Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Аталаш карындашын зордуктап жүргөн киши 22 жылга соттолду


Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 1985-жылы туулган Д. Эрлан аттуу киши 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Тергөөдө аныкталгандай, соттолгон адам Бакай-Ата районунда 16 жашка толо элек аталаш тууганын күч колдонуп зордуктап жүргөн. Зордукталган эселек ал жылы 7-класста окучу.

21-февралда Талас облустук соту Д. Эрланды кылмыш жаза кодексинин 129-берене (зордуктоо), 131-берене (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, соттолуучу жазаны күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өткөрөт.

Соттолгон Д. Эрландын үч кызы бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG