Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Ливия: Каддафинин шаары курчоодо


Козголоңчулар Сиртеден 160 чакырым чыгыштагы Рас Лануф шаарынын чыга беришиндеги жолдо, 27-август.
Козголоңчулар Сиртеден 160 чакырым чыгыштагы Рас Лануф шаарынын чыга беришиндеги жолдо, 27-август.

Ливияда козголоңчулар Каддафинин ата жайы - Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Сирте шаарын курчоого ала баштады.

Триполиде болсо Муаммар Каддафинин режими тарабынан жасалган оор кылмыштардын бети ачылууда.


Сирте үчүн салгылаш

Ливияда козголоңчулар бүгүн Муаммар Каддафинин кичи мекени болгон Сирте шаарынын жака-белине кирип келишти. Сирте үчүн согуш бүт өлкөнүн козголоңчулардын колуна өтүшүндөгү жыйынтыктоочу таймаш болуп калат деп күтүлүүдө.

Козголоңчулар өткөн аптада Триполиде Каддафинин куралдуу күчтөрүн жеңип алгандан бери Сирте калаасы Каддафини колдогон күчтөрдүн акыркы таянычы болуп турат. Ошол эле мезгилде, өлкөнүн батышында айыгышкан салгылаштар жүрүп жатат.

Козголоңчулардын кол башчысы Мухаммад ал-Фортия анын куралчандары Сиртеге батыш тараптан 30 чакырым жакындап келгендигин билдирсе, дагы бир оппозициячыл топ Сиртеден 100 чакырымдай чыгыштагы Бин Жавад шаарчасын басып алды.

Каддафинин кайда экендиги белгисиз. Бирок ал баш калаа Триполиден 360 чакырым чыгышта жайгашкан дал ушул Сирте шаарында жашырынып жаткан болушу ыктымал.

Өткөн күндөрү НАТОнун согуштук учактары Сиртени бомбалап, 50дөн ашык согуштук унааны, эки аскер турагын, армиянын кароол бекетин жана аскердик инженерлердин борборун жок кылган.


Абактардан он миңдей адам бошотулду


Каддафичил аскерлер сүрүлүп чыгарылган Триполиде журналисттер менен эл аралык укук коргоочу активисттер козголоң башталган жарым жылдан берки Каддафинин саясий атаандаштарына каршы зөөкүр кылмыштардын бетин ачкандыгын билдиришүүдө.

Хюман Райтс Уотч уюмунун айтымында, Триполиде өткөн аптада Каддафинин бир баласы кампада камалып турган ондогон туткунду атып өлтүрүп, кампа өрттөлүп салынгандыгына «ишенимдүү далил» бар.

Козголоңчулардын таяныч шаары болгон Бенгази шаарында оппозициячыл күчтөрдүн маалымат катчысы полковник Ахмед Омар Бани акыркы жумада түрмөлөрдөн 10 миңден ашык айыпкер бошотулганын, бирок дагы 50 миң кишинин дайынсыз экендигин билдирди.

Анын айтымында, бул айыпкерлер жер алдындагы жашыруун жайларга жеткирилген болушу мүмкүн. Эгер бул чын болсо, айыпкерлер же качып кете албай, жакын арада кырылып калышы ажеп эмес.

Ал эми убактылуу өкмөттүн акыйкаттык министри Мохаммед ал-Алаги 1988-жылдагы Шотландиянын үстүндө атып түшүрүлгөн учак боюнча кесилген ливиялык жаран экстрадицияланбай тургандыгын билдирди.

270 кишинин өлүмү үчүн айыпталган Абдел Басет ал-Меграхи сегиз жыл шотланд түрмөсүндө жатып, 2009-жылы саламаттыгына байланыштуу бошотулган эле.

Айрымдар аны Кошмо Штаттарында кайра соттоого чакырышууда. Бирок Алаги буга жол берилбей тургандыгын кесе айтты:

- Биз Ливиянын бир да жаранын Батыш өлкөсүнө чыгарып бере албайбыз. Абдел Бассет ал-Меграхи буга чейин бир ирет соттолгон, демек аны кайра соттоо мүмкүн эмес. Америкалык мамлекеттик уюмдардын талабы суу кечпейт. Ливиянын жарандарын Каддафи гана чет өлкөлөргө чыгарып берчү.

СНН сыналгысынын кабарчылары Меграхини апта соңунда Триполинин ооруканасында эс-учуна келе албай жаткандыгын, дары куюп гана аны тирүү кармап турушкандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG