Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ливия: Кырдаал жана гуманитардык кризис


Бангладештик мигранттар Ливия менен Тунистин чек арасында унаа күтүшүүдө. 4-март, 2011
Бангладештик мигранттар Ливия менен Тунистин чек арасында унаа күтүшүүдө. 4-март, 2011

Президент Барак Обама 40 жылдан ашуун Ливияны башкарган Муаммар Каддафини токтоосуз “бийликтен кетүүгө” жана жарандарга каршы зобун-зордукту токтотууга чакырды.

Ошондой эле АКШнын аскерий учактарына Ливиядан качкан египеттиктерди мекенине ташууга колдонууга уруксат берди.

Бүгүн (4-мартта) Каддафиге ишенимдүү күчтөр эрегишчилердин колундагы Аждабия жана Брега шаарларына кайрадан абадан сокку урду. Ливия менен Тунистин чек арасына топтолгон качкындарды эл аралык авиакаттамдар ташып чыгууга киришти.

Обама: Каддафи башкаруу укугун жоготту
Муаммар Каддафи жана Барак Обама Чоң Жетинин Италиядагы саммити учурунда. 9-июль, 2009

АКШ президенти Барак Обама “Ливиянын элине каршы зобун-зордук” дүйнө элинин кыжаалатка салганын билдирип, Муаммар Каддафинин бийликтен кетүүсүн өтө чечкиндүү талап кылды.

- Биз түз айтабыз: зобун-зордук токтотулуш керек, Муаммар Каддафи өлкөнү башкаруу укугун жоготту жана бийликтен кетүүгө тийиш. Ливия элине каршы күч колдонгондор жоопкерчиликке тартылат. Ливия элинин эркиндикке, демократияга жана сый-урматка болгон умтулуусу аткарылыш керек.

Мындай билдирүүнү Барак Обама 3-мартта Вашингтондо Мексиканын президенти Фелип Калдерон менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында жасады. Ал АКШнын аскерий учактары Ливиядагы тополоңдон качып, Тунистин чек арасына чогулган египеттик мигранттарды мекенине ташый турганын да жарыя кылды.

Соңку маалыматтар боюнча, Ливиядагы кандуу булоондон качкандардын саны 200 миңден ашып кетти. Алардын көпчүлүгү чет элдик жумушчулар. БУУнун эсеби боюнча, бийлик менен элдин тирешүүсүндө кеминде 1 мидей адамдын каны төгүлгөн.

Ливиялык адаватчылар өздөрү атып түшкөн аскерий учактын сыныктарын көрсөтүшүүдө. Аждабия аймагы. 3-март 2011
БУУ 2-мартта Ливия менен Тунистин чек арасында гуманитардык кризистен чыгуу үчүн дүйнө өлкөлөрүн авиациядан жардам берүүнү сураган.

Британия жана БУУ өзү берген тогуз учак Тунистин Жреба шаарынан Каирге алып кетти. Эл аралык миграция агенттигинин маалымдашынча, Франциянын тогуз учагы да чукул арада качкындарды ташый баштайт.

3-мартта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Нью-Йоркто билдиришинче, соңку 24 саатта Ливияда козголоң башталгандан беркиден көп качкынга жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Триполиде аскерий күзөт күчөтүлдү

Бүгүн (4-мартта) жума намаздан кийин калың эл анти-өкмөттүк жүрүш башталат деген кооптонуудан улам байтак шаар Триполиде армия куралын шайма-шай камдап күзөттө. Күбөлөрдүн айтышынча, ордо шаардын ээн көчөлөрүндө Каддафиге ишенимдүү аскерлерден башка эч ким жок. Шаардагы чет элдик кабарчыларга мейманканада калуу буйрулду. Интернет Триполидегидей эле чыгыштагы Бенгази шаарында да өчүрүлгөн. Өлкөнүн экинчи чоң шаары Бенгази өткөн аптадан бери козголоңчулардын колунда.

Оппозиция лидерлери чет өлкөлөргө кайрылып, Каддафинин авиациясынын чабуулун болтурбоо үчүн алардын өңүттөрүнө абадан сокку урууга чакырган. Бирок Пентагон Жер ортолук деңизине эки согуштук кемесин
Эрегишчилер Муаммар Каддафини колдойт деп шектелген жигитке тапнча кадап турушат. Брега жана Раз Лануф шаарларынын ортосундагы аймак. 3-март 2011
жибергени менен күч колдонууга көп кызыкпай турат.

Президент Обама 3-мартта айтканга караганда, Ливия оппозициясын аба чабуулунан коргоо үчүн бардык чаралар, анын ичинде “учактар учпоочу алкакты” жарыялоо мүмкүнчүлүгү каралууда. Ал эми Британия менен Франция андай мейкиндикти киргизүүгө даярдыкты кечиктирбей баштоо керек деп эсептешет. Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе 3-мартта Парижде жасаган билдирүүсүндө Каддафинин ливиялыктарды абадан бомбалоосуна каршы чара көрүү зарыл экенине көңүл бурду:

- Албетте Каддафинин режими карапайым элди жана жарандарды бомбалайбыз деп коркутканына чыдап болбойт. Бул кылмыш болот. Биз мындай окуяны болтурбоого тийишпиз. Франция ошон үчүн НАТОнун Ливияда “учактар учпоочу мейкиндикти” киргизүү планын бекитти.

Араб өлкөлөрү Ливиядагы абалды жөндөө боюнча өз планын сунуш кыла элек. Бирок Араб Лигасы Венесуэланын Ливияга арачыларды жөнөтүү сунушун карап жатат.

XS
SM
MD
LG