Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

"Сатаңкороз" Медведевдин тасмасы талкууга түштү


Орусия -- Премьер-министр Медведев өзү айдап келген BMW X5 SUV алдына туруп алып, жол коопсуздугу боюнча сүйлөп жатат. 22-ноябрь, 2012.
Орусия -- Премьер-министр Медведев өзү айдап келген BMW X5 SUV алдына туруп алып, жол коопсуздугу боюнча сүйлөп жатат. 22-ноябрь, 2012.

Видеотасма сөз болуп жаткан көрүнүштү алаканга жайгандай көрсөтүп, окуяга көрүп жаткан адамды да аралаштырып коёт.

Бирок анын мүмкүнчүлүгүн эби жок колдонуу же маселеге тиешелүү сюжетти натуура пайдалануу саясатчыларга сөз тийгизген учурлар сейрек кездешчү көрүнүш эмес. Ушундай опсуз окуяга өлкөдөгү жол коопсуздугуна арналган видеоблогу менен Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев кабылды.

24-ноябрда жарыяланган видеоблокто туюк топчулуу булгаары курткачан Дмитрий Медведев кымбат баалуу кара түстүү BMW X5 SUV машинесин айдап келип, ээн жолдун четине кыйгачынан токтотот. Андан соң адеми машиненин алдына туруп, каргылданган добуш менен жол коопсуздугу өтө коркунучтуу абалга жеткенин айтып, катаал чара киргизүү жөнүндө сунушун ортого салат:

- Адамдын үшүн алчу жол кырсыктары, ошондой эле аялдамада турган адамдарды тепсеп кетүү, балдардын өлүмү тууралуу сюжет-кабарлар дээрлик жума сайын, атүгүл жумасына бир нече жолу көрсөтүлөт. Тротуарларда жүрүү да коркунучтуу болуп калды. Шаар бийликтери болсо адамдарды алардын мыйзамдуу территориясында коргоонун атайын чараларын ойлонуштурууда.

Өлкө үчүн өтө маанилүү маселе боюнча сунуш кеңири талкууга алынбай жатып, премьер-министрдин жолунан чыккан адамды жөөлөп же уруп жиберчү “сатаң короздордой” кийингени, “көчө биздики” деген күркүлдөр сыяктуу машине минип келгени коомчулуктун кычыгына тийди.

Москвалык саясий серепчи Евгений Минченко “Дождь” телеканалынан сүйлөп, Медведевдин видеокайрылуусун өкмөт башчынын бейнесине “көө сүйкөчү опсуздук” деп атады:

- Менин оюмча, бул тасмада “Бумер” фильминдеги музыка гана жетишпейт. Тасманын башында кара булгаары куртка кийген Медведев ашынган ууру-каракчылар минчү машинени айдап келген жерге “Бумер” фильминдеги музыка коштоп турса, анын имиджине куп жарашып калмак. Ушу музыка жетпей калган. Муну анын имиджи үчүн катастрофа деп эсептейм.

Береги фильмде Медведевге окшош кийинген төрт ашына жигит кокусунан милиционерди өлтүрүп коюп, уурдалган кара түстөгү BMWда тартип коргоо кызматкерлеринин куугунтугунан качышат.

Ютюбчулар (YouTube) Медведевдин видео тасмасын курч драмалуу “Бумер” көркөм фильминдеги музыканы коштотуп, ал BMWны айдап баратып жолдон чыгып кеткен, бийлеп жаткан жана башка сюжеттерди кошуп жарыялашты.

YouTube сайтындагы тасма




“Московский комсомолец” гезитинин комментатору Медведев БМВнын эң жаңы маркасын “рекламалап жаткан агентке” окшоп калганын белгиледи.

Видеосюжеттин мазмуну да кызуу сөздүн бутасына айланды. Миллиардер-саясатчы Михаил Прохоров оболу өкмөт “эт менен челдин” ортосундагы жолдорду оңдошу керек экенине токтолуп, “мурдагы президент өлкөдө орточо эмгек акы канча экенин билбейт кейпи” деген пикирин айтты. Орусияда орточо эмгек акы ушу тапта 28 миң рубль чамасында болот.

Премьер-министр Дмитрий Медведев кызыл светофорго көңүл бурбаган мас айдоочуларга 500 миң рубль же 16 миң доллар айып салууну, а эгер мас кейпинде кимдир бирөөнү тепсеп кетсе, 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган.

Азыр мас айдоочу биринчи ирет колго түшсө, бир жылдан бир жарым жылга чейин машине айдоо укугунан ажыратылат. Эгер экинчи жолу мас абалында кармалса, үч жылга айдоочулук лицензциясын жоготот жана 5 миң рубль (161 доллар) айып төлөйт.

Орусиялык автомобилисттердин кызыкчылыгын коргогон "Көк челекчендер" коомунун активисти Петр Шкуматов эгер кандагы алкоголго чектөө киргизилсе, андан полиция кызматкерлери жыргайт экен дейт:

- Медведев үлгүсүндөгү айып салынса, орточо паранын өлчөмү бир нече эсе көбөйөт. Адамдар тамашалап айткандай, “эки жолу пара алып, Монте-Карлого кетти” деген ошондо болот.

Өткөн айда Жалпы орусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоо жарандардын 63 проценти жолдо жүрүү эрежесин катуулатууну колдошконун көрсөткөн.

Быйыл он айда Орусияда 23 миңдей адам жол кырсыгында курман болду. Былтыр өлкө боюнча жыл кырсыктары 28 миң адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG