Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Путин жана Нитаняху "cаясый карталарын" ачты


Президент В. Путин жана премьер-министр Б. Нитаняху пресс-конференцияда. Иерусалим. 25-июнь 2012

Президент В. Путин жана премьер-министр Б. Нитаняху пресс-конференцияда. Иерусалим. 25-июнь 2012

Орусия президенти 24-июнда Израилге барды. Визит Орусия - Батыш арасында Сириядагы булоон жана Ирандын ядролук программасы боюнча карама-каршылык курчуп турган кезге туш келүүдө.

Бул Путиндин 2005-жылдан бери биринчи жолу Израилге барышы. Орусия президенти Израилден соң Палестин автономиясына, андан ары Иорданияга барат. Путиндин сапары баарынан мурда Орусия үчүн Жакынкы Чыгыштын маанилүүлүгүн шарданалоо экендигин президенттин тышкы саясат боюнча улук масилээтчиси Юрий Ушаков билдирген. Серепчилер 2 күндүк сапар Орусиянын региондогу бошошуп калган таасирин бекемдөөнү көздөөрүн айтышат.

Визит Сириядагы согушка жана Ирандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу Москва менен Батыш арасындагы карама-каршылык курчуп турган мезгилде өтүүдө.

Президент В. Путин Холокаустун курмандыктарына арналып тургузулган Иерусалимдеги мемориалдык комплексте. 28-апрель 2005

Президент В. Путин Холокаустун курмандыктарына арналып тургузулган Иерусалимдеги мемориалдык комплексте. 28-апрель 2005

Бул эки маселе президент Путин менен Израил премьер-министри Бинямин Нетаняхунун кездешүүсүндө талкууланганы расмий маалымдалды.

Путин жолугушууну куйрук улай өткөрүлгөн пресс-конференцияда Сириядагы кырдаалга ишарат жасап, Башар Асаддын бийлиги тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү жок алмашуусу зарыл экенине токтолду:

- “Араб жазы” башталгандан тарта эле Орусия өз өнөктөштөрүн демократиялык өзгөрүүлөр цивилизациялуу жана тышкы интервенциясыз өтүүсүнүн зарылдыгын ырааттуу түрдө түшүндүрүп келет.

Орусия жана Кытай эки ирет Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сирияга каршы санкцияны катаалдантуу жөнүндөгү Батыш мамлекеттеринин сунушун алга жылдырбай койгон. Санкция президент Асаддын анти-өкмөттүк козголушту айоосуз басканына жооп ирети киргизилмек. БУУнун эсебинче, 2011-жылдын мартынан берки куралдуу калабаларда 15 миң адамдын каны төгүлгөн.

Премьер-министр Нитаняху эки тарап Ирандын ядролук программасы Израилге жана дүйнөгө коркунуч жаратканын маалымдап, Израилдин Иранга болгон талабын кайталады:

- Эл аралык коомчулук Иранга ачыктан ачык үч талап койот: Иранда уранды байытууну токтотууну, буга чейин байытылган бардык уранды Ирандан чыгарып кетүүнү жана Кумдун жанындагы жер астындагы ядролук жабдууларын бырча-бырчалоону (демонтаждоону) талап кылат. Бул эки иш санкцияларды күчөтүү жана талаптарды колдоо азыр жасалыш керек деп ишенем.

Владимир Путин маалымат жыйынында палестиндер менен израилдиктери ич ара чатакты жөндөө боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга да үндөдү. Орусия Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүсүнө арачылык кылган Төртилтиктин мүчөсү. Топко АКШ, БУУ, Евробиримдик да кирет.

Иран маселеси Орусия жана Израил үчүн абдан маанилүү. Израил жана анын Батыш союздаштары Иран уранды атомдук бомба жасоо үчүн да байытууда деп шектенишет. Тегеран аны куру доомат деп четке кагууда. Коопсуздук Кеңеши төрт мертебе Иранга санкция жарыяламак болгондо, Орусия жана Кытай ага каршы чыгып, өткөрбөй койгон. Ал эми ай башында Иран менен курамында Орусия бар Р5+1 тобунун Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүсү натыйжасыз бүткөн.
XS
SM
MD
LG