бөлүгүндө эркиндикти тегиз орнотконго аракеттенерин жана эр кандай ваакумга жол бербесин айтууда. А түгүл козголоңчулардын Лондондогу элчиси Махмуд Накуа өткөөл кеңештин атынан 22-август күнү мындай убаданы да берди.

Британиянын Ливиядагы мурдакы элчиси Ричард Далтон козголоңчулардын Ливияда демократия курууга толук потенциалы бар деп ишенет:

- Менимче, Ливияда Тунис менен Египеттегидей эле демократиянын келечеги жакшы. Ырас, бул жарян жеңил жана тез келе койбойт. Мында маданият, демократияга катышуунун маданияты, добуш берүү жана шайлоонун жыйынтыгын кабыл алуу, ага каршы жүрүп жаткан дебатты угуу маанилүү. Кандайдыр тополоңдор болот деп күтсөк болот.

Ал эми “Financial Times” гезити Ливиянын экономикасы мунай өнөр жайына байланганын, жаңы өкмөт бу тармакты колго алганды каалаганын жазат. А саясый жетекчилик болсо бийликти жана байлыкты Каддафинин ордун ээлеп жаткан атаандаш топторго бөлүштүрүп берет, деп боолгойт Лондондо чыкчу бул беделдүү гезит.

XS
SM
MD
LG