Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Малала: Жашоомдун максаты – билим


Малала билим алууга мүмкүнчүлүгү жок дүйнөдөгү 58 миллион жеткинчектин өкүлү катары иш алып барууда.
Малала билим алууга мүмкүнчүлүгү жок дүйнөдөгү 58 миллион жеткинчектин өкүлү катары иш алып барууда.

14-июлда кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн пакистандык жаш активист Малала Юсуфзай туулган күнүн белгиледи. 2012- жылы ал өз ишмердүүлүгү үчүн талиптердин бутасына калып, оор жаракат алган.

"Азаттыктын" ооган кызматынын кабарчысы Малали Баширге берген маегинде 17ге жаңы толгон кыз Бириккен улуттар уюмунун “Баарынан мурда билим” программасы алкагындагы өзүнүн ишмердиги тууралуу айтып берди. Анда Малала билим алууга мүмкүнчүлүгү жок дүйнөдөгү 58 миллион баланын өкүлү катары иш алып барат.

"Азаттык": Талиптердин сизге кол салуусу дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган эле. Сиз өз ишмердүүлүгүңүздүн алкагында азыр көп өлкөлөрдө саякаттап жүрөсүз. Сизди азыр таң калтырган нерсе барбы?

Малала Юсуфзай: Мен мындай кол салууну башынан өткөргөн жалгыз адам эмесмин. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө адамдар күн сайын меникиндей окуяга дуушар болот. Айрыкча Сирияда, Палестинада, Иракта мындай көрүнүш көнүмүшкө айлангандай. Бөөдө эле бейкүнөө адамдардын каны төгүлүүдө. Мен бир жолу Сириядан Иорданияны көздөй самсып бараткан 50-60ка жакын адамды көрүп калдым. Арасында оор жүк көтөргөн энелер дагы бар экен. Алар эс алып, уктамак тургай жөн гана бир саамга дем алууга көлөкө жер таппай баратышат. Балдарынын үстүндө үйрүп салар кийими жок, жылаңач. Өз өлкөсүнөн аргасыз чыгып, тынч жашоону көздөп бараткан бул адамдар арасында ачка болгондор да бар болчу. Бир нече күндөн бери оозуна наар алышпаптыр. Ошондо аябай таң калып, кейидим. “Дүйнө эмне болуп баратат? Бул адамдар эмнеге темселеши керек. Кайсы күнөөсү үчүн?" – деп өзүмө суроо бердим. Анан “Бул адамдарды биз коргошубуз керек!” деген ойго келдим. Алардын маселелерин көтөрүп, эл алдына алып чыгуу керек. Ал үчүн биз социалдык тармактарды, Твиттерди колдонобуз. Бирок 2-3 күндөн кийин эле бул көйгөйлөр арткы планга сүрүлүп, жетиштүү чагылдырылбай калат. Биз улам-улам айтып ушундай маселеге көңүл бурдуруп, адамдар үчүн бейпил жашоону камсыздап беришибиз керек. Качкындар көз тайгылткан үйгө же баалуу машинеге кызыкпайт. Алар болгону өз мекенинде, өз үйүндө тынч жашагысы келет.

"Азаттык": Сиз “Малала” кору аркылуу дүйнөдөгү билим берүү системасына кантип салым кошуп жатасыз?

Малала Юсуфзай: “Малала” корунун негизделгенине 1 жыл боло элек, ошентсе дагы биз көп иштерди аткарууга жетиштик. Биз Пакистандын Сват аймагында балдарга жардам көрсөтүү долбоорун баштадык. Бул долбоор ар кимге жалданып, кара жумуш кылган өспүрүмдөргө багытталган. Биз аларга мектепке баруу үчүн стипендия төлөп беребиз. Иорданиядагы сириялык качкындардын балдарына жана жакырчылык айынан мектепке барбай калган Кениядагы балдарга дагы жардам көрсөтөбүз.

"Азаттык": Өз китебиңизде Сват аймагына болгон сүйүүңүздү жазган экенсиз. Сиз ал жакка жакын арада барууну каалайсызбы?

Малала Юсуфзай: Мен көп өлкөлөрдү кыдырдым, бирок дүйнөдө Сватка тең келээр, кооз жер жок. Мен Сватка, өз үйүмө баргым келет. Мен ошол жерде туулганыма, улутум ооган экенине сыймыктанам. Кудай буюрса, качандыр бир кезде мекениме кайтам деген үмүт бар.

"Азаттык": Жалпыга билим берүүнү колдоого байланышкан долбоорлор боюнча сиз абдан көп саякаттайсыз. Баарына кантип жетишесиз?

Малала Юсуфзай: Мен ишиме күн сайын барууга аракет кылам. Окуумду улантып жатам, үй тапшырмаларын аткарам, ошол эле маалда мен үчүн башка балдардын билим алуусу дагы маанилүү. Кээде ишим үчүн окуумду калтырып койгонго туура келет. Мектепке бир күн барбай калсам, ал күн жүздөгөн башка балдардын билим алышына шарт түзүүгө жумшалды деп ишенем.

"Азаттык": Сиз өз атаңыз жөнүндө көп айтасыз. Ал тууралуу китепте дагы көп жазгансыз. Ал эми апаңыздын сиздин жашооңуздагы орду кандай?

Малала Юсафзай: Апамдын менин жана атамдын жашоосундагы орду чоң. Апам атам экөөбүздү ар дайым колдоп, тынчтык жана билим үчүн жүргүзгөн кампаниябызды туура деп билет. Апам аябай эр жүрөк аял. Билимди аябай жакшы көрөт жана ушул күнгө чейин билим алууга умтулуп келет. Азыр билим алуу борборунда окуп жатат. Убагында билим албай калганына кейийт, бирок азыр дагы кеч эмес экенине ишенет.

"Азаттык": Сизди көптөр өз жашына караганда кыйла акылдуу деп эсептешет. Ишмердүүлүгүңүздү бүт дүйнө тааныды. Өз балалыгыңызды жоготуп алганыңызга өкүнбөйсүзбү?

Малала Юсуфзай: Сватта жүргөн кезде болгон окуя жашоомду түп-тамырынан өзгөрттү. Мен кыздар мектепке бара албасына көзүм жетип, жардыруулар күн сайын болуп, элдин жашоосу коркунучта экенин сезгенден тарта жашоом башка нукка бурулду. Ошондо билим жана тынчтык үчүн күрөшүүнү баштадым жана бул ишимди уланта берем. Өз сыйлыктарым менен аябай сыймыктанам. Ишмердүүлүгүмдү колдогон бардык адамдарга ыраазымын. Балалыгымдын бакыты оюнчукта, куурчакта же кооз кийимдерде эмес. Менин кыялым бардык балдардыкындай эле. Болгону кичине эле айырмаланат. Жашоомдун максаты – бардык балдардын мектептен билим алуусу. Менин жашоом башка балдардын жашоосунан эч айырмаланбайт. Керек болсо ага-инилерим менен деле талашып-тартышам. Ошентсе дагы өзүмдүн максатыма жетүү үчүн күч-аракетимди аябайм.

XS
SM
MD
LG