Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Митингчилер КТРКдан түз эфир талап кылышты


Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылып, Ак үй алдында митинг өткөрүп жаткандар КТРК абалды түз эфирде көрсөтүүсүн талап кылышты. Алар коомдук канал бир жактуу маалымат берип, митингге чыккандардын талаптарын көрсөтпөй жатканына нааразы болуп жатышат.

КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков канал аларга атайын түз эфир бербестигин, бирок коомдук-саясий абал эки тараптуу пикирлер менен жаңылыктарда чагылдырылып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Карыпбековдун айтымында, мурда түзүлгөн программалар жадыбалын өзгөртүүгө болбойт.

Нааразылыкка чыккандар оппозициялык “Сентябрь” телеканалынын көрсөтүүлөрү региондорго толук чыкпай жатканын да белгилешти.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип, 26-февралда кармалган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат. Депутаттын колдоочулары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда да нааразылыкка чогулушкан.

Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы чогулгандардын саны байкоочулардын эсебинде миң чамалуу. (SE)

XS
SM
MD
LG