Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Кадамжай районундагы Чаувай поселогундагы сымап кени кайра иштетиле баштаганына үчүнчү жылга аяк таштоодо. Бул эзелки Фергана өрөөнүнүн тарыхында белгилүү байыркы кендин үчүнчү ирет кайра туулушу.

Совет заманында күнү-түнү тынбай иштеген сымап шахталары жана руда эритчү завод 1990-жылдардын ортосунда жабылган эле. Кендеги түрдүү имараттар, завод жана гараж шахтанын ичиндеги вагон жолдор, суу түтүктөрү талкаланып тонолгон. Алардын темир-тезектерин шылуундар сатып марыган.

Бул байыркы сымап кенинин үчүнчү туулушу десе болот. Байыркы кен 2013-жылдын жайынан бери кайра жанданууда. Анын Ак-Терек участкасы былтыр жайдан бери иштөөдө.

“Азыр мурда чала иштетилген жайларда калган рудаларды иштетүүдөбүз, -деп баштады кепти кендин башкы геологу Абдипаиз Аманов. – Ак-Терек участкасында 1194 тонна руда бар деп эсептелсе, биз анын 400 тонна кору бар бир блогун өздөштүрүүгө алганбыз. Кен тегиз жатпайт. Кыртышты каза баштасаңыз руда бүтөт, кээде бар, кээде жок. Ошого СССР заманында иштетилген шахталарды да кайра иштетип жатабыз".

Кытайлык инженер Чын Жы Юнг (солдо) жана "Чаувай кен" ишканасынын башкы инженери Акылбек Эрмаматов (оңдо)

Кытайлык инженер Чын Жы Юнг (солдо) жана "Чаувай кен" ишканасынын башкы инженери Акылбек Эрмаматов (оңдо)

Кытайлык инвесторлорду же кенди иштетүүгө акча салчу ишкерлерди Чаувайда өсүп жетилген жигиттер Акылбек Эрмаматов, Болот Нишанов жана Олжобай Ботобаев табышкан. Алар кытайлык инвесторлор менен жарнакташып түзгөн “Чаувай кен” ишканасы поселокто жашаган 2, 5 миңден ашуун элге жумуш берчү бирден бир өндүрүш.

Эл эмнеге кенге каршы болбоду?

Кыргызстанда көптөгөн кендер жергиликтүү элдер каршы болгондон улам иштебей турган, түрдүү тоскоолдуктарга учураган фактылар арбын. Чаувайда ушундай проблема болдубу? Мындай суроого ишкананын башкы маркшейдери Аслан Артыкбаев эл менен масилеттешип чечилген иште чыр-чатак болбойт деп жооп берди:

- Жыйналышка улуу-кичүү болуп, көп эл чогулду. Райондон жана облустан өкүлдөр келди. Акылбек Эрмаматов кенди иштетүүнүн программасы менен чогулгандарды тааныштыргандан кийин, андан адамдар: “Кен ачылса, канча киши иштейт? Кимдер иштейт?” деп сурашты. Ал 80 киши иштерин, алардын баары чаувайчылар болорун, бирок инвесторлор кытайлар болгон соң, ал тараптан 20% адам алынат деди. Суроону жалаң аксакалдар беришти. 30-40 жыл кенде иштеген аксакалдар ишкананы ачууга макулдугун беришти. Көп жерде эл менен макулдашпай коюп чатак чыгып жатпайбы.

Башкы маркшейдер бирок эл ичинде балам жумушка түшсүн, бирок жеңил ишке алынсын дегендер арбын экенин, ошол эле учурда шопурлук сыяктуу жеңил жумушка албады деп, нараазы болгондор бар

Кытайлык жумушчулар

Кытайлык жумушчулар

экенин белгилей кетти. Аслан Артыкбаев мурда Кызыл-Кыядагы ишканалардын биринде, андан мурда Айдаркен кенинде башкы маркшейдер болуп эмгектенген.

Биргелешкен ишкананын техникалык инженери Чын Жы Юнг да жумушка негизинен чаувайчылар тартылгандыктан, өндүрүшкө эч ким жолтоо кылбады дейт. Чын Жы Юнг сыяктуу кытайлык инженердик техникалык кызматкерлерди тилмеч катары текестик кыргыз жигит Бексултан Каратай тейлейт.

Мини-завод же флютациялык цехтин мааниси

“Чаувай кен” ишканасынын абдан маанилүү өндүрүшү - руданы байытчу флютациялык цех. Бул жерде сымап рудасы даярдалат. Цехти Бишкектеги металлургиялык институтту бүткөн Нургазы Усманов жетектейт.

-1 тонна рудага 2, 5 метр куб суу кошобуз. Ошондо зыяндуу концентрат азайып, күчү кайтат. Биз Айдаркен сымап комбинатында колдонулгандай технологияны пайдаланабыз. Ошон үчүн өндүрүштө колдонулган суу эки-үч жолу тазалоодон өтүп тунуйт. Аны менен тамарка жерлерди сугарса боло берет. Биз ушул жердин кулунубуз. Ошого өзүбүзгө зыяндуу нерсени жасабайбыз.

Флютациялык цехтин башчысы Нургазы Усманов

Флютациялык цехтин башчысы Нургазы Усманов

Чаувай кенинде өндүрүлгөн сымап ошентип товар түрүндө эмес, байытылып, флютоконцентрат түрүндө сатылат. Анткени, башкы геологдун сөзүнчө, 1 тонна рудада сымап 0,15- 0,20% болгондуктан, аны фабрикада 10-15% чейин байытышат.


Кытайлык инженерлердин айтымында, Чаувай ишканасында Кытайдын кендеринде жана сымап заводдорунда пайдаланылгандай эле техникалар колдонулат.

Чаувайды Орусиядан артык көргөн азаматтар

Кен адеп ишке киргенде 70 адам эмгектенсе, азыр 100 киши иштейт. Былтырттан бери гана салыкка жана Социалдык фондго 2 миллион сомдон көп акча чегерилген. Ишкана Чаувайдагы эки мектепке колдон келген жардамын аябайт. Бөрүбай Кулбаев атындагы орто мектепке спорттук шаймандарды, анын ичинде 68 кв метр мат сатып берген. Кыштактын жолун да такай оңдоп, жергиликтүү өкмөттүн суранычтарын аткарып турат.

Ишкананын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Улукбек Ажимуратовдун айтышынча, азыр Орусияда эмгектенип чаувайчылар арасында жумуш болсо эле кайтып келебиз дегендер бар.

Москвадан кайтып келген Адыл Султанов

Москвадан кайтып келген Адыл Султанов

- Жумуш эми башталганда 10 адам, анан 15 адам иштеди. Иш күчөгөндөн кийин Орусияда жүргөндөр кайтып келе башташты. Алар телефон чалып: “Иш барбы? Болсо кезекке коюп коюңуз”, - деп сурашчу. Дагы келебиз дегендери бар. Жумушчулардын орточо эмгек акысы 15-25 миң сомду түзөт.

Флютациялык цехтен чыгып, гадыма жол менен эгиздеги Ак-Терек кенин көздөй баратып, бир топ кытайлык жумушчуларды кездештирдик. Алар уулуу таштандылар жыйналып, сакталчу дагы бир резервуарды куруп жатышыптыр.​

Таштанды суу жыйылып тазаланчу резервуарлардын бири

Таштанды суу жыйылып тазаланчу резервуарлардын бири

Биз үчүн негизги кыйынчылык кыргыз тилин билбегенибизден улам жергиликтүү эл менен сүйлөшө албаганыбыз. Кытайдын салттуу азык-түлүктөрү жок, андыктан өзүбүз көнгөн тамактын даамын бул жакта сезбейбиз”, -деди участканын башчысы Ван Жунг. Ал кесиби боюнча тоо-кен инженери.

Былтыр Кыргызстанга келгенге чейин 20 жыл Кытайдын сурьма жана көмүр кендеринде инженер болуп иштеген. Фирмасы канча убакыт иште десе, ошончо мезгил Кыргызстанда иштейм деген үмүтү бар Ван мырзада.

2100 метрде кызыл сымап издеп

Ак-Терек шахтасынын №48 участогу деңиз деңгээлинен 2100 метр бийикте жайгашкан. Ага жумушчулар беш-алтыдан болуп, жүк тартуучу кытайлык мотоцикл менен жетишет. Шахтанын ичине тереңдеген сайын аба салкын. Аяк астыбызда шагыл таш жатат. Бир микроавтобус кенен батчу штольнянын үстү жагынан кээ бир жерлерде суу тамчылайт жана электролампочкалар жарык берип турат. Сымап рудасы – киновар казып алуунун өзгөчөлүгү, жумуш шарты жөнүндө участканын башчысы Жусупжан Садыков айтып бара жатты.

- Рудаларды комбайндар менен кичинекей мотоциклдерге жүктөп, ылдый цехке ташыйбыз. Шахтанын ичинде кычкылтек жетиштүү болуп, жумушчулар кыйналбас үчүн вентиляция менен кошумча аба берип турабыз. Шахтанын ичинде жайкысын салкын, кышында жылуу болот. Эгер кышында шахтада жумушчулар иштеген жерде суук болсо, конфекторлор жагып, 18 градустан төмөн кылбай жылуулук берилет.

Жумушчулардын көбүнүн аталары да совет мезгилинде Чаувай кенинде иштешкен. Штольнянын үстү жагындагы кемерден жылт-жулт эткен чырактын жарыгы жана кыртышты бузуп жаткан бургулоочу машиненин үнү угулат.

Сымаптуу аска таш. Ак-Терек шахтасы

Сымаптуу аска таш. Ак-Терек шахтасы

​Биз куюлган шагылды өрмөлөй жана улам бутубуз менен аяк астыбыздагы куюлган таштарды таптап отуруп, өткөөлчүлөрдүн жанына чыгып бардык. Өткөөлчү Жуманазар Ташбаев өз жолдоштору менен аска таштарды уратып, ылдый көздөй кулатып атышыптыр. Ал бир нөөмөттө 10-15 куб метр руда казат.


Кенге электр кубатын Чаувайдын ортолук бөлүгүндөгү подстанциядан тартышкан. 7,5 км линия эски нугу боюнча кыштакты аралап тартылса, көптөгөн адамдардын менчик тамаркасы аркылуу өтүп, ар бир үй-бүлөдөн уруксат алыш керек болмок. Андай машакаттан качышып, башкы энергетик Мелибай Абдувалиевдин сунушу боюнча, электр линиясы күнгөй бет аркылуу тартылган. Жыгач мамылар узак кызмат кылыш үчүн темир кызактарга мингизилген жаңы линия мурдакыдан 200 метр кыска болгон.

Кен эми ачылганда кесипкөй жумушчулар жетишсиз болгондуктан, чаувайлык 68 адам фирма тарабынан атайын окутулган. Болочокто ишкана поселоктун жолун оңдоого катар элди таза суу менен камсыздоону пландоодо.

1990-жылдардын башынан бери иштебей турган Чаувай кени өз тарыхында үчүнчү жолу кайра туулуп отурат. Азыр ишканада 100 адам эмгектенсе, өндүрүш долбоорлонгон кубатына жеткенде 250-300 адамды жумуш менен камсыздайт деп боолгонууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG