Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Мали туарегдери Азавадды эгемен деп жарыялады


Малинин козголоңчу-туарегдери Азавад регионун төбөлсүз деп жарыялады. Мали Батыш Африкадагы мамлекет.

Африка Биримдиги туарегдердин өздөрүн күнкорсуз жарыялоосун “маани бербөчү маңызсыз сөз” деп, четке какты. Исламчыл согушчандар колдогон туарег козголоңчулар Малинин байтакты Бамакодо өткөн айда болгон төңкөрүштөн кийин өлкө түндүгүндөгү аянты Франциядан чоң чөлдүү региондо өз үстөмдүгүн орноткон.

Азавадды бошотуучу улуттук кыймыл жума күнү дүйнө коомчулугуна кайрылып, жаңы өлкөнү таанууга чакырды жана коңшу өлкөлөрдүн чек араларын сыйларын билдирди.

Кыймылга Ливиядан кайтып келген туарег согушчандары да кирет. Алар Муаммар Каддафиге кызмат кылчу. Ислам согушчандары Малинин түндүгүндө шариятка таянган өлкө курууну көздөйт. Коогалуу аймакты миңдеген адамдар таштап кеткендиктен адам укугун коргоочу уюмдар Малиде гуманитардык кризис болугу мүмкүн экенин эскертишти.

XS
SM
MD
LG