Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Белгилүү жазуучу, драматург Талип Ибраимов узакка созулган оорудан кийин 2016-жылы 24-майдын түнү 75 жашында дүйнө салды.

Талип байкени 90-жылдардын ортосунда Res Publica гезитинде иштеп жүргөндө жакындан билип калдым. Оюндагысын тартынбай түз айткан, өз улутуна өтө сынчыл мамиле жасаган чынчыл адам эле. Кыргызга гана мүнөздүү кемчилик-мүчүлүштөрүн, улуттук турмушубузга оролошуп алган "чылыктарды" жининдей жек көрүп, аны ачык айтып, жашырып-жаппай сын элегине алышы жагынан Талип ага Салижан Жигитов менен бир катарда турчу көркөм интеллигенттердин сыймыгы эле.

Талип байке да Салижан акенин айткан-дегендерин жактырып, өз улутуңду сүйүү анын кемчиликтерин тайманбай айтуу деп түшүнчү. Мындай позиция айрымдарга гана жакпаса, бийликке ыктагандар менен жарма патриоттордун жинин келтиргенден башкага жарачу эмес.

Кийинки кездери кыргыз деп төш кагып, улутуңдун кемчилигин айтып койгонду душман көргөндөр көбөйбөдүбү. Ошондон айрымдар сүрмө топтун ачуусуна тийип алыштан чочулап, өзү көрүп-билип, сезип турган акыйкатын деле ачык айтуудан тартынып калышты. Жок жерден жаманатты болуштан көбү чочулайт окшобойбу. Бул жагынан Талип байке эч тартынчыктабай, айтчусун жымсалдабай түз айтып, анысын көпчүлүк чогулган жерде деле жашырчу эмес.

Жазуучуну жакындан билген кесиптеши Олжобай Шакир:

- Анын адабияттагы өрнөктүү чыгармаларын 2006-жылдан тарта окуп калдык. “Старик и ангел” – “Чал менен периште” деген чыгармасы орустун чоң сыйлыгын алып келди. Орус адабиятында андай сыйга татыктуу болуу ар бир эле орус тилдүү жазуучулардын маңдайына жазылбаса керек. Ошондо тилине, күтүүсүз табылгаларына аябай таң калышкан. Кийинки жылдары ал жалаң чыгармачылык менен узанып келаткан. Мына акыркы жазган чыгармаларынан “Арман”, “Шерине” дегендерин окуп калдым. Орус тилинде жазганы менен, бизге өрнөк болор мектеп жолун калтырып кетти десек болот.

Негизи эле кино чыгармачылыгына аралашкан адамдар өз оюн так, ынанымдуу айтуу жагынан көркөм интеллигенциянын башка өкүлдөрүнөн өзгөчөлөнүп турат. Талип байке киносценаристтик өнөрүн кара сөз, публицистикага айкалыштырып, кийин болсо окутуучулук ишке өтүп, таланттуу жаштарга билим берди. Кино өнөрүнүн татаал сырларын жаңы муунга үйрөтүүгө биртоп жылын арнады. Бир өкүнткөн жагдай, мына ушул улуттун маанилүү өнөрүнүн бир бучкагын чойгон сүрөткерлердин көбү кыргызча дурус дегидей сүйлөгөнү менен, өз тилинде чачыратып жакшы жаза албайт. Талип байке да кыргызча оозеки келиштире сүйлөчү, бирок текстке келгенде өзүнө сырдакана тилге ооп туруп алчу. Анын орус тилиндеги “Чал менен периште”, “Кечирим”, “Күкүктүн уясы” сындуу чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, авторунун атын чыгарган. Ошонусу менен жүрө берсе деле белгилүү жазуучу, мыкты киносценарист катары аты калмак. Бирок да коомдук турмуштагы олуттуу өзгөрүүлөр Талип байкени саясий публицистикага алып келди.

Кыргыз коомдук аң-сезиминин алды дүйнөлүк адабий жетишкендикке ээ болуп, арты көчмөн-патриархалдык дүйнө таанымдан өйдө көтөрүлө албаганын, узун көчтү баштай турган улуттук интеллигенция тарыхый жооптуу учурларда жогорто отургандардын көзүн карап кайпактап, аң- сезими алигиче патриархалдыктын торунан чыга албай калгандарга көбүрөөк ыктап калганын Талип байке жактырчу эмес. Андайда Салижан Жигитовдун ташка тамга баскандай таамай сыпаттап салган айтылуу туюнтмасын эстеп, чын эле кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде экенин айтып, кыргыздардын өткөнүн өзгөчө өнтөлөгөнүн жактырбай, анысын берген маектеринде, жазган макалаларында кайталоодон тажачу эмес.

Жазуучуну жакындан билген сүрөткер Олжобай Шакирдин ырасташынча, Талип байке чындык сөзүн айтып жүрүп бу жалгандан өтүп кетти:

- Талип байкедей абийирдүү азчылыкты түзгөн кишилер аз, саналуу болчу. Мына Салижан аке өтүп кеткенден кийин ушул киши чындыктын тили менен сүйлөп кыргыздын кыжырына тийчү сөздөрдү айтып жүрчү. Мындай кишилерди жеберине жеткире тилдечү жармач патриоттор бизде бар. Мындай кишилердин ой-пикири коомдун калыптануусуна түркүктөй эле керек.

Талип байке да көркөм чыгармачылыктын азгырмалуу дүйнөсүнөн чыгып, чынчыл сүрөткер катары айланасында болуп жаткан окуяларга пикирин билдирип, улутташтарын алдыга сүрөп турчу. Айтса, Талип Ибраимовду Салижан Жигитов менен жакындаштырган дагы бир сапаты текстке өзгөчө кылдат мамилеси эле. Ошон үчүн ал кишинин каламынан чыккан чыгармалары менен публицистикалык макалалары кызыгуу менен окулчу. Анын үстүнө табиятынан көркөм сөзгө жөндөм-шыктуу жаралган жан экен, анысын кажыбаган мээнет, эрикпеген эмгекчилдигине айкалыштырып кыргыз адабияты менен публицистикасында Талип Ибраимов кайталангыс феноменин жаратып кетпедиби.

Жазгандары жарма патриоттордун ур-тепкисинде каларын көрүп-билип туруп акыйкат сөзүн тартынбай айтып, башкаларчылап кайдыгер карап турбаган Талип Ибраимов кыргыз тили, тарыхы, элинин бүгүнкүсү менен эртеңкисине өзгөчө камкор сүрөткер болчу. Бир боор калкын сүйгөн сезимтал жан катары анын ийгилигине караганда мүчүлүштүгүн көбүрөөк айтып, акыйкат сөзү аркылуу аны алдыга сүрөгөндөрдүн башында жүрдү. Жазуучу жана публицисттин коомдук милдетин Талип ага ушундай түшүнчү.

Улуттун дагы бир чынчыл уулу бул жарыкчылыкты таштап түбөлүккө сапар алды. Анын элине кылган ак кызматы сөздөрүндө калды. Алары көркөм тасма катары экранда, жазуучу катары китептеринде, публистчи катары макалаларында калды. Талип Ибраимовду билгендерди жубатар чоң эстелиги ушул.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG