Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Базар-Коргондо Текебаевди колдогон митинг өтүүдө


Базар-Коргондогу митинг. 26-февраль, 2017-жыл.
Базар-Коргондогу митинг. 26-февраль, 2017-жыл.

Базар-Коргон айылындагы райондук акимчиликтин алдында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Анын катышуучулары бийликтен Текебаевди бошотууну талап кылышууда. Аны менен катар "атамекенчи" депутаттар Аида Саляновага, Алмамбет Шыкмаматовго карата саясий куугунтукту, КТРК баштаган мамлекеттик телеканалдар тарабынан бир беткей каралоону токтотуу талабын коюшту. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз акция баштала турганын "Ата Мекен" партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору Кубатбек Артыков "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Айтылган талап аткарылбаса, бүгүн саат 16:00дө Ош-Бишкек жолун тосууга чейин барабыз.

Артыков кошумчалагандай, Базар-Коргондогу митингге Текебаевдин 200дөй тарапкери катышууда.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда “Манас” аэропортунда Туркиядан келгенде кармалган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон ишти УКМК атайын уюштурду деп сыпаттады. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн болчу. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG