Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Лондондо теракт курмандыктарын эскеришти


2005-жылдын 7-июлундагы террордук чабуулдарда өлгөн 52 адамга арналып, Лондондун Гайд-паркында орнотулган эстелик болот мамылар. 7-июль 2015
2005-жылдын 7-июлундагы террордук чабуулдарда өлгөн 52 адамга арналып, Лондондун Гайд-паркында орнотулган эстелик болот мамылар. 7-июль 2015

7-июлда британдар Лондондо болгон террордук чабуулдардын 10 жылдыгын белгилешти. 2005-жылы “ал-Каида” менен байланыштагы төрт жанкечти метродо жана автобуста жардырган бомбалар 52 адамдын өмүрүн жалмаган.

Бул Британияда террорчулар мурда-кийин уюштурган эң кандуу күн болуп саналат.

2005-жылы 7-июлда кечки саат 8:50дө Лондондун метросунда удаа-удаа үч бомба жарылат. Метронун үч башка станциясында үч жанкечти жардырган бомба 39 жүргүнчүнүн өмүрүн алат. Андан бир саат өтпөй башка бир жанкечти Лондондун ортолук аянттарынын биринде эки кабаттуу автобуста бомба жардырганда дагы 13 адам өлөт. Бомба чабуулдарынан 700дөн ашык адам жабыркаган.

Лондондун Твисток-скверинде жанкечти жардырган эки кабат автобустун жолоочу адам тартып алган сүрөтү. 7-июль 2005
Лондондун Твисток-скверинде жанкечти жардырган эки кабат автобустун жолоочу адам тартып алган сүрөтү. 7-июль 2005

Жанкечтилер өз максатын жүзөгө ашыруу үчүн жазыксыз адамдарды өлүмгө ойлонбой айдаган “ал-Каида” менен байланыштагы британ жарандары экени өлкө калкын нес кылган. Террордук чабуул британдар үчүн тулку боюна ток ургандай окуя болгон, деди Лондондун мэри Борис Жонсон 7-июлда журналисттерге.

– Бул мен билгенден Лондондо болгон эң коркунучтуу окуялардын бири. Бирок эгер бүгүнкү шаарга жана биз азыркы абалыбызга карасаңыз, береги заңгарлар өз максатына жетти деп айта албайсыз...

Шейшемби күнү Лондондун Ыйык Петр чиркөөсүндө болгон эскерүү зыяпатында 10 жыл илгерки террорчулукта өмүрү үзүлгөн 52 адамдын ысымдары окулду. Аларга арналып шаардын атактуу Гайд-паркында 52 болот мамы орнотулган. Бул эстелик жайга премьер-министр Дэвид Кэмерон гүлчамбар койду.

Лондондун коомдук транспорт тармагынын кызматкерлери канды булоондун курмандыктарын бир мүнөт үнсүз туруп эскеришти.

Түрдүү диндердин өкүлдөрү Ыйык Павел чиркөөсүндөгү эскерүңү зыяпатына катышууда. 7-июль 2015
Түрдүү диндердин өкүлдөрү Ыйык Павел чиркөөсүндөгү эскерүңү зыяпатына катышууда. 7-июль 2015

Кэмерон журналисттерге Лондондогу бомба чабуулунан 10 жылдан кийин дагы терроризм коркунучу реалдуу бойдон калганын, буга эки жума мурда Тунисте эс алып жүргөн 30 британ жаранын чак түштө өлтүрүү айкын далил экенин айтты.

Британиянын ал кездеги премьер-министри Тони Блэр Sky News телеканалына берген интервьюда 2005-жылкы жанкечтилердин чабуулу өлкө Иракта 2003-жылы мартта АКШ баштаган интервенцияга катышканы үчүн жасалган болушу ыктымал деген оюн айтты. Ошондой эле Лондондо жанкечтилик жасагандардын лидери 2001-жылы террорчулардын лагеринде машыгуудан өткөн болушу ыктымал деп, Ирак согушуна катышпаган өлкөлөрдө да террорчулар жөн-жай элди канга боёп жатканына көңүл бурду.

- Лондондо жардырууларды жасаган топтун лидери 2001-жылы июлда, тактап айтканда, 2001-жылдын 11-сентябрына жана Ирактагы жагдайга кийлигишкенге чейин террорчулардын машыгуу лагеринде биринчи болуп даярдалган сыягы. Бүгүнкү Францияны алалы. Өлкө Ирактагы согуштук өнөктүккө катышпаса да террордук аракеттердин бутасы болууда. Бельгия, Норвегия, Африка өлкөлөрүн, Ыраакы Чыгыш, Борбор Азияны карагылачы. Террорчулар ар качан өз жамандыгын актаганга негиз табышканын түшүнөбүз деп ойлойм. Бирок биз аларга сөз бергенден мурда аябай этият болушубуз абзел.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШда катма-катар болгон террордук чабуулдарда 3 миңдей адам өлгөн.

2005-жылдагы калайман менен эле Британияда террордук аракеттер токтогон эмес. Лондон полициясы - Скотленд Ярддын контртерроризм кызматын 2002-2008-жылдары жетектеген Питер Кларктын Gardian гезитине жазышынча, андан берки он жылда терроризмге байланыштуу жүздөгөн адамдар камакка алынып соттолгон. Орточо алганда, ар күнү Британияда терроризмге байланыштуу бир адам камакка алынат жана ушу тапта андай айып менен шектелген 120 адам сотту күтүүдө.

XS
SM
MD
LG