Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Кыргызстандык Талгат Аманов 10 жылдан бери алыскы Мадагаскарда жашайт. Ата Мекенинин тоолору менен ак карын сагынган Талгат тропикалык өлкөдөгү жашоосу тууралуу кеп салып берди.

- Кыргызстандыктар китептен, мультфильмден эле билген Мадагаскарга кантип барып калдыңыз?

- Мен өзүм Нарындын Кочкор районунда туулуп өскөм. 1998-жылы Нарындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүрүп, Бишкектеги эл аралык Ата Түрк Ала-Тоо университетине тапшырдым. Бул окуу жайдан компьютердик инженерия адистиги боюнча билим алган соң, Улуттук университетте ушул багыт боюнча билимимди өркүндөткөм. Окууну бүтүп Кыргызстан жана Жапония биргелешип ачкан маалымат технологиялары боюнча улуттук борбордо иштеп жүрдүм. Дал ушул учурда Кыргызстандан окууну бүтүп кетип, Мадагаскарда иштеп жаткан түркиялык бир таанышым "түрк лицейине информатика сабагынан берген мугалим керек болуп жатат, иштеп көрбөйсүнбү" деп сунуштап калды. Мага бул сунуш абдан кызык болуп, ойлонуп көрүп макул болдум. Ошентип 2005-жылдан бери бул жактагы түрк лицейинде информатика мугалими болуп эмгектенип келем.

- Үй-бүлөңүз барбы?

- Үй-бүлөм бар, бир кызым бар. 2009-жылы Кыргызстанга барып үйлөнүп келгем. Жубайым үйдө, кызымды тарбиялап жатат.


Талгат Аманов үй-бүлөсү менен, 1-сентябрь, 2013.

Талгат Аманов үй-бүлөсү менен, 1-сентябрь, 2013.



- Мадагаскарда жашоо кыйын болгон жокпу, бөлөк маданият, бөтөн жерге кантип көндүңүз?

- Башында бир аз кыйналдым, Кыргызстанды сагындым. Бул жакта биздегидей ак мөңгүлүү бийик тоолор жок. Чыңгыз Айтматов айткандай “Тоодон жакшы бир гана тоо боло алат” демекчи тоону кадимкидей эңсейт экенсиң. Бирок иштеген жерим түрк лицейи болгону мага жеңил болду. Анткени мен да түрк лицейин бүтүргөндүктөн ал жактагы шарт мен үчүн жат эмес эле.
Каза болгон адамдын сөөгүн жерге көмбөстөн, жардын боорун тешип, үңкүр казып атайын текчелерге жайгаштырат. Анан 3 жыл, же 5 жыл өткөн соң сөөктү алып чыгып, ырдап-бийлеп, шаңдуу музыка менен кийимин алмаштырып, кайра ордуна коюшат...

- Мадагаскарлыктар кандай эл болот экен? Маданияты, жашоосу, жүрүш-турушу өзгөчө болсо керек?

- Мен Мадагаскардын борбору Антананариву шаарында жашайм. Бул жактагы климат жашоо үчүн абдан ыңгайлуу. Мадагаскар дегенде көбүнесе Африкада жайгашкан мамлекет, анда кара жүздүү адамдар жашайт деп билебиз. Бирок бул аралда жайгашкан мамлекетте көбүнчө Малайзиядан көчүп келгендер жашайт. Өң-келбети африкалыктарга көп окшобойт. Мен да кара торумун, ошондуктан мени өздөрү сыяктуу, мадагаскарлык катары кабыл алды десем болот. Мадагаскарда 21 миллиондон ашык эл жашайт. Өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин Франциянын коллониясы болгон экен. Расмий тил катары француз тили кабыл алынган. Андыктан биз да француз тилин үйрөнүүгө мажбур болдук.

- Сиз сабакты француз тилинде бересизби?

- Жок, мен англис тилинде берем. Негизи жергиликтүү элдин малагази деген өз тили бар. Бул тилди үйрөнүүгө аракет кылдым, бирок жыйынтык чыкпай койду. Анан француз тилин үйрөнүп, жергиликтүү эл менен французча сүйлөшөм.

- Алар сизди кандай кабыл алышты? Кыргызстан тууралуу билишет бекен?

- Мен өзүмдү дайым эле кыргызмын деп таанытканга аракет кылам. Бирок келбетим кытайлыктарга окшогону үчүн көбүнесе "кытайсыңбы" деп сурашат. Анан мен Кытайдын жанында ушундай Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан Кыргызстан деген мамлекет бар, ошол жерденмин деп түшүндүрүп баштайм. Бирок жакыр мамлекет болгондуктан булардын тарых, география сыяктуу окуу китептери абдан эски, СССР тараган соң деле басылып чыккан эмес. Ошондуктан биздин мамлекет тууралуу маалыматы бар адамдар өтө эле аз.

- Ал жакта сизден башка кыргызстандыктар барбы?

- Үч жыл мурун Тариэл аттуу кыргыз жигит келип, жергиликтүү бир компанияда иштеп кетти. Келишимдин мөөнөтү бүткөн соң Орусияга, Санк-Петербургга кетти. Андан башка кыргызстандыктардан менин жубайым, кызым, бул жакта университетте окуган балдызым бар.

- Демек, Мадагаскардагы жалгыз кыргыз үй-бүлөсү десек болот турбайбы...

- Ооба, ошондой десек туура болот го...

- Мадагаскарда өзү жашоо кандай экен? Сизге өөн учураган каада-салттарын байкай алдыңызбы?

- Булардын маданиятын Малайзиянын, Африкадагы айрым элдердин, арабдардын маданияты кошулган, ар кошкон, кызыктуу маданият деп атасак болот. Кадаа-салттары да өзгөчө. Негизинен көпчүлүк калк дин катары христианчылыкты тутунушат. Бирок кызыктуу кадаа-салттары бар. Мисалы, адам каза болгондон кийин анын сөөгүн жерге көмбөстөн, жардын боорун тешип, үңкүр казып атайын текчелерге жайгаштырат. Анан 3 жыл, же 5 жыл өткөн соң сөөктү алып чыгып, ырдап-бийлеп, шаңдуу музыка менен кийимин алмаштырып, кайра ордуна коюшат. Ушул сыяктуу бизге өөн келген бир топ эле каадалары бар.
Мадагаскардан үйрөнчү деле көп нерсе жок. Бирок сабак алышыбыз керек. Бул өлкөнүн эгемендик алганына 50 жылдай болду. Анын тарыхын карап, кандай кемчиликтерди кетирбеш керек, канткенде бул жактагыдай абалга түшпөй калабыз дегендей сабак алуу керек...

- Ал жакта сизге эң эле кызык учураган нерсе эмне болду?

- Эң кызыгы - бул жактагы жергиликтүү эл ак түстүү адамдарды абдан сыйлап турушат. Сыягы Франция оккупация кылган мезгилден калган адат болсо керек. Ак түстүүлөрдү кайдан көрбөсүн, жол бошотуп берип турушат. Ошол нерсе абдан кызык учурады мага.

- Демек, сый үстүндө жүрөт турбайсызбы?

-Эми мен сый үстүндө жүрөйүн деп аракет кылбайм. Аларга “акбы, карабы адамбыз да” деп түшүндүргөнгө аракет кылбайм. Бирок алардын канына сиңип калганбы, ак түстүүнү сыйлаганга умтулуп турушат. Анан дагы кызык келген нерсе, мен Кыргызстанда жүргөн учурда банан абдан кымбат болуп, акчалуулар жечү эле. Бул жакта бананды “кедейлердин тамагы” деп коюшат. Жердин баары эле ананас, банан.

- Жергиликтүү калктын жашоо турмушу кандай?

- Эми көпчүлүк тамак-аш, буюм-тайым чет өлкөдөн келет. Ошон үчүн абдан кымбат. Орто катмар аябай эле аз. Жакыр катмар абдан көп. Колунда барлар калктын 5 пайызга жакынын түзсө, жардылыкта күн кечиргендер 60-70 пайызга жетет го. Тропикалык жер болгондуктан, үй-жай салбай эле көчөдө эле жашап жүрүшөт. Кечинде чыксан, үстүнө бир нерсе жамынып уктап жаткандарды көп көрөсүң. Элдин көпчүлүгү сабатсыз. Билим берүү мекемелери Франциянын системасы менен иштейт. Бирок эл жакыр болгон үчүн билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

- Мадагаскардан кыргызстандыктар эмнени үйрөнсө болот деп ойлойсуз?

- Үйрөнчү деле көп нерсе жок го... Булардан биз сабак алышыбыз керек. Бул өлкөнүн эгемендик алганына 50 жылга жакын мезгил болду. Алардын тарыхын карап, кандай кемчиликтерди кетирбеш керек, канткенде бул жактагыдай абалга түшпөй калабыз дегендей сабак алуу керек. Бул жактагы шартты карап, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына абдан маани берүү керектигин түшүндүм.

- Кыргызстанга качан кайтайын деген оюңуз бар?

- Аны так айта албайм. Бул жакта бүтүрө турган айрым иштер бар. Аларды бүткөрүп, алдыма коюлган милдетти аткарган соң кайтабыз.

- Мекениңизди сагынсаңыз керек?

-Албетте, сагынасың. Балким тоолуу Нарында туулуп-өскөн үчүнбү тоолорду көп сагынам. Анан да Мадагаскарга келген 10 жылдан бери кар көрө элекмин. Кыргызстандын кышын сагындым...
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG