Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Ливиядан карама-каршы кабарлар келүүдө


Триполиден 50 чакырым батыштагы Завия шаарынан бир көрүнүш. 5-март 2011-жыл.
Триполиден 50 чакырым батыштагы Завия шаарынан бир көрүнүш. 5-март 2011-жыл.
Ошол эле учурда Муаммар Каддафинин өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдүн колундагы шаарлар, анын ичинде өлкө ортолугундагы Рас Лануф шаары козголоңчулардан бошотулганын жарыя кылды.

Мындай маалыматты оппозиция, жергиликтүү тургундар жана көз карандысыз булактар калпка чыгарышууда.


Раз Лануф кимдин колунда?
Муаммар Кадафинин тарапкерлери. Триполинин четиндеги Тажура шаарчасы. 6-март 2011


6-мартта Ливиянын байтакты шаары Триполинин калкы автоматтык курлдардын тарсылдаган үндөрүнөн ойгонушту.

Муаммар Каддафинин резиденциясына чукул жерде дагы октун үнү жаңырып жатты.

Ырасмий жетекчиликтин билдиришинче, Каддафинин тарапкерлери Раз Лануф шаарын өкмөттүк күчтөрдүн кайра алганын майрамдап, асманга автоматтык куралдардан ок атышкан.

Раз Лануф Ливиянын ортолугундагы мунай терминалдуу маанилүү порт.

Ал эми оппозициянын ырасташынча, стратегиялык шаар дагы эле алардын ээлигинде.

- Революциячыл күчтөр Ливиянын элине жасаган билдирүүсүндө бошотулган аймактар дале өз көзөмөлүндө экенин тастыктайт. Каддафичил сыналгы каналдардын маалыматы жалган. Аймак биздин ээлигибизде экенин силер - журналисттер тастыктадыңар. Биз бошотулган аймактарды толук көзөмөл кылып жатабыз. Бизге караштуу бул аймактан бизди эч ким чыгара албайт. Андай кеп-сөздөр калп, - деп билдирди козголоңчулардын өкүлү Ваниф Бу Ханада жекшемби күнү (6-мартта).

Көз карандысыз маалымат булактары Рас Лануфтун көпчүлүк бөлүгү козголоңчулардын колунда экенин кабарлашууда.

Кабарларга караганда, жекшемби күнү Рас Лануфка босоголош Бин Жавад шаарчасында катуу согуш жүрүүдө.

Мунай иштетүүчү комплекстин жанына эки ракета түшкөнү кабарланды.

Анти-каддафичил көтөрүлүшчүлөр Баин Жавад шаарчасында бекем орношуп, андан ары Каддафинин таянычы эсептелген Сирте шаарына каршы жылууну мерчемдешүүдө.

Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигинин кабарчылары Ливиянын учактары 6-мартта Сирте шаарынын четиндеги козголоңчулардын өңүттөрүнө ракетадан кайра-кайра сокку урганын көрүшкөн.

Козголоңчулар. Рас Лануф шаары. 6-март 2011
6-мартта саар менен Ливиянын мамлекеттик сыналгы каналы Каддафиге ишенимдүү күчтөр Жер Ортолук деңиз боюндагы Завия жана Мисрата шаарларын козголоңчулардан бошотконун, ошондой эле Бенгази шаарынын бир кайлы бөлүгүн оппозициядан (адаватчылардан) тазалаганын маалымдады.

Өлкө чыгышындагы Бенгази шаары - полковник Муаммар Каддафинин 42 жылдык башкаруусуна каршы көтөрүлгөн адаватчылардын очогу.

Өкмөттүк күчтөрдүн ийгилиги жөнүндөгү жогорудагы маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Индус качкын: Чек арада абал кыйын

Ливиянын Тунис жак чек арасына топтолгон тышкы мигранттарды куткаруу боюнча кызуу аракеттер көрүлүп жатканына карабай, жагдай оор.

Ишемби күнү Дубай аркылуу Калкуттага келген Батыш бенгалдык жумушчу Жаянта Банержи Тунис-Ливия чек арасындагы абал тууралуу мындай дейт:

- Ал жакта жагдай өтө жакшы эмес. Согуш жүрүүдө. Балким согушту токтотууга мүмкүн болоор.

Тунис өкмөтүнүн маалымдашынча, 20-февралдан бери Ливиядан Туниске 100 миңдей мигрант өткөн.

Ишемби күнү (5-мартта) Ливиянын коңшулары Тунис, Египет, Алжир, ошондой эле Франция менен Италия бул өлкөдөн качкан мигранттарды кабыл алуу жана журтуна кайтаруу боюнча бир катар чараларды кабыл алды.

Муаммар Каддафи француздардын “Le Journal du Dimanche” басылмасына курган маекте өлкөдөн эч жакка кетпесин, эгер ал Ливияны калтырып кетсе, өлкө ал-Кайида сыяктуу террорчу уюмдардын уюгуна айланарын эскертип айтты.

XS
SM
MD
LG