Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Москвада кыргызстандык мигранттарга ылайыкталган ондон ашуун медициналык борборлор иштейт. Медициналык борборлордун кээ биринде адам өмүрүнө коркунуч туудурган мыйзамсыз операциялар жасалары айтылып келет.

Кыргызстандык дарыгерлер кабыл алат, акчасы арзан делген менен мындай борборлордогу дарылоого нааразы болгондор да жок эмес.

Москвада мигранттардын шаардык ооруканаларда дарылануусу бир топ машакаттуу. Мамлекеттик ооруканаларда чет элдик жарандан медициналык камсыздандыруу полиси, жашаган жери боюнча каттоосу талап кылынса, жеке клиникалардын кызматы андан да кымбат турат.

Ал эми мигранттарга ылайыкталып ачылган медициналык борборлордо кызматтар арзан делгени менен, дарылоого жана дарыгерлердин кесиптик деңгээлине нааразылар четтен чыгат. Уулун ушундай борборлордун бирине алып барган Асел Лабаева:

- Биз бир эле жолу кыргыздардын медициналык борборуна кайрылдык. Балам Кыргызстандын жараны болгондуктан, башка айлабыз жок эле. Проспект Мирадагы (Москвадагы метро станциясы) бир ооруканага барсак, жаш догдур отуруптур. Баламды карап туруп “аллергия окшойт” дейт. "Эртең Кыргызстанга кетет, так айт" десем, “жеңи узун көйнөк, бетине маска тагып алып жолго чыксын” деп дары жазып берди. Ошого 800 рубль төлөп, унчукпай чыгып кеттим. Ичимен кыжаалат болуп тааныш бир орус догдурга чалсам, симптомдорун угуп туруп эле "кызамык" деп аныктап берди. Аллергия менен кызамыкты аныктай албаган догдур кантип анан башка оорудан айыктырат?!

Мындай чакан ооруканаларда айрым дарыгерлер киреше үчүн мыйзамсыз операцияларды жасоодон да баш тартпайт. Айрыкча кыз-келиндер арасында кош бойлуулукту токтотуу, кыздык белгини калыбына келтирүү сыяктуу талап көп болгондуктан, Орусияда тыюу салынган дарыларды Кыргызстандан алып келип, өзүнчө ишкердикке өткөндөр да арбын.

Атын жашырган 29 жаштагы келин кыргызстандык дарыгерге аборт жасатуу үчүн кайрылгандан кийин оор абалда реанимацияга түшкөнүн айтты:

- Серпуховский метросунда бир медборборго Тинатин деген врачка баргам. Сегиз айлык түйүлдүктү деле боюнан түшүрөт деп кытайча жазылган дарыларды берген. Үйгө келип ичип алып, аябай кыйналдым. Кайра барсам, капельница койгон. Үйгө кайра кайтып келип, чыдабай калып Тез жардам чакырттык. Ооруканада жатып, төрт күн дегенде араң чыктым. Тиги догдурдан дайын жок, телефонун өчүрүп салган экен.

Москвадагы “Мигранттарды колдоо” борборунун жетекчиси Чолпон Осмонова айрым ооруканалар лицензиясыз, дарыгерлер болсо сертификатсыз эле иштеп жатканын белгиледи.

- Биринчиден, айрым кыргызстандыктар медицина борборуна лицензия ала албай, үстүнөн караган бирөөлөргө акчасын берип иштеп жүрөт деп ойлойм. Экинчиден, догдурлар ар кандай - кыргыздарды аяп, жакшы дарылаганы бар, антпей акчасын жеп, чала-була дарылаганы бар. Анан мыйзамсыз иштегендиктен, миграциялык кызмат текшерсе, мекемени жаап качкандары да бар. Өткөндө бир медборбордо ИИМдин рейди болгонун угуп, оорукчан жарандарыбыз үчүн аябай ичим күйгөн. Кийин ал борбордун бардык расмий кагаздары жайында болбогону үчүн текшерүү болгонун уктум.

Орусияда медициналык кызмат көрсөткөн жеке дарыгерлердин жана ооруканалардын ишин Саламаттыкты сактоо боюнча федералдык кызмат көзөмөлдөйт. Жеке ооруканаларга же догдурларга кайрылуудан соң ден соолугу начарлаган жарандар бул федералдык кызматка арыз менен кайрылса болот.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG