Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Текебаевдин тарапкерлеринин митинги сот башталганда уланат


Ак үй алдындагы митинг, 27-февраль, 2017-жыл
Ак үй алдындагы митинг, 27-февраль, 2017-жыл

"Ата Мекен" партиясынын митингдери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу сот процесстери башталганда кайрадан уланат.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова бүгүн "Азаттыкка" билдиргендей, эртең, 2-мартта митинг болбойт деген чечим кабыл алынды. Мындай чечимге аба ырайы өзгөрүп, күн сууктай баштаганы да себеп болду.

Орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга шектелип кармалган Өмүрбек Текебаевдин камалышын анын тарапкерлери саясий куугунтук деп атоодо. Ал эми кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура жана тергөө жүргүзүп жаткан УКМК Текебаевдин күнөөсүн далилдеген материалдар бар экенин айтууда.

Текебаевдин тарапкерлеринин митинги ал камалган түнү, 26-февралда башталган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Анын адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG