Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Менин жети кыялым


1966-жыл
1966-жыл
"Азаттык" үналгысынын туруктуу угарманы жана мурунку сынагыңардын жеңүүчүсү катары бул сынагыңарга да катышып, башка да угарман, окурмандарга үлгү болуп берүүнү ылайык көрдүм.

Советтик доордо тарбия-таалим алып калгандыктан "апартеид", "расизм", "фашизм" жана башка ушул сыяктуу терминдер менен кошо эле коомдо ар бир адамдын эркин жана көз карандысыз жашоого, өңүнө, жынысына, динине жана көз карашына карабай өзүнүн оюн эркин айтууга ар дайым тоскоолдук болбош керек экендигин ар бирибизге мектеп партасынан баштап эле окутуп келген.

Мартин Лютер Кингден башка да Нелсон Манделла жана башка да ошол жылдары апартеид, расизм жана теңсиздик менен күрөшүп келген көп эле чыгаан инсандардын атын окуп, билип, угуп жүргөнбүз. Бирок бул жолу сөздүн учугу ушул Мартин Лютер Кингдин мындан элүү жыл илгери атактуу Линкольндун эстелигинин алдында 300 миңдей адам чогулган жыйында айтылган атактуу "Менин бир кыялым" аттуу сөзүнүн тегерегинде болгондуктан, ошол тарыхый сөздүн азыркы дүйнөлүк коомдо жана өзүбүздүн кыргыз коомубузда канчалык денгээлде окшоштуктары жана карама-каршылыктары бар экендигин өзүмдүн көз карашымда жазып жибергим келди.

Жөнөкөй чиркөө кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган Мартиндин болочокто Американын саясатынын же тагыраак айтканда саясатчыларынын жана саясий элитасынын гана эмес, коомдогу дээрлик бардык алдыңкы тармактардагы алдыңкы инсандардын өңү аралаш түскө боёлуп калаарынын алгачкы ирет көрөгөчтүк катары көрө билбесе да, ошол тууралуу кыялдангандыгын ар бир жыйындарда жана саясий талаптарда айтып келгенин баарыбыз билебиз.

Кыргызыбыз "элүү жылда эл жаңы" дегендей, жарыктык киши аман болгондо ошол кыялы бир канча жылдан кийин ишке ашаарын өз көзү менен көрмөк экен. Тагыраак айтканда азыр кара түстүү адамдар Американын дээрлик бардык тармактарында (армияда жана флотто, полиция жана улуттук гвардияда, космосто жана спортто, телевидение жана кинодо, муниципалитеттерде жана башкарууда) деги койчу, саясаты жок жерлерде да жетекчилик жана алдыңкы кызматтарды аркалап келишет.

Өзүңөр билгендей Мартин Лютер Кинг америкалык коомдогу теңсиздик жана расалык дискриминацияга каршы тынбай күрөшүп келген жана өзүнүн ораторлук жөндөмү аркылуу кара түстүү адамдар да коомдун тең салмактуу мүчөлөрү болууга тийиш экенин дайыма жар салып келген. Себеби ошол мезгилдерде дээрлик бардык маданий жана коомдук жайларга, ири сода түйүндөрүнө жана ресторандарга жана Американын башка бизнес жана саясий элитасы жүргөн жерлерге аларга кирүүгө тыюу салынган болчу. Атүгүл коомдук жайларда да алар үчүн атайын ашканалар, жадагалса дааратканалар да өзүнчө болгонун биз тарыхтан жакшы билебиз.

Ал эми азыркы заманыбызды алсак, саясатта Памела Спратлен айымга окшогон чечкиндүү адамдар Американын сырткы саясатынын кызыкчылыгын бөтөн жерде коргоп жүрсө, Колин Пауэлл жана Кондолиза Райс сыяктуу инсандар Мамлекеттик катчылыкты аркалап турушту. Ал эми Барак Обаманын президент болуп бир эмес, экинчи мөөнөткө шайланышы ошол Мартин Лютер Кингдин элүү жыл илгери ошончо адамдын алдында айткан кыялынын толук ишке ашкандыгын далилдеп отурат. Кадимки куудул актер Эдди Мёрфи элеси жагынан так эле Мартиндин өзүнө түспөлдөш келип, өзүнүн аткарган ролдорунун дээрлик бардыгында тең (кимди гана ойнобосун) так ошол маркум Мартиндин кыялдарынын толук ишке ашкандыгынын далилдеп отурат. Ошондуктан ал адам дүйнө жүзүндөгү бардык киносүйүүчүлөрдүн жана көрөрмандардын жүрөгүнөн өз ордун таба алды.

Эми болсо жыйырма жылдан ашык убакыттан бери ар кандай жетекчилерибиз өз кызматына байланыштуу Батыштын ар кайсы өлкөлөрүнөн "демократия" аттуу көрүнүштөрдүн бардыгын тең ылгабай көчүрүп келе берип, чыныгы демократия кандай болоорун өздөрү деле билбей калды окшойт. Ошондуктан Батыштын демократиясы менен биздеги демократияны анча-мынча салыштырып өтөйүн да, андан соң кыялдарымды жазып берейин.

Батыштагы демократия 300 миң адам чогулган жыйында да (митингде) элдер жөн гана кыялын ортого салып тарап кетишет. Ал эми бизде болсо үч миң адамды жыйнаган адамдар бийликти алууга шашыла баштайт. Алардагы демократия аялы бирөөгө жеңилдетилген кредит алууга жардам бергендиги үчүн президенти отставкага кетет (Германия). Ал эми бизде болсо, өзүбүз күбө болдук, бир үй-бүлө жапырт казынаны каалагандай калчап жүрүшкөн.

Алардагы демократияда катардагы полиция кызматкери президенттин кызына айып салып коё алат (Б.Клинтондун кызына). Ал эми бизде акимдерди койчу, айыл өкмөттөрүнүн кызматерлери айып төлөп көргөн эмес. Алардын демократиясы парламент депутаттары жумушка коомдук транспорт, велосипед менен келишсе, бизде болсо брондолгон кымбат унаалар менен сакчылардын коштоосунда жүрүшөт. Алардын демократиясы боюнча өкмөттүн бир өкүлү кызматтан чегинсе, бардык өкмөт толугу менен кетет. Ал эми бизде болсо бири-бирин калкалап, жаап-жашырмай адатка айланган.

Алардын демократиясы боюнча жөнөкөй адамдар сотко кудайындай ишенет жана соттор дайыма калыстык менен алардын суроолорун чечип берет. Ал эми биздеги демократияда соттор колунда бар адамдардын гана маселелерин алардын пайдасына чечип беришет.

Жазып отурсак алардын демократиясы менен биздин демократиябыздын ортосунда асман менен жердей айырма бар. Бирок "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, бара-бара бизде да бардыгы оңолуп кетээр деген үмүт менен жашай берели демекчимин.

Элүү жыл мурун деле Мартин Лютер Кинг кыялданып гана жүргөн. Бирок ошол кыялдары ишке ашаарына анча деле ишенбесе керек. Ошол сыяктуу эле биз да келечекте мамлекетибиз бир далай алдыга секирик жасай алат го деп кыялданып жүрөлү.

Кыргыз эли эзелтеден бери Манасты туу тутуп келген. Бекеринен ошол эпосто жазылган Манас атанын жети осуятын муундан муунга айтып келишкен эместир. "Менин жети кыялым" деп ушул катты баштаганымдын да себеби ушунда, ошол Манас атанын жети осуяты айтылышына жараша азыркы биздин коомубузда бара-бара ишке ашса экен деп кыялданаар элем

1. Эл журттун биримдиги жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу.

2. Улуттук ар намыс жана атуулдук ариет.

3. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.

4. Гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.

5. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

6. Табийгат менен таттуу мамиледе болуу.

7. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

Сиздерди урматтап, туруктуу угарманыңар Темир Жусупбеков
Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG