Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Орусия: соода согушу Литвага жетти


Москва дүкөндөрүндөгү Литвадан келген быштак, 7-сентябрь, 2013-жыл
Москва дүкөндөрүндөгү Литвадан келген быштак, 7-сентябрь, 2013-жыл

Орусия Литвадан сүт азыктарын импорттону токтотту. Буга чейин Орусия Украинанын кондитердик азыктарын, молдован шарабын киргизүүгө тыюу салган.

Москванын Евробиримдикте төрагалык кылган өлкөгө карата мындай чарасын көптөр келерки айга мерчемделген саммит менен байланыштырып жатышат.

Литвадан сүт азыктарын импорттоого тыюу салынганын адаттагыдай эле “Ростпотребнадзор” агенттиги жарыялады.

Бул мекеменин башчысы Геннадий Онищенко Москвадагы басма сөз жыйында ырастагандай, импортко тыюу салуунун башкы жүйөөсү литвалык өндүрүштөгү продукциянын сапатынан улам чыккан тынчыздануулар:

Геннадий Онищенко
Геннадий Онищенко
- Биз ачыткыны, грибокту көргөзүлгөн нормадан жогорку өлчөмдө таптык. Ичеги - карын бактерияларын таптык. Ал эмне экенин силер билесиңер да. Маселен, алар литвалык өндүрүштөгү быштакты табигый продукт деп көргөзүшүүдө, ошол эле учурда Е 202 кошулмасы, лимон кислотасы бардыгын да жазып коюп жатышат. Табигый продукт тууралуу айтканда, бул такыр шайкеш келбей турган нерсе.

Орусиянын башкы санитардык дарыгери тиешелүү мекемелерге Литвада өндүрүлгөн сүт азыктарынын Орусия базарына киришин толугу менен токтотуу боюнча документтер жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Литвадан өлкө президенти Даля Грибаускайте жаңылыкты комментарийлеп, расмий Вильнюс түзүлгөн кырдаал боюнча Дүйнөлүк Соода уюмуна кайрылуусу керектигин белгиледи. Анын айтымында, Орусия менен соода жүгүртүүдө чыккан маселелерди чечүү өкмөт үчүн чоң сыноо болот.

Орусиянын кадамын көптөр Евробиримдиктин учурдагы төрагасы жана келерки айдагы саммитке даярдык көрүп жаткан Литвага кысым көргөзүүнүн аргасы катары кабылдашууда. Анткени, Литвадагы саммитте эски совет аймагынын кеминде эки өлкөсүнө Еврошаркет тарабынан тыгыз экономикалык кызматташтык сунуш кылынат деп күтүлүүдө.

Литва менен Орусиянын чек арасы
Литва менен Орусиянын чек арасы
Еврокомиссиянын расмий өкүлү Фредерик Винсент Брюсселдеги басма сөз жыйында, Орусиянын Дүйнөлүк Соода уюму алдындагы милдеттемелерин эскертип, буларга токтолду:

- Орусия Еврошаркеттин продукциясына тыюу салган учурларга биз мурда да күбө болгонбуз. Биз дагы бир жолу айтып коюшубуз керек, азык–түлүк коопсуздугуна келгенде Еврошаркеттин системасы дүйнөдө эң катаал. Кээ бир учурларда биздин продукциялардын коопсуздугу Орусия ойлогондон башкача чыгышы мүмкүн. Бирок кайрадан айтып кетейин, биз муну алар менен тезирээк талкуулап, кырдаалга аныктык, тактык киргизүүбүз абзел.

Келерки айда Еврошаркеттин Чыгыш өнөктөштүгү программасына кирген өлкөлөр үчүн өтүүчү саммитин утурлай Орусия Украина менен Молдовага соода кысымын буга чейин эле баштаган. Себеби, дал ушул мамлекеттер Еврошаркет менен ассоциация жана эркин соода келишимин алабыз деп үмүттөнүүдө.

Молдованын виносу таза эместигин жүйөө тартып, Москва аны импорттоого өткөн айда тыюу салса, августа Украинанын шоколадына мораторий киргизилген. Ал эми литвалык өндүрүштөгү продукцияларга бажы көзөмөлү өткөн айда эле күчөтүлгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG