Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Македонияда депутаттар сабалды


 Социал-демократтардын лидери Зоран Заев.
Социал-демократтардын лидери Зоран Заев.

Македонияда 27-апрелде "Улуттук биримдик үчүн" демократиялык партиясынын 200дөй тарапкери парламентке кирип барышып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алышты.

Парламент имаратынын ичине кирип барып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алгандардын көбү өлкөнүн мурдагы премьер-министри Николай Груевскийдин "Македония ичиндеги революциялык кыймыл-Македониянын улуттук биримдиги үчүн" демократиялык партиясынын (ВМРО) тарапташтары.

Окуя Социал-демократтар жана этникалык албандардын үч партиясынан турган альянс жаңы спикер кылып этникалык албан Талат Жаферди бекиткенден кийин болду.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун имарат ичиндеги кабарчылары күбө болушкандай демонстранттардын кээ бирлери беткапчан болушкан. Алар эшиктерди талкалашып, отургучтарды ыргытышып, мыйзам чыгаруучуларды туш келди муштап киришкен. Социал-демократтардын лидери Зоран Заевди ур-токмокко алып, аны кан жалаганга чейин жеткиришкен.

Жабыркагандардын арасында үч этникалык албан депутат да бар. Ал эми этникалык албандардын үч партиясынан турган альянстын лидери, депутат Зиядин Села олуттуу жараат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Ур-тепкиге калган депутаттар.
Ур-тепкиге калган депутаттар.

Полиция имарат сыртындагы каршылык акциясына топтолгондорду таркатып, депутаттарды парламенттен чыгарып кетүү үчүн добушсуз граната колдонууга аргасыз болду.

Кошмо Штаттар жана Евробиримдик Скопье парламентинде болгон окуяны кескин сынга алышты. Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини эки жылга аяк баскан бул кризистен чыгуунун жолун Скопьедегилер демократиянын принциптерин сактоо менен табуулары керектигин билдирди:

- Биз кечээ Скопьеде көргөн окуялар баарыбызды капа кылып, тынчсыздандырды деп ойлойм. Биз ар дайым зомбулукту жектейбиз, бул жолу зомбулук демократия үйү деп саналган парламентте болду. Скопьдегилер Конституциянын принциптерин, демократияны сактап, өлкөнү бул олуттуу кризистен чыгарууга аракет кылышы зарыл.

Македониядагы АКШнын элчилиги чабуул "демократияга эч туура келбестигин жана пикир келишпестиктерди чечүүнүн кабыл алынгыс ыкмасы" экенин Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Ошондой эле билдирүүдө Кошмо Штаттар "демократияны колдоп, Македониянын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн "жаңы спикер менен кызматташууга даяр экени" жазылган.

Македониянын президенти Георги Иванов 28-апрелде Улуттук телеканалдар аркылуу жасаган билдирүүсүндө кырдаалды жөнгө салуунун жолун табуу үчүн партия лидерлерин диалогго чакырды:

- Ар бир адам өз аракеттери үчүн жоопкер болушу керек жана ар бирөө өз аракеттеринин кесепеттерин билүүгө тийиш. Бул кырдаалдан биз Македония республикасынын укуктук системасын сыйлоо аркылуу гана чыга алабыз. Өлкө Конституциясынын алкагында диалог аркылуу чечилбей турган маселе жок. Ошол себептен, түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн мен парламенттеги бардык партиялардын лидерлерин өз кабинетиме чакырам.

Македониянын президенти Георги Иванов.
Македониянын президенти Георги Иванов.

2016-жылдын 25-декабрында өткөн шайлоодо Македониянын улуттук биримдиги үчүн демократиялык партиясы парламенттеги 120 мандаттын 51ин гана алган. Ал эми оппозициячыл Социал-демократтар 49 мандатка ээ болгон. Калган 20 мандат өлкөдөгү этникалык албандар басымдуулук кылган үч партияга тийген.

Социал-демократтар партиясы албан тилинин макамын көтөрүү шартынын алкагында этникалык албандардын саясий партиялары менен коалиция түзүшкөн. Президент коалициянын өкмөттү түзүүсүнө бөгөт коюп келет. Албан тилине расмий тил деген макам берүү планына каршылык билдирип, миңдеген адамдар Скопьеде бир жарым айдан бери нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен.

Македониянын 2,1 миллиондой калкынын 25 пайызын албандар түзөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG