Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

3-майда жыйырманчы жолу Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү белгиленди.

Бул күндү атайын майрамдоонун максаты – өз ойлорун эркин айтуу адамдардын фундаменталдык укугу жана ага коркунуч бар экенине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу.

1-майда баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети бул күндү утурлай бир катар эл аралык уюмдар жарыялаган изилдөөлөр журналист элге чындыкты жеткирем деп башын өлүмгө сайганга мажбур экенин, 2012-жылы маалымат каражаттарынын эркиндиги акыркы он жылда болуп көрбөгөндөй начарлап кеткенин жана башка сөз эркиндигин орой бузган фактыларды ашкере кылды.

3-майды Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү деп, Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1993-жылы жарыялаган. Сөз эркиндиги жарандардын кол тийгис укугу экени Адам укугу боюнча универсалдык декларациянын 19-беренесинде шардана кылынган. Ага карабай, журналисттерди куугунтуктоо, өлтүрүү, жарандардын маалымат алуу укугун тепсөө ондогон өлкөлөр үчүн мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, 3-майда Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети ар жылы чыкчу “Жазасыз калуунун индексин” жарыялады. Бул көрсөткүч өлкө калкынын санына салыштырмалуу канча журналист өлтүрүлгөнүн көрсөтөт. Анда журналисттер кесиптик милдетин аткарганы үчүн такай өлүмгө кириптер болгон жана кылмышкерлер жазасыз калган 12 өлкө аталат.

Тизменин башындагы Иранда акыркы 10 жылда 93 журналист өлтүрүлүп, бирок ал үчүн эч ким соттолгон эмес. Өлгөндөрдүн 95 проценти жергиликтүү журналисттер. Сомалиде 23, Филиппинде 55, Мексикада 15, Орусияда 14, тизмеде он экинчи турган Индияда (калкынын саны 1, 24 млрд.) 6 журналистти ким өлтүргөнү беймаалым калган. Декабрда эле Түндүк Кавказда тележурналист Казбек Геккиев үйүнө баратканда атып өлтүрүлгөн. Пакистанда соңку он жылда 23 журналист өлтүрүлсө, алардын бешөө былтыр апаат болгон.

Ушундан улам, Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун 2-майда Нью-Йорктогу басма сөз эркиндигине арналган жыйында журналисттерди коргоонун зарылдыгына токтолуп, мындай деди:

- Биз бүгүн сындаган зобун-зордуктар БУУнун Журналисттердин коопсуздугу акциясы жана жазасыз калуу маселеси боюнча планы негиздүү экенин айкындайт. Бул план жана анын жакында кабыл алынган стратегиясынын максаты өкмөттөр, адам укугу боюнча регионалдык уюмдар, бейөкмөттүк уюмдар, медиа уюмдар жана БУУ мекемелери арасындагы кызматташтыкты кеңейтүү.

Пан Ги Мун демократия жана адам укуктары үчүн маалымат каражаттарынын эркиндиги маанилүү экенине да токтолду:

- Бардык журналисттер, бардык маалымат каражаттары өз жумушун жасагандай болушу керек. Сөз сүйлөө коопсуз болсо, бүтүн дүйнөгө пайдалуу.

Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүн туштай "Чек арасыз кабарчылар" уюму маалымат эркиндигинин 39 душманынын ысмын атады. Алардын арасында маалыматты цензуралаган, журналисттерди уурдаган, түрмөгө салган жана куугунтуктаган президенттер, саясий ишмерлер, диниятчылар, куралдуу жана кылмыш топтору бар.

Бул тизмеге массалык маалымат каражаттарындагы Кытай компартиясы орноткон чектөөлөрдү өзгөртпөгөн Кытайдын жаңы президент Си Цзинпин, Египет президенти Мухаммад Мурсини жана анын партиясын сындаган маалымат каражаттары менен журналисттерди кысмакка алган “Мусулман агайындер” кыймылы, Сириядагы исламчыл “ал-Нуср майданы” бар. "Ал-нусрчылар" Асаддын режими сыяктуу эле журналисттерге катаал мамиле кылып, алардын маалымат таратуусуна тоскоолдук кылат.

Борбор Азияда сөз эркиндигин такымына басып, көзгө илбейт деп, түркмөн президенти Бердымухаммедов, ал эми Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандагы абал үчүн экономикалык жана геосаясый кызыкчылыктан улам жагдайга көзүн жумуп койгон эл аралык коомчулук да жооптуу, деп эсептейт "Чек арасыз кабарчылар" уюму.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG