Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Янукович: Батыш Украинаны Орусияга таасир этүү үчүн колдонууда


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Батыш өлкөлөрү Украинанын аймагын Орусияга таасир этүү үчүн колдонууда. Бул тууралуу Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Ростов-на-Донудагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Украинанын ар кандай блоктордон тышкары турган макамы Европадагы туруктуулукту шарттап турган эле.

Янукович маалымат жыйынга чейин 2014-жылы Киевдеги антиөкмөттүк демонстрациянын катышуучуларына ок ачкан полициянын атайын тобунун мурдагы кызматкерлеринин иши боюнча видео-конференция аркылуу сурак берген. Кийинки сурак 28-ноябрда уланат.

Януковичтин Орусияга качышы менен аяктаган элдик толкундоолор маалында 100дөн көп киши каза болгон. Алардын 48и көзгө атаарлар тарабынан өлтүрүлгөн деп шектелүүдө. Украин бийлиги буйрукту экс-президент өзү берген деп айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG