Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

ӨКМ: атайын эсепке 8 млн 760 миң сомдон ашуун акча түштү


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 19-январь, саат 14:00гө карата 8 миллион 769 миң 968 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп төмөндө көрсөтүлгөн.

Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка түрдө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Алмаз Эргешов топтолгон акча үчүн жооптуу.

Банк эсеби
Банк эсеби

Эки күн ичинде Бишкекте элден 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулду. Кабыл алуу түйүндөрү иштеп жатат.

Андан тышкары, башка аймактарда жана Алматы шаарында да гумжардам түйүндөрү ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG