Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Дональд Туск мигранттар үчүн балкан маршрутун жабууга чакырды


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн балкан маршрутун толугу менен жабуу демилгесин көтөрдү. Венадагы эл аралык миграция маселелери боюнча жыйында Туск “Европа биримдиги тышкы чек араны толук көзөмөлгө алышы керек” - деди. Ошол эле учурда Түркия менен кызматташтыкты азыркы нукта уланта берүү зарылдыгын кошумчалады.

Венада өтүп жаткан саммитке Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү жана балкан өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттер дагы катышууда.

Быйыл февралда өткөн саммитте да мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн Грециядан Германия жана Австрияга карай агылган мигранттардын жолун жабуу демилгеси көтөрүлгөн болчу. (SDz)

XS
SM
MD
LG