Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Сайф ал-Ислам ордолуу Триполиде, козголоңчулар да


Ливия лидери Муаммар Каддафинин уулу Сайф ал-Ислам Триполиде атасынын портрети менен жактоочулары жана журналисттердин ортосунда турат. 23-август.
Ливия лидери Муаммар Каддафинин уулу Сайф ал-Ислам Триполиде атасынын портрети менен жактоочулары жана журналисттердин ортосунда турат. 23-август.

Каддафинин уулу Сайф ал-Ислам бүгүн таңда Триполиде журналисттер менен кездешти. 22-августта козголоңчулар аны туткундалды деп жарыялаган эле.

Анын өлкө байтактында пайда болуусу Триполи үчүн согуш али бүтө элегин жана адватчылардын алдыда дагы кандуу айкаш болушу этимал экенинен кабар берет. НАТОнун жетекчилиги Ливиянын борбору адватчылардын колунда экенин айтууда.
Азыр түрдүү, көбүн эсе карама-каршылыктуу маалыматтар келүүдө. Ар тарап жеңиш биздики деп айтууда. Албетте, конфликтте тактык биринчи орунда турат.
полковник Р. Лавойе



Сайф ал-Ислам козголоңчулардын сөзүн калпка чыгарды

Сайф ал-Ислам Триполинин чет элдик журналисттер көп токтогон “Rixos” мейманканасына тарапкерлери түшкөн автомобилдердин коштоосунда келди. Муаммар Каддафинин уулу адватчыларды “келемиштер” деп атап, атасы тирүү жүргөнүн жана борбор калаа али өкмөттүн ээлигинде экенин белгиледи.


Ливиялык аялдар Триполинин көчөсүндө Каддафи жеңилгенин айтып кыйыкырып баратышат. 23-август

22-август күнү эрегишчилер Триполинин 95 проценти алардын колуна өткөнүн, ал-Исламды туткунга алышканын жар салган.

Ал-Ислам телекамералардын алдында сүйлөп, “аны колго түштү” деген НАТО жана Батыш өкмөттөрүнүн маалыматы “шоона эше албасына” өзгөчө токтолду:

- Биринчиден, мен бардык күбүр-шыбыр сөздөрдү жокко чыгарам. НАТО менен Батышта алдыңкы технологиясы бар жана алар бардык байланышты бууп муунтуп салышты. Алар Ливия элине “Ливияна” байланыш түйүнү аркылуу маалымат жөнөтүүдө деп ойлойм. Алар өкмөттүк телеканалды токтотту. Алар Ливияда баш аламандык менен коркунучту жайылтуу үчүн маалымат каражатын түзүп, электрондук согуш жүргүзүүдө.

Ал-Ислам дүйшөмбү күнү көтөрүшчүлөр Каддафинин Триполидеги резиденциясына кол салганда чоң жоготууларга кириптер болгонун кошумчалады. Маалыматтарга караганда, резиденцияны танктар жана башка оор техника менен куралданган аскерлер коргоодо.

Бүгүн Триполинин негизги бөлүгүн эрегишчилер көзөмөлдөп турганын НАТОнун өкүлү, полковник Роланд Лавойе шейшемби күнү “Би-Би-Сиге” берген интервьюда айтты:

- Ушу азыр Триполинин көпчүлүк бөлүгүндө антикаддафичил күчтөр үстөмдүк кылууда деп айтсак чын болот. Бирок биз азыр маанилүү өткөөл алдындагы аялдамада турганыбызды жадыбызда кармашыбыз керек. Азыр түрдүү, көбүн эсе карама-каршылыктуу маалыматтар келүүдө. Ар тарап жеңиш биздики деп айтууда. Албетте, конфликтте тактык биринчи орунда турат.

Соңку маалыматтарга караганда, Триполинин айрым бөлүгү, анын ичинде Каддафинин резиденциясы жайгашкан Баб ал-Азизия өкмөттүк күчтөрдүн колунда. Каддафиге ишенимдүү аскерлер эки ири шаарды -Ливиянын түштүгүндөгү Сабханы жана чыгыш жээктеги Сиртты кармап турганы айтылууда.

Поковник Муаммар Каддафи кайда?
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу(ортодо) ливиялык козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешине визит менен барды. Бенгази шаары. 23-август 2011

22-августта Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Луис Морено – Окампо да Сайф ал-Ислам камакка алынганын тастыктаган. Ал эми соттун өкүлү ал-Исламды Гаагага алып келүү жагы караштырылып жатканын билдирген. Ата-бала каддафилерди жана Ливиянын чалгындоо кызматынын ана башы Абдулла ас-Сануссини Гаагадагы сот февралда элдик ынкылап башталгандан бери көтөрүлүшчүлөрдү “бар каражаттарды колдонуп” кырдырган, бийликке каршы топтолгон элди аябай аттырып, адамгерчиликке каршы кылмыш жасаган деп эсептейт. Бул үчөө режимдин көптөгөн саясый каршылаштарын каматкан жана уруп-кыйнаткан деп да күнөөлөнүүдө.

Сайф ал-Исламдын шейшембинин таңында Триполиде пайда болуусу жана антикаддафичил күчтөрдүн түн ичинде калаанын айрым бөлүктөрүнөн сүрүлүүсү, борбор үчүн согуш али аягына чыга элек экенин шарданалайт.

Жашы жетимиштин кырына чендеп калган Муаммар Каддафинин дареги дайынсыз.

Ливиялык адватчылардын Вашингтондогу чабарманы Али Сулейман Аужалинин Си-Ен-Ен телеканалына айтышынча, Каддафи качып кеткен сыягы. Элчи ошол эле учурда Каддафи эмне жасарын айтып болбойт дейт:

- Каддафи кандай кадамга барарын боолгоо кыйын. Ал азыр ар нерсеге барат. Ал эмне үчүн бүгүнгө дейре Ливиянын элин кырууда? Ал согушта жеңем дейби? Жок. Бул өч алуу. Ал адамдарды өлтүрүүнү гана каалайт. Ал Ливиянын элине сабак бергиси келет. Ал өз элине каршы ар нерсени жасайт. Бирок анда аркетин жүзөгө ашырганга каражаты жана мейкиндиги жок.

Ливиялык козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин башчысы Мустафа Абдел Жалил 22-августта өлкөнү 42 жыл каалгандай калчаган полковник Каддафинин доору бүткөнүн билдирген. Бүгүнгө карай, Жалил башындагы кеңешти 32 өлкө тааныган. Анткен менен, 8-августта Жалили министрлер кабинетин таркатып жибергенден бери оппозицияда лидери бар, а өкмөтү жок.



Каддафинин уулу боштондукта
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

XS
SM
MD
LG