Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Медициналык калдыктын баш оорусу


Жыл сайын дүйнө эли ар кандай оорулардан дарылануу үчүн 16 миллиард инъекция сайынат.

Жыл сайын дүйнө эли ар кандай оорулардан дарылануу үчүн 16 миллиард инъекция сайынат.

Жыл сайын дүйнө эли ар кандай оорулардан дарылануу үчүн 16 миллиард инъекция сайынат. Жер жүзүндөгү саламаттыкты сактоочу ар кандай иш-чаралардан миллиондогон тонна таштанды чыгат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, медициналык калдыктын болжол менен 80 проценти кадыресе таштандыга окшош. Бирок 20 процентинде радиоктивдүү заттар, токсиндер, ал тургай инфекциялык ооруну козгоочу вирустар болот.

Медициналык таштандынын курамында ооруканада жаткан кишилерге, догдурларга коркунуч жарата турган микроорганизмдер да көп. 2000-жылдан бери таштандыда жаткан ийнеден же ийнени бир нече жолу колдонгондон улам дүйнөдө 21 миллион киши гепатиттин Б, эки миллион киши С формасын жана 260 миӊ киши ВИЧ жуктуруп алган.

Африка, Азия жана Борбордук, Түштүк Европада ийнени бир нече ирет колдонуу азыр да уланууда. Ал эми кишинин мүчөлөрү, кан, операциядан кийин бөлүнүп чыккан ар кандай суюктуктарды жок кылуу иши жолго коюлбагандыктан, чечек, кара сарык сыяктуу ооруларды жуктуруп алгандар Мексика, Марокко жана Бразилияда катталган.

Кыргызстанда абал кандай?

​Бишкек шаарында ай cайын медициналык мекемелерден 24 тоннадай ар кандай калдык чыгат. Алардын көбү талаптагыдай утилизацияланып, жок кылынбайт. Көпчүлүк ооруканада ачык жерде өрттөлүп, тиричиликтен чыккан таштандыга аралаша төгүлөт. Медициналык калдык эрежеси менен жок кылынбаган чакта, андан адамга оору жугуу коркунучу жогору. Ал эми азыркыдай ачык жерде өрттөлүп жок кылынган ыкма экологиянын булганышына алып келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда эл аралык уюмдар менен бирге бул көйгөйдү чечүү жолун издөөдө.

Шаардын таштанды салынган челектеринде акыр-чикирге аралаша жаткан дары-дармектин сырты, ийне сыяктуу медициналык калдыктарды көрүп калабыз. Кээде бала-бакыранын колдонулган ийне менен ойноп жүргөн учурларына күбө болобуз.

Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн экологиялык тармагы боюнча адиси Кумар Кылычев бүгүнкү күндө медициналык калдыктарды жок кылуу, зыянсыздандыруу маселеси саламаттыкты сактоо тармагынын чоң көйгөйлөрүнүн бири дейт:

- Медициналык калдыктар үйдөн чыккан таштанды менен аралашып эле жатат. Биз көчөдө кетип бара жатып ийне көрсөк дароо чочуйбуз, анткени ал жакта кан аралаш жаткан болот. Андай ийнени кайра бирөө колдонуп алып, жугуштуу оорулар менен ооруп калышы мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык калдыктарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Гүлмира Жумалиева медициналык жайдан чыккан таштандылар алгач зыянсыздандырылып, анан төгүлөөрүнө ишендирүүдө. Бирок кичи медициналык жайларда таштандыны талаптагыдай зыянсыздандырууга шарт жоктугун моюнга алды:

- Медициналык таштандыны төгүүдө көйгөлөр көп. Мисалы, кичинекей медициналык жайларда таштандыны төгүп, аны иштетүүгө каражат, таштала турган атайын жайлар жок, аларды тазалап туруу үчүн кызматкер каралган эмес. Алар таштандыны алып чыгып, хлорлоп, химиялык жол менен зыянсыздандырып анан өрттөп жиберишет. Өрттөө дагы туура эмес, ал экологияга зыян.

Глобалдык фонд каржылап Бириккен улуттар уюмунун программасы менен Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык таштандыларды эрежеси менен жок кылуу долбоору иштөө алдында турат. Август айында эки тараптын адистери тегерек столдо маселени чечүү жолдорун талкуулашты. Долбоор иштеп баштаса, алгач медициналык калдыкты жок кылуу боюнча окуулар өткөрүлөт.

Заманга ылайык дарылоонун ыкмалары өзгөрүп, ага жараша медициналык аспаптар дагы көбөйдү. Буга чейин айрым облустарда Кызыл Чырым уюму тарабынан медициналык таштандылар боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылган. Долбоордо иштегендердин бири - Аида Султангазиева маселени чечүү жолдорун сунуштады:

- Медициналык таштандыга шприц, ар кандай аспаптар жана ошондой эле адамдын органдары кирет. Аспаптарды таштоо үчүн төрт тарабы чоочун адамдар кирбегендей тосулган жайлар керек. Ал эми адамдын органдары үчүн өзүнчө бетон менен курчалган жай болуусу зарыл.

Медицина талабы боюнча, таштала турган медициналык аспаптар кайра колдонууга жарабагандай болуп бырчалануусу керек. Ал эми ооруканадан чыккан адамдын кан-жини таштандыга төгүлбөшү шарт. Ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды жалпы таштандыга салууга болбойт. Айталы, Британияда врач жазып бергенден кийин ашып калган дарыларды кайрадан дарыканага алып барып, атайын челекке салуу керек. Жалпы таштанды салган челекке дарысын салып жиберген атуулдар мыйзам алдында жооп берет. Себеби, догдур жазып берген ар бир дарынын бетинде бейтаптын аты-жөнү, жашаган дареги сыйрылбагыдай болуп чапталып, көзөмөл өтө дыкаттык менен жүрөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG