Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Дэнон: Тилдин эрежесин балдар түзөт


С. Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы" сүрөтүнүн бийик кабаттуу үйгө тартылган көчүрмөсү жана бишкектик кыз.
С. Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы" сүрөтүнүн бийик кабаттуу үйгө тартылган көчүрмөсү жана бишкектик кыз.

Кайсы бир тилде жакшы сүйлөө үчүн сөзсүз ал тилдин эрежесин билүү керекпи? Тилди үйрөнүүдө ата-эненин жана мектептин таасири кандай? Жаңы сөздөрдү окумуштуулар түзөбү? Балдар да жаңы сөздөрдү жаратабы?

Бул суроолорго Израилдин Бар-Илан университетинин (Bar-Ilan University) Англис адабияты жана лингвистика факультетинин улук окутуучусу, доктор Габи Дэнон (Gabi Danon) жооп берет.

"Азаттык": Сиз лингвист катары сүйлөмдүн түзүлүшү - структурасынын негизинде тилдердин окшоштугун жана өзгөчөлүктөрүн изилдейт экенсиз. Сүйлөмдүн түзүлүшү аркылуу тилди кантип изилдөө мүмкүн экенин түшүндүрүп берсеңиз?

Доктор Габи Дэнон: Мен сүйлөмдүн түзүмүн, үлгүсүн, кайра-кайра кайталанчу сөздөрдү изилдейм. Бул жогорку билимдүү адамдын тили эмес. Бул ар бир эле адам сүйлөгөн сөз. Сиз эки жаштагы балдарга байкоо салсаңыз, алар бир сөздү утуру кайталаганын көрөсүз. Лингвистика - адамдар сөздөрдү кантип кураштырганын, аларды бир же башка жол менен бириктиргенде кандай маани берерин изилдеп аныктайт. Эң алды биз ар дайым жасап жүргөн ишти кылган кезде эмне кылып жатканыбызды ойлонбойбуз. Ал сыңары биз сүйлөйбүз, бирок сөздүн мазмунун ойлонбойбуз.

Билими жоктор эрежени түшүндүрө албайт, бирок билимдүү адамдай эле эреже менен сүйлөйт.

Лингвистика бүгүн бардык тилдерде бирдей айтылган сөздөрдү да иликтейт. Эгер сиз кайсы бир тилди карасаңыз өтө түшүнүксүз нерселерди көрөсүз. Дүйнөнүн башка бурчундагы тил да ошондой эле нерселерди жасайт. Мисалы, иврит жана англис тилдеринин бири- бирине байланышы жок, бирок эки тил тең окшош нерселерди жасайт.

"Азаттык": Балдардын сөзүнүн структурасы окшош болсо керек. Ал эми улуу курактагы кишилердин тили балдардыкынан бөлөк болот го деп ойлойм. Илимий-техникалык жактан өнүккөн Жапония, АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн элинин тили артта калган өлкөлөрдүн калкынын тилине салыштырганда алда канча конкреттүү болсо керек. Ушундайбы же мен жаңылышамбы?

Доктор Габи Дэнон: Мен антип ойлобойм. Ар бир тилдин структурасы бар. Адамдар билимсиз болсо да аларда тилдин эрежеси, системасы бар. Арабдар сөздөрдүн иретин кандай алмаштырганын, сүйлөмдү кандай жасаса болуп, эмне жасаса болбосун билүү үчүн өтө билимдүү арабдардын сүйлөгөнүн билимсиз арабдардын сүйлөгөнү менен салыштырып көрдүк. Алар окшош эрежени колдонушкан. Билими жоктор эрежени түшүндүрө албайт, бирок билимдүү адамдай эле эреже менен сүйлөйт.

Балдар сүйлөп жатып, кээде жаңылыштык кетирсе, бул нормадан тыш учур болот. Бала сүйлөй баштаганда эрежени билет. Ырас, кээ бир тилдерде нормага сыйбаган учурлар көп болушу ыктымал. Адам кантип жазганды билбесе да, коомдо тилдин эрежеси болот. Демейде тилди маданият, билим берүү аркылуу үйрөнүү керек деп ойлошот. Бала тилди көбүнесе мектептен эмес, өз алдынча сүйлөп жатып үйрөнүшөт.

"Азаттык": Эмне мектепте туура жазганды гана үйрөнөбү?

Доктор Габи Дэнон: Ооба. Кээ учурда алар үйрөнгөн эреже эски эреже болот. Жаңы эрежелерди балдар түзөт. Алар тилди жаңылап алмаштырат, өз эрежелерин жаратат. Балким мугалим туура эмес деген сөздөрдү 15 жылдан кийин көпчүлүк бул туура деп айтып калат. Кары адамдар азыркы жаш муундан бөлөк тилде сүйлөшөт. Жаштардын карылар туура эмес деген сөздөрү болочокто туура болуп калышы мүмкүн.

Жаңы эрежелерди балдар түзөт. Алар тилди жаңылап алмаштырат, өз эрежелерин жаратат. Балким мугалим туура эмес деген сөздөрдү 15 жылдан кийин көпчүлүк бул туура деп айтып калат.

Балдар, атүгүл билимдүү адамдар үчүн структурасы, эрежеси бар тилге караганда структурасы, эрежеси жок тилди үйрөнүү татаал. Биз ал жөнүндө ойлонбогонубуз менен ар бир тилде өз эрежеси бар. Биз өз эрежебизди жасап алабыз. Себеби тилди ар бир тетиги иштеп турган машинедей болуп, сөздүн түзүлүшү логикалуу болгонун каалайбыз. Адам жумушту баштагандан мурда инженер сыңары машине кандай иштегенин билгиси келет. Ал роботтун иштөө принцибин инженердей билбейт, бирок аны пайдалана берет. Тил да ошол робот сыяктуу. Биз эмне үчүн минтип сүйлөп жатканыбызды түшүндүрө албаганыбыз менен тилди биз пайдалана алабыз.

"Азаттык": Лингвистика негизинен теориялык илим. Анын жемиши турмушта кандай колдонулат?

Доктор Габи Дэнон: Менин изилдөөм негизинен теория менен байланыштуу. Бирок лингвистикалык изилдөөлөрдүн практикалык мааниси зор.

Биринчиден, эгер тилден проблемасы бар (жазуудан, окуудан, сүйлөөдөн кыйналган дилексиялык проблемасы бар) чоң адамдар менен балдарды карасаңыз, мээсинде доосу барлар сүйлөмдү түшүнбөйт же кээ бир нерселерди айта албашы мүмкүн. Аларды дарылоо керек жана аларга тилди үйрөтчү терапевт керек. Биздин университет терапевттер начар сүйлөгөн адамдарды жакшы түшүнүүсү жана дарылоосу үчүн аларга лингвистиканы окутабыз. Адис баланын реалдуу проблемасын билет, эгер ал өзү курактагылардай сүйлөй албаса, ата-энеси эки тилде сүйлөгөн үй-бүлөдө баланын сүйлөө проблемасы бар же жок экенин адис-лингвист болбосо кантип билесиз?

Балдар сөздү айтканды билбейт, бирок сөздүн түзүлүшүн ажыратышат, түшүнүшөт. Бул кайсы бир тилди көп уксаң, сага эч ким үйрөн деп айтпаса дагы аны үйрөнөсүң деген кеп да.

Экинчиден, компьютер дүйнөсүндө, компьютердик колдонмолордо, бир тилден экинчи тилге которуу же маалымат издөө үчүн көпчүлүк компьютерлер сөздү алып, аны анализдегенге аракет кылышат. Мен кандидаттык ишин жазып жүргөндөргө жана компьютердик илимдерди окуган студенттерге ар жылы лингвистика менен синтаксисти окутам.

"Азаттык": Тилди үйрөнүүдө жана сүйлөөдө мектептин жана үй-бүлөнүн таасири кандай? Сөздүн структурасы негизинен мектепте калыптанабы?

Доктор Габи Дэнон: Маанилүү структуралар бир гана мектепте калыптанбайт; адамдар менен сүйлөшүүдөн, сөздү укканда калыптанат. Бала ата-энесинин сүйлөшкөнүн угуп чоңойгону жакшы. Анткени структура мектепке барбай жана окубай эле калыптанат. Ал үчүн ата-эне сөзсүз эле билимдүү да болушу керек эмес. Кээ учурларда ата-энеси бир тилде, баланы караган адам башка тилде сүйлөйт. Бирок ошол адамдын тили баланын ал тилде сүйлөп калганына жетиштүү болот. Себеби, балага тилди уккан эле жетиштүү.

Бир нече айлык бала сүйлөбөйт. Бирок алар тилди тааныганды үйрөнөт. Алар ойноп жатып, мурда укпаган чоочун тилди укса, бөлөкчө реакция кылганы эксперименталдык түрдө аныкталган. Алар тилди сүйлөгөндөн мурда ажырата баштайт. Баланын сүйлөм түзүүнүн эрежесин, сүйлөм түзүү үлгүсүн үйрөнүп, тааныганы сөздү тааныган жана уккан машинага окшош. Балдар сөздү айтканды билбейт, бирок сөздүн түзүлүшүн ажыратышат, түшүнүшөт. Бул кайсы бир тилди көп уксаң, сага эч ким үйрөн деп айтпаса дагы аны үйрөнөсүң деген кеп да.

"Азаттык": Тил акырындап алмашып турганы белгилүү. Тилди ким өзгөртөт?

Доктор Габи Дэнон: Тил алмашып турат. Бирок анын да өз эрежеси бар. Мен өз балдарымдын сүйлөгөнүн угуп отуруп, алар кээде жаңылыштык кетиргенин байкадым. Бул өзгөчө ката. Себеби алар жаңы эрежени түзүшөт. Алар түзгөн эреже катабы же туурабы - бул тилдин эмес коомдун маселеси. Эмне туура, эмне туура эмесин коом өзү чечет. Эгер эрежеге таянып, балдардын сөзүн тыңшачу болсок, бул да логикалуу, тиги да логикалуу деп айта аласын. Анткени тилдин маданияты өзгөрөт, эреже да ага ылайык өзгөрүш керек.

"Азаттык": Доктор Дэнон, маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG