Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Ливия: Козголоңчулар өкмөтү борборго көчүүдө


Триполиде уруш басыла элек
Триполиде уруш басыла элек

Ливияда козголоңчулар өзүлөрүнүн саясий базасын чыгыштагы Бенгази шаарынан али уруш токтой элек борбор Триполиге которууда. Буга тушташ Улуттар уюмунда Ливиянын жаңы бийликтерине буга чейин тоңдурулган активдерден миллиондогон долларды бошотуп берүү маселеси макулдашылган.

Козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңеши кеңсесин чыгыштагы Бенгазиден көчүрө баштоосу менен жума күнү Триполиге анын мүчөлөрүнүн жарымы келген. Алардын бири, каржы министринин милдетин аркалап жаткан Али ал-Тархуни бүгүнкү окуяны тарыхый учур деп сыпаттады.

Бул окуяны утурлай Улуттар уюмунун расмий өкүлдөрү Нью-Йорктон жасаган жарыяга караганда, Ливиянын Коопсуздук кеңешинин санкциясы менен тоңдурулган активдеринин 1,5 миллиард доллары гуманитардык муктаждыктар үчүн ажыратылып берилет.

Улуттук өткөөл кеңеште премьер-министрдин милдетин аркалап жаткан Махмуд Жибрил жума күнү Стамбулда жүргөн жеринен буларды айтты:


- Биз алдыда убактылуу өкмөт түзөбүз. Ал өкмөттө баардык кызматтарды камсыздагыдай, элдин муктаждыгын канааттандыргыдай активдер болот. Элдин муктаждыгы узак убакытка, алты айга созулган азап чегүүдөн кийин сөзсүз канаатандырылышы керек.

Өз тарабынан Кошмо Штаттар да, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, “жаңы Ливияны” курууда жардам көргөзөт. Жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө АКШнын тышкы саясий мекемесинин башчысы Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешин “толеранттуу жана демократиялуу” өлкө куруу жөнүндөгү убадаларын орундоого, өлкөдөгү түрдүү тайпаларды болсо тынчтыкка үндөдү. АКШ Мамлекеттик катчысынын айтымында, жаңы Ливияда өч алууларга жана репрессияларга жол берилбөөсү керек.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жогорудагы билдирүүсү астында козголоңчулар тараптан да, Каддафиге жан тарткан аскерлер тараптан да колго түшкөндөргө катаал мамиле жасалып жатканы жөнүндө маалыматтар пайда болгон эле.

Эки тарапты тең камактагыларды кыйноого албоого, Эл аралык Мунапыс уюму, Улуттар уюму да үндөштү.

Триполи тынч эмес, Каддафинин кичи мекени үчүн уруш жүрүүдө

Бул аралыкта козголоңчулар алар төрт күн мурда ээлешкен борбор Триполиде көзөмөлдү күчөтүүгө умтулушууда.

Жума күнкү маалыматтарга караганда, козголоңчулар менен Каддафиге жантаркан күчтөр ортосунда Триполинин Абу Слим районунда атышуулар жүрдү. Триполиде азыр каршылык көрсөтүлүп жаткан очоктордон бир нечеси бар.

Триполиден тышкары уруш андан 360 чакырым чыгыштагы Сирт шаары үчүн да уруш жүрүүдө. Сирт – Муаммар Каддафинин туулуп өскөн шаары. Кабарларга караганда, козголоңчулар шаарга жакын артиллерияны жана танкттарды жайгаштырышкан. Козголоңчулардын айтымында, алар Сирт шаарына чабуул коюп, бирок катуу каршылыкка кабылышкан. Жума күнү Британиянын коргоо министрлиги билдиргендей, Сирт шаарындагы бункерге британ учактары жогорку тактыкта башкарылган ракета менен сокку урушкан.

Каддафи кайрадан үн катты

Триполи мындан төрт күн мурда ээленгенде качып кеткен, бирок кайда экени белгисиз Муаммар Каддафи бейшемби күнү да үн катты. Жергиликтүү телеканалдардын бири уктурган аудиокайрылуусунда ал мурдагыдай эле өлүмгө же жеңишке чейин күрөшөрүн ырастап, жактоочуларын да ушундай кадамга барууга чакырды:


Качып кеткенинен бери Каддафинин эки кайрылуусу уктурулду.
- Бул каршылык келесоо келемиштерге каршы багытталган. Кудай колдосо, биз аларды куралдуу күчтөрдүн, эркиндикке, суверенитетке, намыска жана даңкка карай күчтүү жана бекем эрктин жардамы менен жеңебиз. Алардан коркпой, Кудайдан корккула. Аларга караганда, Кудайга силер жакынсыңар. Алар динсиздер жана крестүүлөр.

Каддафи ошондой эле өз кайрылуусунда имамдар жаштарды жихадга чыгууга үндөш кректигин кошумчалаган. Каддафинин айткандарына борбор Триполиде жүргөн козголоңчулардын бири Рейтердин кабарчысы аркылуу жооп кайтарды:

- Каддафинин айтып жаткандарынын баары калп. Ал ливиялыктардын баарын өлтүрүүнү көздөөдө. Ошон үчүн, ливиялыктар бири-бирин өлтүрүшү үчүн ал курал сакталган кампалардын баарын ачууга буйрук берген. Ал баарын жоготту, өзүн да, элин да, эмнеси болсо баарын жоготту.

Каддафинин башы үчүн козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңеши 1,7 миллион АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык берилерин жарыялаган. Сыйлыкты бенгазилик бир ишкер төлөөгө макул болгон. Улуттук өткөөл кеңеш ага катар Каддафинин айланасынан кокус кимдир бирөө анын көзүн тазаласа же кармап берсе, мунапыс аларын да убада кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG