Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Жусуп Мамай - “Манаска” өмүрүн арнаган инсан


Кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай.
Кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай.

15-апрелде президент Алмазбек Атамбаев залкар манасчы Жусуп Мамайдын “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын анын балдары Абдыгазы жана Мукаш Мамайга тапшырды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлады. Өлкө башчысы манасчы Жусуп Мамайдын аты Кыргызстан элинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып каларын белгиледи.

2014-жылы май айында “Манас “ эпосун жана эпикалык чыгармаларды, Кыргызстан элининин тарыхый жана маданий мурасын байытып, сактоого кошкон салымы үчүн Жусуп Мамайга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Бирок “Манас” эпосунун 18 томдугун жазган манасчы сыйлык колуна тапшырыла электе көзү өтүп кеткен.

Сыйлыкты тапшыруу учуру. 15-апрель, 2017-жыл
Сыйлыкты тапшыруу учуру. 15-апрель, 2017-жыл

Манасчынын мурасын изилдөө

Кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылык мурасына арналган эл аралык илимий жыйын Бишкекте 14-апрелде өттү. Ага Кыргызстан, Орусия, Кытай окумуштуулары, оозеки чыгармачылыкка кызыккан изилдөөчүлөр катышты. Жусуп Мамай улуу «Манас» эпосу баш болгон ондон ашуун баатырдык эпосторду айткан, кытайлык кыргыздардын көркөм дүйнөсүн байыткан зор талант. Анын чыгармачылыгынын түрк дүйнөсүндөгү ордуна арналган эл аралык илимий жыйындар Кыргызстанда ушуну менен төртүнчү ирет өтүүдө.

Жусуп Мамай манасчылык улуу салтты андан ары улап, аны генеалогиялык жактан тереңдетип, кыргыз элинин улуу мурасын жайылтууга, байытууга опсуз чоң салым кошкон саналуу таланттардын бири. «Манастын» айынан ал Кытайдагы «маданий ыңкылап» жылдарында куугунтукка кабылып, абакка түшүп, кийин элдин оозеки чыгармачылыгына маани берилип, тоскоолдуксуз жарыялана баштаган чакта жалпы элдик сый-урматка, мамлекеттик колдоого алынган улуу инсан.

Жусуп Мамайдын манасчылык жолунун башталышы, алгачкы чыгармачылык камылгасы кандай болгонун изилдеп чыгуунун өзү бир топ кызыктуу маалыматтарды бермекчи. Аны кытайлык кыргыздардан чыккан белгилүү окумуштуу, профессор Макелек Өмүрбай мындайча чечмелейт:

- Жусуп Мамай – чоң жомокчу, кыргыздын ошол атагы ага туура келет. Ошол жомоктун ичинде “Манас” бир бөлүмү гана. Бул андан бөлөк 14 кенже эпосту айткан киши. Биз азыр “Манаска” гана көңүл буруп жатабыз. Бул киши кимден үйрөнгөн дегенде башкалар алдыңкы муун манасчыларды ээрчип жүрүп айткандарын угуп үйрөнгөн болсо, бул Балбай деген агасы чогултуп койгон кол жазманы 8 жашынан баштап 18 жашына чейин он жыл өздөштүргөн, жаттаган. Андан бөлөк Балбай чогулткан материалдар абдан көп, ошолорду өздөштүргөн.

Макелек Өмүрбай.
Макелек Өмүрбай.

Жусуп Мамайдын эмгектерин которуу иши

Жусуп Мамайдын агасы Балбай Мамай “Манас” эпосун кагазга түшүрүп, кыргыздардын оозеки чыгармачылыгын мыкты билген таланттуу адам болгон. Анын жардам-көмөгү менен ичте катылган жөндөм-шыгын ачып алган Жусуп Мамай өмүрүн улуу эпоско арнап, Манастын укум-тукумунун сегиз муунунун чоо-жайын, жасаган эрдиктерин камтыган эпостун жаңы вариантын жараткан. Учурда манасчынын мына ушул улуу мурасы кыргызчадан кытай тилине которулууда.

Опсуз чоң бул ишти Кытайдагы кыргыздар, кыргыз-ханзу тилдерин мыкты билген илимпоздор, көркөм сөз ээлери ишке ашырууда. Шинжаң «Манас» изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакундун ырасташынча, Жусуп Мамайдын мурасын изилдөө, элге жайылтуу жаатында бир топ иштер жасалууда:

- Жусуп Мамай кош катмарлуу манасчы. Ал оозекилик доорду башынан кечирген. Ал эми ХХ кылымдын соңунда 70-жылдары ал жазма манасчылык доорду да баштан кечирген. 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгында Кеңеш Кырбашев Жусуп Мамайдын “Манасын” алгач кириллица тамгасында чыгарган. Ошондон бери изилдөөчүлөр Жусуп Мамайдын “Манасынын” тилдик, сюжеттик өзгөчөлүктөрүн башка манасчылар менен салыштырып жазып келишет. Кытайда атайын топ түзүлүп Жусуп Мамайдын “Манасын” кыргызча-кытайча мыкты билген жигиттер которо баштады.

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун изилдөөчүсү Чолпон Субакожоева бир топ жылдардан бери Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын изилдеп, эмгектерин жарыялап келаткан окумуштуу. Кыргызстандык илимпоздордун аракети менен ушу тапта Жусуп Мамайдын «Манасы» кыргызчадан орус тилине которулуп, окурмандар аудиториясын кеңейтүүдө. Чолпон Субакожоеванын айтуусунда, «Манасты» орус тилине которууда Кыргызстандагы белгилүү акын Светлана Суслованын эмгеги зор.

- Бүгүнкү күндө аны адабий котормо кылгандан тышкары академиялык басылышын жасаганга сөзмө-сөз котормосун Москвадагы М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтундагы дүйнөлүк эпостор бөлүмүнө каратып жатам.

Чолпон Субакожоева кытайлык Манас изилдөөчү Адыл Жуматурду менен.
Чолпон Субакожоева кытайлык Манас изилдөөчү Адыл Жуматурду менен.

Кытайда «Манас» таануу багытында иштеген эки ири илимий мекеме бар. Улуу манасчы өмүрүн арнаган «Манас» баштаган кыргыз эпостору ачык жарыяланып, жалпы элдик, мамлекеттик сый-урматка бөлөнүп турган чагында 2014-жылы көз жумган. Ага көзү тирүүсүндө эле Кытай мамлекети алдында сиңирген улуу эмгеги үчүн «Тоо гүлү» сыйлыгы ыйгарылып, өмүр бою мамлекеттик колдоого алынган. Кыргызстанда улуу манасчыга "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы ыйгарылган.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулу парламентке Бишкектин бир көчөсүнө Жусуп Мамайдын атын коюп, башкалаада эстелигин орнотууну сунуштай турганын билдирди. Адыл Жунус уулу бул иштерди аткарууга каражат жетпесе, Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын баалаган ишкерлер маселени жалпылап чечүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Эл аралык илимий жыйынга катышкан кытайлык илимпоздор Шинжаңда кыргыздын улуу манасчылары Сагымбай менен Саякбайдын варианттарын чыгаруу аракети башталганын, эл оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүн санарипте сактоо иштери жүргүзүлөрүн белгилешти. Көлөмү, камтыган окуяларынын масштабы жагынан дүйнөдө теңдешсиз «Манас» эпосунун вариантын түзгөн Жусуп Мамайдын чыгармачылык мурасын изилдөө-иликтөө жумуштары эмдиги жылы белгиленчү улуу манасчынын жүз жылдыгында дагы улантылмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG