Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Республикалык психо-неврологиялык оорукананын дарыгери менен маек.

Ар бир төртүнчү киши өз жашоосунда психикалык же неврологиялык дарттан жабыр тартат. Дүйнөдө 450 миллион киши азыр депрессия, стресс жана ар кыл неврологиялык көйгөйлөр менен алпурушууда. Психикалык оорулардын саны дүйнөдөгү башка дарттардын ичинен алдыңкы орунда турат. Жакында эле эл аралык окумуштуулардын тобу психикасы жабыркагандар жакшы дарыланбагандан улам дүйнө саламаттыгы эбегейсиз чоң зыянга учурап жатканын жарыя кылышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму психикалык оорулуулар коомдун бөлүп-жаруусу, кайдыгерлиги жана жек көрүүсүнө кабылуудан абалы начарлап жатканын эскертет. Кыргызстанда да психикалык оорулуулар өз дартынын белгилерин туура түшүнүп, убагында туура адиске кайрылбагандан улам барган сайын көбөйүп баратат.

34 жылдан ашуун Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Республикалык психоневрологиялык ооруканада психиатр-врач болуп иштеген Бурулсун айым “Азаттыкка” маек курду. Бурулсун айым өзүнүн аты-жөнүн коомчулукка ачык айтууну каалаган жок.

“Азаттык”: Психиатр болуп иштегениңизге канча жыл болду?

Бурулсун: 1981-жылдан бери иштеп келатам. Ошондо 34 жылдан ашып калыптыр.

“Азаттык”: Бул ишти аркалоо түйшүктүү болсо керек? Сиз үчүн оор болгон жокпу?

Бурулсун: Башында минтип иштейм деп ойлогон эмесмин. Үй-бүлөлүк абалдан улам эле психиатр болуп калдым. Өзүм терапевт-врач элем. Бирок кесиптик жактан канааттануу ала албай көп жыл психиатрлыкка окуп, өзүмдү даярдадым. Бирок азыр өкүнбөйм.

Кесибимди аябай жакшы көрөм. Себеби биз билген нерсенин көбүн терапевттер билбейт. Биздин оорулуулар көбүнчө терапия, неврологияда жүрө беришет. Мисалы, депрессияга чалдыккандар, уйкусу качып, көңүлү чөгүп же кан басымы жогоруласа деле терапия, неврологиялык жактан ооруга чалдыккан экенмин деп бизге кайрылбай жүрө беришет.

Терапевттер кан басымды түшүрүүчү дарыларды бергени менен жакшы жардам бербейт да. Такыр айлалары кетип, болбой калганда анан бизге келишет. Биз депрессия же невроз экенин аныктап, дарыларды бергенден кийин анан киши өзүнө келе баштайт.

“Азаттык”: Сиз көп жылдан бери иштейт экенсиз. Акыркы жылдары оорулуулардын саны кандай болуп жатат?

Бурулсун: Оорулуулар аябай көбөйдү. Буга оор экономикалык абал, жумушсуздук, ичимдик, миграция да себеп болууда. Мектеп жашындагы эле балдар аракка ооп, насвай да чегип жатышат. Анан азыр машинелер көбөйдү. Аны менен кошо жол кырсыгы да арбыды. Жол кырсыгынан баш мээси чайкалып, бирок адиске кайрылбай жүргөндөр көп.

Кыргыздар аман калса болду деп коюшат. Бирок катуу жаракат алган кишинин башы ооруп, депрессияга чалдыгып, кыйнала берет. Учурунда адиске кайрылбаса көзүнө галлюцинациялар көрүнүп, кулагына үн угула баштайт. Травма алган адамдар аябай ачуулуу болушат.

“Азаттык”: Акыркы мезгилде бүбү-бакшы, жин чыгарам деген молдолор көп болуп жатпайбы. Ушундай элдик ыкмадан жабыркап калып келгендер болобу?

Бурулсун: Бар, андайлар көп. Эл психиатрга барып дарылангандан көрө молдо же бүбү-бакшыга көбүрөөк ишенип, акчасын аябайт. Адамдын психикасы бузулганын уктабай калганынан, ачуулуу болуп, көзүнө бир нерселер көрүнүп жатканынан байкаса болот. Биздин эл кыргызчылык деп эле молдолорго дем салдырабыз деп алып барышат. Психиатрга алып келгенден намыстанышат. Бирок алар айыктыра алышпайт деп ойлойм. Акыл-эс саламаттыгы бузулса, биз дары-дармек, туура медициналык көзөмөл менен гана жөндөсөк болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG