Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

"Сосновкада" Текебаевдин адамдарын өткөрбөй жатканы айтылууда


УКМКнын алдындагы акциялардын бири.
УКМКнын алдындагы акциялардын бири.

УКМКнын алдында бүгүн боло турган митингге катышууга келе жаткан Жалал-Абаддын тургундарын Кара-Балта шаарына жакын "Сосновка" бекетинде күч кызматкерлери өткөрбөй жатат. Бул тууралуу кармалып тургандарын бири, активист Таирбек Максатбек уулу “Азаттыкка” билдирди. Ал Жалал-Абад шаарынан жана Базар-Коргон районунан эки буска кыркка чукул адам Бишкекти көздөй 25-февралда чыкканын айтып, эртең мененки саат алтыдан бери милиция аларды "Сосновка" бекетинде кармап турганын кошумчалады.

- Бул жерде ар бир өткөн автоунааны кылдат текшерүүгө алып жатышат. Биздин балдарды милиция кармап алып сурак алып жатат. Ар кандай шылтоо айтып, Бишкекке чыгарбай кармап турушат. Жакын арада бизди коё бере турган түрү жок, - деди активист.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов учурда Баткен облусунда жүргөнүн билдирсе, министрликтин маалымат кызматы окуя боюнча маалыматы жок экенин айтышты.

Бүгүн УКМКнын имаратынын алдында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу, оппозицияга куугунтукту токтотуу талабы менен митинг өтөт. Мындан башка “Ата Мекен” партиясы кезексиз жыйынга чогуларын “Азаттыкка” маалымдаган.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан учак менен келгенде кармалган. Бир күн мурун Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG