Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Лондондогу бычактоо иликтенүүдө


Лондондо колунда бычагы бар адам көчөдө адамдарга кол салды. Бычактоодон бир адам өлүп, бир нече киши жарадар болду. Полиция шектүүнү кармады. Бирок окуяны теракт же башка экени айтыла элек.

Лондон полициясы 2-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришкен. Мындай чара теракт коркунучу күчөшүнө байланыштуу кабыл алынган.

3-август күнү кечинде Британия борборунда бир киши көчөдө адамдарды бычактап жатканы полицияга кабарланып, ылдам жетип келген тартип коргоо кызматкерлери кылмышкерди кармаган. Полиция келгенге чейин анын бычактоосунан 60 жаштагы бир аял өлүп, беш киши жарадар болгон. Жарадар болгондордун экөө ооруканага жаткырылды.

Лондон полициясынын башчысынын орун басары Марк Роули шектүү кармалганын кабарлады:

- Куралдуу кызматкерлер окуя болгон жерге беш мүнөттүн ичинде келишти. Алар электрошокер колдонуп, шектүүнү кармашты. Алты адам жараланды, тилекке каршы бир аял ошол жерде көз жумду. Калгандары ар түрдүү деңгээлде жараат алышты.

Полициянын маалыматы боюнча, кармалган адам 19 жашта. Ал ооруканада полициянын көзөмөлүндө жатат. Марк Роули шектүүнүн психикалык жактан саламаттыгы текшерилип жатканын белгиледи:

- Кечки 11:39да 19 жаштагы жигит камакка алынды. Ал полициянын көзөмөлү астында ооруканада. Биринчи белгилер көрсөткөндөй, кол салган адамдын психикалык саламаттыгы маанилүү фактор болуп жатат. Албетте, кылмыштын мотиви террор болушу мүмкүн деген да ой турат. Бул тергөө жана иликтөөнүн натыйжасында аныкталат.

Полиция кол салуу болгон жерди курчоого алып, эксперт-криминалисттер иштеп жатат.

Лондон полициясы бул окуядан кийин көчөлөрдө коопсуздук чараларын күчөттү. Полиция жана коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кызматкерлери көбөйтүлдү.

Лондондун мэри Садик Хан коомчулукту “дүрбөлөңгө түшпөй кыраакы болууга" үндөдү. Мэрдин айтымында, полиция “өтө оор ишти аткарып жатат” жана лондондуктардын коопсуздугу “башкы артыкчылык” болот.

Кол салуу шаршемби күнү кечинде Рассел скверинде болгон. Ошондуктан ага жакын жайгашкан Британия музейи жана Лондон университетинин айланасына көптөгөн полиция кызматкерлери жайгаштырылды.

Полиция азыркы кезге чейин көчөдө адамдарды бычактаган адамдын аты-жөнү жана кылмыштын максаты тууралуу кабарлай элек.

Акыркы мезгилде Франция жана Германияда теракттар көбөйгөнү белгилүү. Буга байланыштуу Британия да коопсуздук чараларын күчөттү. Жума башынан тарта катуу куралданган жана мобилдүү атайын багыттагы аскерлер Лондондогу эң маанилүү объекттерди кайтарууга киришти.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG