Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Македонияда полиция менен мигранттар кагылышты


Македония полициясы менен мигранттар кагылышкан учур
Македония полициясы менен мигранттар кагылышкан учур

Македония полициясы менен Грециядан өтүп келаткан качкындардын 10-апрель күнкү кагылышуусунан 300дөй адам жараат алды.

Греция менен Македония чектешкен Идомени аймагындагы качкындар лагери. Асман булуттуу. Бейпил жашоого умтулган жүздөгөн мигранттар чатыр тигип жатышат. Бирок шамал алардын ишине тоскоол болуп, жерге орнотула элек чатырларды, жеңил буюмдарды учуруп кетүүдө... Бул 11-апрелдеги көрүнүш. Бир күн мурда бозгундар менен македон полициясы кагылышып, жүздөгөн киши жараат алган.

10-апрелде бозгундар эки өлкөнү бөлгөн тосмолордон ашып өтүүгө аракеттенген кезде тартип коргоочулар аларды артка сүрүү үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонушкан. Мигранттар аларга таш ыргытып жооп кайтарышкан. Греция расмийлери коңшу өлкөнүн аракетин “кооптуу” деп сыпаттады.

Качкындардын бири азыркы абалына кейип турат:

Македония полициясынан качып бараткан бозгундар
Македония полициясынан качып бараткан бозгундар

- Биз балдарыбызды өлүмдөн куткарууну көздөп бул жакка келгенбиз. Сирияда жашай берсек, алар аскерий учактардын соккусунан набыт болушмак. Биз зомбулуктан качып келдик. Европа бизге мээримдүү кучагын ачат деп үмүт кылганбыз. Бирок кайрадан зомбулукка кабылып жатабыз.

Жекшембиде мигранттар менен македон полициясы кагылышар алдында чек ара ачылат деген имиштер пайда болгон. Андан улам чектеш аймакка 500дөй мигрант чогулуп калган эле. Македония полициясы чек ара ачылат деген маалыматты төгүнгө чыгарганда 100гө жакын мигрант, анын ичинде балдар тосмодон өтүүгө аракет кылышкан.

“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюму бул кагылыштан 300дөн ашуун мигрант жабыркаганын маалымдады. Арасында желим ок тийгендер, денесин миздүү курал кесип кеткендер, дем алуу органы газдан жапа чеккендер бар.

Жабыркагандарга жеринде жардам көрсөтүп жаткан уюмдун өкүлү Жон Хагенсен:

- “Чек арасыз дарыгерлер” уюму 200дөн ашуун адам көздөн жаш агызчу газдан жабыркаганын каттады. 34 киши олуттуу жараат алды. Негизинен эркектер. Бирок аялдар менен беш жашка чейинки балдар да бар. Алардын баары македон полициясынан жапа чегишти.

Ал тапта Македониянын полициясы 23 кызматкери жабыркаганын, арасында бешөөнүн жарааты оор экенин кабарлады. Андан башка билдирүү жасала элек.

Февралдын ортосунда Балкан өлкөлөрү өз аймактарынан өтчү жолдорду бозгундар үчүн жаап салгандан кийин Грециянын түндүгүндөгү Идомени калаасына Сирия, Ооганстан жана Африкадан келген 11 миңдей мигранттар топтолуп калышкан.

Грециянын миграция иштери боюнча мекемесинин расмий өкүлү Жорж Критсис македон полициясынын аларга күч колдонушун “кооптуу жана өкүнүчтүү” деп сыпаттады.

Идомени аймагындагы качкындар лагери. Бейпил жашоо издеген эне-бала.
Идомени аймагындагы качкындар лагери. Бейпил жашоо издеген эне-бала.

- Көздөн жаш чыгарчу газды көп өлчөмдө колдонуу, үн чыгаргыч гранаталарды, желим окторду атуу өтө кооптуу кадам. Ал жерде аялдар жана балдар бар. Македония бийлигинин бозгундарды артка кайтаруу үчүн мындай ыкма колдонгону өкүнүчтүү. Ошол эле учурда биз мигранттарга да кайрылып, мыйзам нормаларын сактоо зарылдыгын эскертебиз. Чек ара жабык экенин түшүнүү керек.

Жакынкы Чыгыштын согуш тутанган мамлекеттеринин тургундары Европадан бейпил жашоону издеп, көбүнчө Түркия аркылуу Грецияга барышат. Андан ары башка өнүккөн мамлекеттерге кирип кетишет.

Миграция кризисин жайгаруу максатында быйыл Анкара менен Европа биримдигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, 20-марттан тарта Грециядан Түркияга мигранттар кайтарыла баштаган. Келишим боюнча, Европа биримдиги Анкарага каржылык колдоо көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG