Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотипдүү маанайда чагылдырып жатышат.

Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.

“Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык”.

Ал арада бүгүн Орусиядагы Russia Today телеканалы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Британияда кармалганы жөнүндө маалыматка кайрылып жатты. Алар “Риа-Новости” маалымат агенттигинин аналитиги Самир Шахбаз менен интервьюну көрсөтүштү. Ал түштүктөгү соңку тополоң үчүн Бакиевдердин үй-бүлөсүн күнөөлөдү.

“Албетте, Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү тополоңго бийликтен кулатылган президенттин үй-бүлөсү жооптуу, - деди орусиялык эксперт. - Буга өлкөнүн экономикасынын кыйраганы да шарт болуп берди. Анткени өнүккөн мамлекеттерде бул өңдүү окуялар болушун элестетүү кыйын. Бакиевдин уулу Максим сырттан келген бүт инвестицияны колуна алган эле. АКШдан, Орусиядан түшкөн миллиарддаган долларды башкарып турган жана андан өлкөнүн бюджетине эч нерсе түшкөн эмес.

Франциядагы Эларалык радионун кабарчысы бүгүнкү берүүдө кыргыз аскер күчтөрүн да айыптады. “Өзбек кварталдарында азыр кыямат кайым болгондой абал, - деди ал. – Армия болсо кыргыздарга келгенде жумшагыраак боло калат”.

Анткен менен мына ушул өңдүү кабарлардын дүйнөлүк медиада чыгып жатканын Борбор Азияда көп жылдардан бери иштеп келген даниялык журналист Майкл Андерсен айыптады. Анын айтымында, Батыштагы маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуяларды үстүртөн гана чагылдырып жатышат.

“Оштогу окуялар “этникалык тазалоо, кагылышуу” эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Бул – чыныгы бандитизм, - деди М.Андерсен “Азаттык” радиосуна. - Мен бир маанилүү нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Менин Оштогу көптөгөн өзбек тааныштарым аларды кыргыз достору үйлөрүндө жашырып, коргоп жатышканын айтышууда. Менимче, бул өзгөчө маанилүү нерсе. Өзбектер менен кыргыздар бири-бирине жардам берип, колдоп жатышат. Бул Ошто чынында “этникалык калыгышуу” болбогонун ачык далилдеп турат”.

Бүгүн дүйнөдөгү эң башкы гезиттер да Кыргызстандагы окуяларды кеңири чагылдырганга аракет кылышты.

Financial Times “Алыс көрүнгөн Кыргызстан азыр эларалык коомчулукту тынчсыздантып, оор абалга коюп койду” деп жазды. Макалада “Бир чети, улам кагылышуулар күчөп жатканы ыкчам аракеттерин болушу зарыл экенин көрсөтүүдө. Экинчи жагынан, Кыргызстанга чет өлкөлүк аскер күчтөрүн киргизүүнүн мыйзамдык жагы оор суроолорду жаратууда”.

Кыргызстандын түштүгүнө Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) тез аракеттенүүчү күчтөрүн киргизүү-киргизбөө талкууланганы да ушул макалада жазылды.

Ал талкуу жөнүндө басылмалардын көбүндө эле айтылат. Мисалы, Washington Post “Жамааттык коопсуздук келишими Кыргызстанга учактардан, аскерий техникалардан жамдам берээрин билдирди” деди. Гезит азыр кыргыз жериндеги окуя “Москваны да, Вашингтонду да саясий дилеммага салганын” билдирди. Жаңылыкка New York Times, Daily Telegraph жана башкалар да кайрылышты.

Гуманитардык оор абал жөнүндө макалалар бүгүн Орусиядагы “Коммерсант” басылмасында, Би-Би-Си корпорациясынан сайтында жазылат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG