Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Маалымат каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору кыйла талаш жаратууда. Долбоордун демилгечилери анын зарылдыгын айтышса, жарандык коомдун өкүлдөрү андан чочулап турушат.

“Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоордун айланасында талаш-тартыш уланууда. Медиа тармагындагы адистердин айтымында, бул мыйзам долбоордо талаштуу жерлер абдан көп. Алардын негизгилери, сөз эркиндигин чектеген жана анын өнүгүшүнө тоскоол болгон беренелерге байланыштуу.

Маселен, мыйзам долбоордо “маалымат агенттиктери” деген аныктама бар. Адистердин пикиринде, анда кандай интернет ресурстары “маалымат агенттиктери” катары каралары такталган эмес.

Андан тышкары долбоордогу маалымат каражаттарын каттоого алуу жөнүндөгү берене да талаштуу. Анткени ага ылайык маалымат каражаттары Адилет министрлигинен каттоодон өткөндөн кийин да кайра каттоодон өтүп туруусу керек. Бул процессти атайын түзүлгөн орган көзөмөлдөмөкчү. Адистер дал ошол көзөмөлдөөчү органдан чочулашып, ал өз кезегинде ылайыксыз маалымат каражаттарын четке сүрүп турган органга айланып кетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымында, соңку жылдары аз-маз оппозициялык маанайдагы гезиттер деле басымга кабылып келатат. Маселен, учурунда сот бийлигинин колу менен “Де-факто” гезити жок кылынса, эми “Учур” гезити да ошондой абалга кабылууда:

- Тилекке каршы биз укуктук өлкөнүн жолунда эмеспиз. Бирок биз өзүбүздү укуктук өлкө катары катары көрсөтүп келебиз. Биз бардыгыбыз укуктук өлкө кандай болорун билебиз. Анын мыйзамдын үстөмдүгү, бийликтин тең салмагы деген сыяктуу негизги принциптеринен тышкары, эң оболу жарандык коом институту болушу керек. Андай институттардын бири бул – массалык маалымат каражаттары эсептелет. Бирок бизде аны мүмкүнчүлүк болсо эле муунта башташат.

Медиа өкүл институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, соңку жылдары Кыргызстандын медиа тармагында адамды ойлондурган тенденциялар өсүп баратат. Ал эми аталган мыйзам долбоорду карап көрүп, ошол маселелердин чечилишин күтүү кыйынга турат:
Бегайым Усенова

- 2005-жылдан бери ар дайым журналисттерге чабуулдар катталып келатат. Албетте, мамлекеттик кызматтар алардын журналисттик ишмердүүлүккө тиешеси жок экенин айтып келишет. Ошентсе да “журналист” бул коомдук маанилүү кесип да. Андыктан журналисттерге кол салуу өзүн-өзү цензуралоого алып барууда. Айта кетсек, 2005-жылы журналисттерге 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы 19, 2008-жылы беш кол салуу болгон. 2009-жылдын башынан бери 8 журналист жабыр тартты. Анын ичинде Сыргак Абдылдаев катуу сабалып, башка өлкөгө баш паанек сурап кетүүгө аргасыз болду. Андан тышкары Алмаз Ташиев деген журналист таяктоодон көз жумду. 2007-жылы Алишер Саипов өлтүрүлгөн эле. Ушул эле төрт жыл аралыгында алты журналист башка өлкөгө баш калкалап качып кетишти.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабировдун айтымында, журналисттерге же маалымат каражаттарына карата козголуп жаткан кылмыш иштерден, алардын сот жообуна тартылуусунан бир гана жаман нерсе көрбөө керек. Анткени кандай болгон күндө журналисттин дагы жазып аткан макаласы боюнча жоопкерчилиги болушу керек:

- Бул жерде негизи сот органдардын жана бийликтин жоопкерчилиги гана эмес, ошол журналисттин да жоопкерчилиги каралышы керек. Ошол макаланы жазып атканда журналист далилдерге таянышы керек да. Мына акыркы маалыматтарда “Алтын” компаниясы боюнча интернетте 20 киллограмм, бир жерде 40 киллограмм, дагы башка жагында 200 киллограмм алтын тууралуу айтып атышат. Мен мындай маалыматтарды кайдан алып атышат билбейм. Бирок журналист жазып атканда ошолор тууралуу ойлонушу керек.

Жарандык коом өкүлдөрү ошондой эле бийлик өкүлдөрү маалымат тармагын ашыкча көзөмөлдөөгө ашыкпай, тескерисинче аны ишкердик катары карап, анын өсүшүнө, маалымат тармагына инвестициялардын келишине кам көрсө болмоктугун айтышкат.

Буга чейин маалымат тармагын карап келген Маданият жана маалымат министрлигинин адиси Кадырбек Абдраевдин пикиринде, учурда өлкөнүн айрым жерлерине тап-такыр маалыматтар жетпейт. Ошол эле убакта Ош, Жалал-Абад аймактарында өзбек маалымат каражаттары абдан көп болуп кеткен. Андыктан азырынча маалыматтык тармакты көзөмөлдөп, камкордук кылып, мыйзамдык жактан жөнгө салуу керек болуп турат:

- Албетте, ММК бул биринчи кезекте бизнес катары каралышы керек. Бирок биз башка бир нерсени эч качан унутпашыбыз керек. Владимир Ленин айткандай, ММК бул – уштургуч, насаатчы, үгүтчү дагы болуп саналат. ММК коомдук пикирди калыптандырат. Ал эми бүгүнкү күндө биздин айрым жерлерге гезиттер жетпейт, радио, теле жок. Толук обочолонуп калышкан. Мына ушул чоң трагедия.

Аталган мыйзам долбоор эми жаңы түзүлө турган өкмөттө каралып, андан соң Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөкчү. Бирок медиа эксперттер, кемчиликтери оңдолмоюн аны кабыл алууга ашыкпай турууга чакырышууда.
XS
SM
MD
LG