Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Башкы прокуратура №37 абактын башчысына иш козгоду


Башкы прокуратура №37 абактын жетекчисинин пара менен кармалышына байланыштуу Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу, пара алуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

22-октябрда Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана Жаза аткаруу кызматтарынын өкүлдөрү №37 абактын жетекчисин пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Жетекчи М.Э. соттолуп, абакта жаткан кишиден беш миң сом жана эки дөңгөлөк алып жаткан учурда кармалганы, ал адамды мезгил-мезгили менен түрмөнүн сыртына чыгарып, кайра киргизгени үчүн жалпысынан 300 доллар пара алганы аныкталганы маалымдалган. Бул боюнча иликтөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG